ЭЛ МАССАСЫ ЖАНА ИНСАН

ЭЛ МАССАСЫ ЖАНА ИНСАН, алардын тарыхтагы ролу социалдык философиянын маанилүү проблемасы. Марксистик философияга чейин ж-а азыркы замандагы коомдун ойлому Э.м. ж-а и. ж-дөгү маселе идеалисттик позициядан чечилип келген. Алардагы негизги идея — тарыхтын башкы кыймылдаткыч күчү төмөнкүлөрдүн бирөөсүнө дегенге токтойт: абсолюттук «Мен» (М. Штенер), «улуу инсан» (Т. Карлейль), «адамдан башка кудурет» (сверхчеловек) (Ф. Нище), «чыгармачыл элита» (В. Парето, Г. Моска), «технократтык же башкаруучу элита» (Дж. Бөрнхем, Г. Лассуэлл), «күрүнүктүү инсандар» (лидерчиликтин азыркы теориясы). Бул проблема боюнча маанилүү ойлор Гегелдин иштеринде француздук реставрациялоочу учурдун тарыхчылары О. Тьерри, Ф. Гизо, Ф. Минье тарабынан айтылган. Э. м. ж-а и-дын ролу ж-дө маселени чыныгы илимий чечүү тарыхты материалисттик түшүнүү позициясынан берилген. Материалдык өндүрүш сферасын адамдардын калган турмуш ишмердигинин формаларын аныктоочу деп эсептөө эмгекчил таптарды же калктын көпчүлүгүн коомдун башкы өндүргүч күчү деп мүнөздөөсүнө алып келген. Эл — социалдык революциянын активдүү күчү, материалдык байлыктын жаратуучусу ж-а түзүүчүсү. Тилди ж-а рухий маданиятты түзүүдө эл массасынын ролу андан кем эмес. «Эл» ж-а «эл массасы» түшүнүктөрүнүн мазмуну тарыхты материалисттик түшүнүүнүн калыптанышы м-н жөнгө салынып ж-а өнүгө баштады. Бул проблеманын философиялык аспектиси гана эмес, революциячыл бул концепциянын жаңы багыты анын гуманисттик маңызы ж-дө чагылдырылды. Жаш гегелчилердин массаны чындык м-н прогресске каршы койгон «сынчыл сыны» м-н талашка чыгып, К. Маркс м-н Ф. Энгельс масса өзүнүн жетилүү даражасына жараша тарыхты түзөөрүн белгилешкен. Марксизм ж-а ленинизм «эл массасына» кирген социалдык катмарлар, топтор ж-а таптар тарыхый өнүгүүнүн тигил же бул учурунда коомдун социалдык экономикалык түзүлүшүн өзгөртүү үчүн күрөштө эмгекчил масса м-н бир катарда туруп, социалдык прогресстин активдүү катышуучулары болушат. Марксизмдин классиктери тарыхтагы эл массасынын ролунун өсүү мыйзамын, ага ылайык тарыхый кыймылдын өсүшүнүн негиздүүлүгүн аныкташкан. Эл массасынын тарыхтагы ролун көрсөтүп, тарыхый чыгармачылыкка катышуусу өсүү м-н бирге массанын аң-сезими да өсөөрү В. И. Ленин тарабынан белгиленген. Тарыхый иш-аракетти канчалык кеңири жайылтса да ага катышуучу адамдардын саны ошончо артат, өзгөртүп түзүү канчалык терең болсо ага карата аң-сезимдүү мамиле жасоо, кызыкчылыкты көтөрүүү керек, ага миллиондогон көпчүлүктү тартуу зарыл. Бул мыйзам социалдык революция учурунда, жашоонун жаңы формасын түзүүдө пайда болуп, жаңы шартта эл массасынын кеңири аң-сезимдүүлүгүнө, чыгармачылыгы м-н активдүүлүгүнө жол ачылат. Эл массанын ролу тарыхый өнүгүүдө канчалык болсо «улуу инсандардын», же «чыгармачыл элитанын» ролун да танууга болбойт. Инсандын ишмердиги белгилүү бир тарыхый жагдайда таптардын же саясий партиялардын күрөшүнө байланышат. Коомдогу ар түрдүү таптар, топтор, партиялар өз кезегинде жетекчилерин көтөрүшөт, эл массасынын кандай жетекчи тандаганынан анын ишмердиги көрүнөт. Ошол эле мезгилде саясий жетекчинин иш билгилиги окуяны түшүнүү, күчтөрдү багыттай билүү, кыймылдын реалдуу максаты м-н милдетин кое билүүсү, анын ишке ашыруусу процесстин жүрүшүнө олуттуу таасир этет. Албетте эң көрүнүктүү инсан да тарыхый окуяны болтурбай кое албайт, же өзү каалагандай жасай албайт. Мындай позицияны көздөгөн жетекчи кандай позициядан турбасын жеңилүүгө дуушар болот. (мис., Саддам Хусейн). Таптар, топтор, партиялар жогорку маданияттуу, кеңири интеллектуалдуу, саясий жетектөөгө жөндөмдүү, массанын кыймылын үндөй алган лидерлеринин өсүшүнө шарт түзүү керек. Андай ишмерлер эл массасынын ишмердиги м-н инсандын ишмердигин карама-каршы койбойт. Жетекчинин ишмердигинин ийгилиги эл массасынын стихиялуу кыймылын канчалык жетектеп кете алаарынан, башкалардан канчалык эрте жол таба билгенине, кыймылдын «материалдык элементтери» стихиялуу келип такалган теориялык саясий, тактикалык ж-а уюштуруучулук маселелерди чече билгенине, массанын кыймылын стихиялуулуктан аң-сезимдүүлүккө көтөрө билгенине жараша болот. Инсандын жетектөөчү ролуна ашкере баа берүү жеке адам каалаган иероглифин жазуучу «актай барак» деп караган идеалисттик түшүнүк табияты б-ча демократия м-н айкалышпайт. Жамааттык пикирди ж-а илимий жетекчиликти четке каккан субъективизм волюнтаристтик кадамдарды жасоого б. а. жеке адамдын культуна негиз болот. Тарыхта жеке адамга сыйынуучулуктун акыбети жакшылыкка алып келбесинин (И. Сталин, С. Хуссейн) мисалдары көп. Азыркы замандын адабияттарында инсандын ролун мүнөздөөдө тарыхта эки түшүнүк «тарыхый инсан» ж-а «улуу инсан» түшүнүгү колдонулат. «Тарыхый инсан» түшүнүгү тарыхый ири окуяларда өз орду бар инсандарга карата колдонулат. Алардын ролу тарыхый окуялардагы тарыхтын бир үзүмүндөгү иш-аракети м-н бааланат. Андай баа бир маанилүү болушу (ишмердиги жек көрүндү бааланган фашисттик типтеги ишмерлер Г итлер, Муссолини, Салазар, Франко, Финочет), же бир маанилүү эмес, саясий жетекчинин ишмердиги жарым жартылай анын ал убактыда жетиле электигине, же жетекчинин индивидуалдуу сапаттарын эске алып оң ж-а терс жактары кошо бааланат. (Мис., 2003-жылдагы коалициялык күчтөрдүн Ирака карата согушунда Буштун жетекчилик иш-аракети, Кыргызстанда А. Масалиевдин КП БКнын 1-секретары катары иш аракетинде чынчылдыгы м-н чечкинсиздиги оң ж-а терс деп бир маанилүү бааланбайт). Мындай баа инсандын ишмердигинин бардык жагдайларынын конреттүү тарыхый анализин талап кылат. «Көрүнүктүү инсан» түшүнүгү түп тамыры прогрессивдүү социалдык, экономикалык ж-а саясий өзгөртүп түзүү доорун даңазаланган саясий жетекчинин ишмердигин мүнөздөйт. Улуу адам көбүнчө бузуучу эмес баштоочу болот. Анткени ал башкалардан илгери көрө билет. Ал коомдун буга чейинки акыл-эстүү өнүгүшү алдыга койгон илимий маселени чечет; буга чейинки коомдук мамилелердин өнүгүшүнөн келип чыккан коомдун жаңы муктаждыктарын көрсөтөт, өзү бул муктаждыктарды канааттандыруу демилгесин баштайт. Авторитардык- тоталитардык система — тарыхый өнүгүүдөгү адам эркиндигине салынган тушоо экенин чыгармаларында көрсөткөн, этностун өнүгүшүндө тилдин ролун көрө билген, кыргыз мектептерди көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, Кайра куруу доорунда бул демилгени активдүү колдоп баштаган Ч. Айтматов — көрүнүктүү инсандын үлгүсү. Улуу “Адам — өз учурунун улуу коомдук муктаждыктарын канаатандыруучу өзгөчөлүгү болгону менен улуу делет” — деп белгилейт. Айрым инсандардын тарыхта ролу канча чоң болсо да анын улуулугу эл масссасынын чыгармачылыгы м-н жүргүзүлгөн тарыхый өзгөртүп түзүүлөрдүн жемишинин улуулугунда. Улуу инсан — улуу доордун гана жемиши. Чечилүүчү маселе канчалык чоң ж-а татаал болсо, аны чечүүдө жеке инсандын күч аракети жетишсиз болуп, аны чечүү ири масштабда бирдиктин уюмду, партияны ж. б. талап кылат.