ЭНГЕЛЬС ФРИДРИХ

ЭНГЕЛЬС Фридрих (1820-1895) — марксизмди негиздөөчүлөрдүн бири, улуу теоретик ж-а пролетар революционери, Маркстын досу ж-а соратниги. Текстиль фабрикантынын үй-бүлөсүндө туулган. Бремендеги шаардык мектепте, андан соң Эльберфельдде (1834-37) гимназияда окуган. Атасынын кыстоосу м-н гимназияны таштоого туура келген, анткени коммерциялык ишке киришүү керек эле. 1841-42-жылдары Берлинде аскер кызматын өтөгөн, бош убактыларында Берлин университетинде лекция уккан. 1841-ж. Фейербахтын «Христианствонун маңызы» китебин окуйт, ал китеп Э-ке зор таасир берген. 1841-1842- жылдарда бир катар эмгектеринде Шеллингдин көз караштарын катуу сынга алып, атеист ж-а революциялык демократ катары чыккан. 1842-ж. Э. илимге чейинки коммунизмдин позициясына өтөт. Ошол эле жылы биринчи жолу Маркс м-н жолугат. 1845-1846-жылдары Э. Маркс экөө «Немец идеологиясы» аттуу эмгекти бүтүрүшөт. Бул эмгекте өндүрүш күчтөрү м-н өндүрүш мамилелеринин өз ара диалектикалык мамилелери аныкталган. Мунун негизинде Маркстын улуу ачылышы — тарыхты материалисттик түшүнүү концепциясы иштелип чыккан. 1847-ж. Лондондо Маркс м-н Э. эл аралык коммунисттик кыймылдын биринчи программалык документи болгон «Коммунисттик партиянын манифестин» түзүшкөн. 1850-ж. коммерциялык ишин күчөтүү үчүн Э. Манчестрге көчүп келүүгө аргасыз болот. Натыйжада Маркс м-н анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт. 1870-жылдар Э-тин илимий-теориялык ишмердигинин гүлдөгөн мезгили болгон. «Анти-Дюринг», «Диалектика природы» (“Жаратылыш сыяктуу”) сыяктуу философиялык эмгектерде марксизмдин өзөктүү проблемаларынын системалуу баяндалышы, табиятты материалисттик түшүндүрүүнү ар тараптан өнүктүрүү орун алган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал «Үй- бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» (1884), «Людвиг Фейербах жана классикалык немец философиясынын акыры» (1886) сыяктуу эмгектерин жазган.