ЭРКИН КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ САЯСАТЫ

Кыргызстан саясий көз карандысыздыкка жеткени менен экономикалык жактан башка мамлекеттерге көз каранды бойдон калган эле. Анткени республиканын өнөр жайы Союздун эл чарбасынын бирдиктүү комплексинде негизинен чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды өндүрүүгө адистештирилип келген. Даяр продукциялар болсо өлкөнүн башка региондорунда чыгарылып, аны реализациялоодон түшкөн кирешелер ошол жакта калып калуучу. Союздун бузулушу менен экономикалык байланыштар үзүлүп, республика финансылык жана материалдык жактан өтө кыйын абалда калган.

1991-ж. аягында өнөр жай өндүрүшүнүн жылдык орточо өсүшү кескин төмөндөгөн, курулуш менен агрардык өнөр жай комплексине жумшалган каражаттар акталбай калган. Энергетика, көмүр, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, машина куруу тармагындагы пландар ишке ашкан эмес.

 

1992-ж.  январда Россия Федерациясы бааларды радикалдуу либералдаштырып, отун-энергетика комплексинин, металл, машина куруу тармактарынын продукцияларынын баасын эркин коё берген. Натыйжада КМШнын бардык мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда экономикалык кризис курчуган. Кыргызстанда, өндурүш 1992-ж. 27 пайызга төмөндөгөн. Экономикалык мамилелер бузулуп, эл чарбасы бүлгүнгө учураган.

Мына ушундай шартта 1992-ж. июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тогузунчу сессиясы Өкмөттүн 1992-1995-жж. эсептелген экономикалык реформаларынын Программасын талкуулап кабыл алган. Программада 1990ж. бери жүргүзүлуп келе жаткан экономикалык реформаны республиканын стратегиялык багытына ылайык өнүктүрүү каралган. Мамлекеттик программада менчиктештирүү, жер реформасы, калкты социалдык жактан коргоо, мамлекеттик инвестициялар боюнча конкреттүү милдеттер аныкталган. Негизги максат катары макроэкономикалык абалды жөнгө салуу, өндүрүштүн төмөндөшүн токтотуу, экономиканын өсө башташы үчүн шарт түзүү керек эле. Бул үчүн тармактар боюнча реформа жүргузүү, рыноктук баалардын ролун көтөрүү, монополияларды акырындык менен жоюп конкуренцияга жол ачуу, менчиктештирүү аркылуу мамлекеттин экономикалык шпкердүүлүккө кийлигишүүсүн азайтуу, товар өндүрүүчүлөрдүн ишине тике контролдук кылууну токтотуу каралган. Мындан тышкары бул программада товарлардын баасын аныктоодо мамлекеттин кийлигишүүсүн мүмкүн болушунча азайтуу белгиленген.

1993-ж.  аягына чейин өнөр жайдын 40-50 пайызын, курулуштун 50, айыл чарбасынын 25—30, турак жайдын 70 пайызын жана тейлөө тармактарын 100 пайызга менчиктештирүү милдети коюлган.

Бул программа боюнча Кыргызстанда рынок мамилелери: менчиктештирүү, бааларды либералдаштыруу, экономикага мамлекеттин кийлигишүүсүн токтотуу, жеке менчик киргизүү, соода эркиндиги, экспорт жана импорт боюнча чектөөлөрдү жоюу, бирдиктүү кредит, финансы, акча жана салык саясаттарын бир мезгилде жургүзүү каралган.

Ошентип, Кыргызстан административдик-буйрукчул, пландуу экономикадан баш тартып, радикалдуу реформа аркылуу рынок мамилелерине тез өтүү жолун биротоло тандал алган. Ал үчүн биринчи кезекте коомдук менчикти мамлекеттен ажыратуу ишин тездетип, көп укладдуу, өзүн-өзү жөнгө салуучу экономиканы түзүү керек эле. Өндүрүш каражаттарынын ээси болмоюнча рынок мамилелерине өтүү мүмкүн эмес болчу.

Кыргызстанда менчиктештирүү иши 1991-ж. 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецеши кабыл алган «Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө» мыйзамдын негизинде башталган. Бул мыйзамды турмушка ашыруу үчүн республикада Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана ээлик кылууну колдоо боюнча комитет (Маммулкком) түзүлгөн.

Мыйзамга ылайык менчиктештирүү элдин, эмгек коллективдеринин даярдыктарына жараша, ошолордун кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлмөк. Тилекке каршы, менчиктештирүүнүн бул принциби адегенде практика жүзүндө, кийин мыйзам тарабынан одоно бузулган. Республикада мамлекеттик чиновниктер, ишкана, чарба жетекчилери тарабынан алар каалгандай сатыла баштаган. Өткөөл мезгилдеги баш аламандыктан пайдаланып көптөгөн көмүскө акционердик коомдор, фирмалар пайда болуп, карапайым элди ачыктан-ачык алдоого өтүшкөн. Бийлигине жана байлыгына таянган адамдардын тобу гана мамлекеттик мүлктүн орчундуу бөлүктөрүн ээлеп алууга же сатып жиберүүгө үлгүргөн. Менчиктештирүүнүн биринчи жана негизги баскычы элдин пайдасы үчүн жүргүзүлгөн эмес. Маммүлкком ишти өз денгээлинде уюштура албагандыктан республикага, элге орду толгус материалдык зыян алып келген. Граждандык укуктар кемсинтилген.

Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө жумушчу орундарын сактоо жана өндүрүштү кеңейтүү жөнүндө эч кандай кам көрүлгөн эмес. Миңдеген адамдар жумуш орундарынан ажырап көчөгө сүрүлгөн. Социалдык жактан жетишилген ийгиликтердин көбү жоюлган. Менчиктештирүү боюнча Мыйзамдын, калктын айрым социалдык катмарларга женилдиктерди берүу жөнүндөгү талабы эске алынган эмес.

Текшерүүдө менчиктештирүү Маммүлкком тарабынан мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Ар бир үчүнчү объекттин баасы атайын төмөндөтүлүп, аукционсуз эле айрым адамдарга же коммерциялык түзүлүштөргө сатылган. Анда иштеген эмгекчилердин кызыкчылыктары эске алынган эмес. Менчиктештирүунүн жүрүшүндө документтер көп оңдолгон жана жасалмаланган. Маммүлккомдун айрым жетекчилери кызмат абалдарынан одоно пайдаланышкан, паракорчулукка жол берилген. Ушундай жагдайдан улам адамдардын мамлекеттик бийликтен көнүлү сууп, дегеле бүтүндөй демократиялык реформаларга ишенбей калышкан.

Менчиктештирүүнүн биринчи этабында (1991-1993-жж.) коомдук чарбанын 32,6 пайызы менчиктештирилип, ишканалардын 17,5 пайызы акционердик коомдорго өткөн. Өнөр жайдын 39, курулуштун 67,5 пайызы, калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө тармагы 98,7, соода жана коомдук тамак аш 80,7 пайызга менчиктештирилип бүткөн.

1994-ж. Кыргызстанда менчиктештирүүнүн экинчи этабы башталат. Бул мезгилде менчиктештирүү экономиканын түзүлүшүн кайра курууга, жеке менчик ээлеринин катмарын калыптандырууга, ошол аркылуу рынок мамилелеринин реалдуу негизин түзүү максатын көздөгөн. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндөгү баш аламандык токтотулуп, бул иште айкындуулукка жол ачылган. Менчиктештирүүнүн масштабы жана темпи бир аз азайтылган. Программага ылайык мамлекеттик мүлктөр менчиктин акционердик, жеке, аралашма ж. б. түрлөрүнө айлана баштаган. Натыйжада республиканын экономикасынын 50 пайыздан ашыгын мамлекеттик эмес ишканалар түзүп калган.

1994-ж. ортосунан Кыргызстанда массалык менчиктештирүү башталат. Бул элдик менчиктештирүүнүн программасын Кыргызстандын өкмөтү, республиканын мамлекеттик мүлк фондусу АКШнын өкмөтү менен биргелешип иштеп чыккан. 1994-ж. аягына чейин эле республикада 378 ишкана мамлекеттен ажыратылып менчиктештирилген. Алардын 100 купондук аукциондордо сатылган. 40 пайызы коллективдүү, 20 пайызы жеке менчикке сатылган, 27 пайызы акциялаштырылган. Менчиктештирүү башталган 1991-ж. баштап республикадагы 10 миң мамлекеттик ишкананын теңинен көбүрөөгү менчиктештирилген. Массалык менчиктештирүү 1996-ж. чейин жүргүзүлүп, бул мезгилде көптөгөн адамдар купондук аукциондор аркылуу менчик ээлери болуп калышкан. Натыйжада мамлекеттик эмес сектор өнөр жайынын бүткүл продукциясынын 50 пайыздан ашыгын чыгарып калган.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор