«ЭРКСИЗ КҮНДӨРДӨ» Сыдык Карачев

Ачык аяз, күзгү түн…

Учу-кыйыры билинбеген, жайылган жазык теңизинин кучагында жаркырап-жайнап ай мелтирейт. Табиятты күмүш нурга чомдуруп, акырын, салмак менен кулачын жайып, жалтырап кетип бара жатат.

Ай нурунун жерге себилген жанга жагымдуу, көзгө көрүктүү сүттөй аппак шооласы менен жымжырттык ичине көмүлгөн жер жүзү жашырын, терең бир сыр ичинде термелип, көргөн бир жандын көңүлүн кытыгы-лап, боюн балжытып, черин таркатып, өчпөс-түгөнбөс шаттык, кубаныч туудурат.

Китепти көчүрүү