“ЭР ТАБЫЛДЫ” эпосу

«ЭР ТАБЫЛДЫ” эпосу – кыргыз калкы басып өткөн катаал күндөрдүн изи, баатырдык күрөштөрүнүн, илгери үмүт, ой-тилектеринин элеси, жандуу тарых катарында эл көңүлүндө, ой-сезиминде күнү  бүгүнкүдөй сакталып, ал да окурмандардын көңүлүн толкутуп термелткен идеялык-мазмуну бийик, көркөмдүгү жогору чыгарма.

Ал Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө  да кеңири айтылып, калкка кеңири тараган көп варианттуу эпос.

А.Тыныбековдукунан башка да варианты бизге белгилүү. 1932-ж. К. Мифтаков мурун Сырдарыя областы, Олуя-Ата уезди аталган аймактын тургуну Дыйканбай уулу Ырысбайдан эпостун чакан вариантын жазып алган. Бул нуска айрым текстологиялык тактоолор менен басмага даярдалып, алгач «Эл адабияты” сериясынын 12-томунда 2002-ж. жарык көрдү.

Ы. Дыйканбаевдин айтуусунда чыгарманын окуясы төмөнкүдөй: Табылдынын төрөлүшү, калмактардын жылкы тийиши, Табылдынын жоо артынан барып, алар менен урушуп, жарадар болушу, жаратынан айыгып элине кайтып, кол курап барып, калмактар менен экинчи ирет согушушу. Бул варианттан Кудайназар, Алтыбайларга байланыштуу жүргөн ички карама-каршылык орун албайт. Бирок, чыгарманын башталышында жалгыз балалуу Ыламан жана тогуз уулдуу Алатан аттуу эки бир туугандын болгондугу баяндалганына караганда, мында деле алгачкы айтылышындай ички карама-каршылык орун алгандай болуп аны кыскартып койгон көрүнөт. Анткени, бул вариант б-ча окуянын схемасы гана тартылып,  кеңири тармак жайып, өнүгө алган эмес. Көлөмү да чакан. Чыгарманын мындай чыгып калышына айтуучунун дараметинен өз өзгөчөлүгү  менен көп айтылып жүр-гөндүгү  байкалат. Элдик баатырды сыпаттоодо сүрөттөөнүн байыркы апыртмалуу көркөм нукура формалары колдонулат. Эр Табылды төрөлгөндө  бир колуна кан, бир колуна жин кармап түшүп, жер титиреп, таш кулайт. Кысыр бээ тууп, туубас катын төрөп иет. Боконо жүрөк болк этип, боктуу ичеги солк этип, калмак коркот, ай түбүндө алыскы душман коркот.

Эр Табылды согуш майданында жарат алып, жаратынан кан шорголоп алсырап турганда, сагызгандын айтуусу менен күкүк да уя алган терекке келип,  өрүш алат. Бул нускада Э. Табылдыга күкүк көмөк көрсөтүп, суу ташып берип, суусунун кандырат. Кашкарлык молдо досуна канатына кат байлатып, алып барып, жаратынын айыгышына себеп болот.

Ы. Дыйканбаевдин вариантынан жогоркудай адам менен канаттуунун достошуп, бири-бирине көмөктөшүшү, бири-биринин дилин, тилин толук түшүнүшү сыяктуу дастандардын орун алышы жаратылыш менен адам дүй-нөсүнүн бирдигин тааныган байыркы ишенимдин эпосто сакталып калышынын күбөсү. Бул вариант байыркы мотивдердин, көз караштардын алгачкы формасында сакталып калышы менен бааланат.

Ж. Жамгырчиев 1940-ж. Академиянын Кол жазмалар коруна «Эр Табылды” эпосунун дагы бир чакан вариантын жазып тапшырат. Бул нуска А. Тыныбековдун айтуусуна көп жагынан окшош. Мында окуя схема түрүндө  баяндалып, бутактанып, анчалык тармак жая алган эмес. Эр Табылдынын жаратынан айыгып, элине кайтып келип, Кудайназарды өлтүрүшү менен окуя аяктайт.

А. Тыныбековдун айтуусунда жогорку варианттарга салыштырганда мазмуну толук, композициялык жагынан тыкан, көркөмдүгү жогору. 1940-ж. Т.Сыдыкбековдун редакторлугу менен жарык көрөт. 1957-ж. экинчи жолу басылып чыкты.

1970-ж. окуучулардын суроосу менен  үчүнчү  басмага даярдалышында кеткен айрым кемчиликтер эске алынат. Эпостун алгачкы кагазга түшкөн кол жазмасы сакталып калбагандыктан, 1940-ж. басылышы түп нуска катарында алынат. 1984-ж. «Кыргызстан” басмасынан баш сөзү  кыскарып, 4-жолу жарык көрөт. 2002-ж. кенен жазылган баш сөзү  менен 5-жолу жарыяланат.

Башка баатырдык эпостор сыяктуу эле «Эр Табылдынын” калыптанышы, өсүп-өнүгүш процесси бир топ узак. Натыйжада, ушул аралыкта жомоктук-мифологиялык катмардан тазаланып, тарыхый-реалдуу эпостун деңгээлине көтөрүлгөндүгү байкалат. Бул Ы. Дыйканбаевдин жана А. Тыныбековдун варианттарын салыштырууда ачык көрүнөт. Эгерде Ы. Дыйканбаевдин вариантында күкүктүн жарат алып жаткан Табылдыга жардамдашканында байыркы түшүнүк сакталган болсо, А. Тыныбековдо реалдуу турмуш жагдайы көз алдыга тартылат. Элдияр элге кабарга кетип, жараты кабылдап, эс-учун жоготуп жаткан баатырдан күкүккө арман-муңду айтып кайрылышы анын оор абалын баяндоодо көркөм ыкманын милдетин аткарып, апыртмалуулуктан реалдуу жагдайга өтөт.

Кыргыз эпосторуна жаңы кирген образдын бири Чалкалмактын кызы Торкобек. Образы жаңы дегенибиз, салттуу образ системасынан айырмаланып, калмак калкынын турмушундагы коомдук-социалдык жагдайларга башкача баа берүүсү, көз карашынын жаңылыгы менен  өзгөчөлөнөт. Торкобек эпосто тунук акылдуу,  өз элинин мүдөөсүн, калк тынчтыгын керт башынын кызыкчылыгынан жогору койгон, аярлыгы артык, алдын ала билген көрөгөч каарман катарында мүнөздөлөт. Торкобектин эпоско кириши А. Тыныбековдун жеке чыгармачылык  өнөрканасынын жемиши болуп саналат.

«Эр Табылды” эпосу Ата-журт, Ата Мекен эгемендүүлүгүн коргоо, коңшу элдер менен тынчтыкта жашоо, калкты биримдикке, ынтымакка чакыруу сыяктуу азыркы күндө да маанилүү коомдук-социалдык проблемаларды курч көтөрүшү менен баалуу.

 

 

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ