ӨЗГӨЧӨЛҮКТҮҮ

ӨЗГӨЧӨЛҮКТҮҮ (ОСОБЕННОЕ) — жалпы ж-а жеке категорияларына ылайык келген философиялык категория. Диалектикалык логикада жалпы ж-а жеке бирдиктүүлүктүн карама-каршы аныктамаларга ажыроосунун бир формасы катары каралат. Аларды таанып билүүнүн зарыл шарты болуп бул карама- каршылыктардын биримдигин изилдөө эсептелет. Ө.категориясында жалпылык м-н жекеликтин биримдигинин моменти чагылдырылат. Көп учурда Ө. жалпылык м-н жекечеликтин ортосундагы өтмө звено катары каралат. Мында жалпылык өз көлөмү боюнча Ө-дөн кеңири, ал эми Ө. өз кезегинде жекечеликтен кеңири болуп саналат. Кандайдыр бир деңгээлде сандык (көлөмдүк) даражасындагы мындай жобо тектин, түрдүн ж-а индивиддин формалдуу логикалык мамилелерин кайталайт. Мунун натыйжасында Ө. салыштырмалуу өз алдынчалуулукка ээ категория эмес, «тигил же бул деңгээлдеги жалпылык» катары каралат.