ӨЗДҮК АҢ-СЕЗИМ

ӨЗДҮК АҢ-СЕЗИМ (Самосознание) — адамдын өзүн-өзү баалашы, өзүнүн билим деңгээлин, акыл дараметин, жүрүм турумун, кылык-жоругун, мүмкүнчүлүгүн, кызыкчылыгын ж. б. аңдай билиши. Өздүк аң- сезим адамга гана эмес, коомго, социалдык топторго да тиешелүү болот. Адамдын ар-кандай иш-аракети коомдук тажрыйбага таянат. Эмгектенүү учурунда адам өзүн аңдап билет. Аң-сезимдин калыптанышына тилдин тийгизген таасири зор. Ө. а. с. аң-сезимдин туундусу катары пайда болсо да, адамзат жогорку деңгээлде өнүккөндө гана ачык-айкын көрүнөт. Ал адегенде уруулук топко, жамаатка таандык мүнөздө болуп, бара-бара жеке адамдын аң-сезиминин калыптанышына таасир этет. Ө. а. с. жеке адамдын аң сезиминин текши өнүгүшүнө социалдык, маданий, моралдык ж-а материалдык шарт жеткиликтүү түзүлгөн коомдо жогору детгээлге көтөрүлөт.