ӨЗДҮК КЫЙМЫЛ

ӨЗДҮК КЫЙМЫЛ (Самодвижение), Өз кыймылы, ички кыймыл, тубаса кыймыл ички карама-каршылыктардын күрөшүнөн келип чыккан табияттагы ж-а коомдогу кыймылды билдирүүчү философиялык категория. Табияттагы, коомдогу бардык кубулуштардын өзгөрүүлөрүнүн негизги себеби кандайдыр бир сырттан болгон күчтүн таасирине байланыштуу болот деген түшүнүккө карама-каршы келген көз караш. Байыркы материалисттер кыймылды жаратылыштын өзүнө таандык касиет катары карап, алардын дайыма биригип ж-а ажырап тура тургандыгын түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Философиянын тарыхында дүйнөнүн пайда болушу ж-а дүйнөлүк процесстердин өнүгүшүнүн башкы себеби түшүнүксүз болгон учурлар арбын кездешкен. Ички кыймыл ж-а өздүк өнүгүү диалектикалык материализмде ажырагыс түшүнүктөр, ал коомдук ж-а табигый өнүгүштүн бүткүл тармактарында кездешкен көрүнүш. Ички карама- каршылык күрөшүнүн натыйжасында коомдогу кыймыл-аракеттин өзгөрүшүн туюндуруучу философиялык түшүнүк. Диалектикалык материализм коомдогу ж-а табияттагы ички карама-каршылыктардын күрөшү Ө. к. негизин түзөрүн аныктады. Ө. к. тышкы себептердин кыймылдын өзгөрүшүнө тийгизген таасирин танбайт, алардын жардамчы милдетин гана көрсөтөт. Өнүгүүнүн булагы методика ж-а механикалык материализмде тышкы себептер болот. Кыймылдын башатын Р. Декарт м-н И. Ньютон кудайга такашса, Г. Гегель өздүк кыймылга идеалисттик түшүндүрмө берген. Табият таануу илимдеринин өнүгүшү диалектикалык материализмдин Ө. к. тууралуу жобосун ырастады (биологияда ассимилиция ж-а диссимилиция, физикада радио-активдүү бөлүнүү ж. б.). Тигил же бул системанын Ө. к. анын уюмдашуу детгээлине жараша болот, система канчалык жогору деңгээлде уюмдашса, өз алдынчалык ошончолук өнүгөт.