ӨЗҮН ӨЗҮ БАЙКОО

ӨЗҮН ӨЗҮ БАЙКОО (Самонаблюдение) — психикалык ал-абал; иш аракеттин (аң сезим, ой жүгүртүү) аны өз башынан өткөргөн адам тарабынан байкоого алынышы, иликтениши. Бул ыкма 19- ж-а 20-к-дын башында адамдардын психикасына байкоо, изилдөө жүргүзүүдөгү негизги ыкмалардын бири болсо да, кийинчерээк объективдүү ыкмасынын пайда болушу м-н Ө. ө. б. ыкмасы психологиялык изилдөө ишинде экинчи катардагы кызмат аткаруу м-н, анын, натыйжалары объективдүү ыкмага кошумча гана кызмат кыла алат. Ө. ө. б-ну психологиялык изилдөө ишиндеги өз алдынча ыкма катары кароого болбойт, ал изилдөөчүгө болгону «чийки» нерсени берет, бирок ички психологиялык көрүнүштөрдү жалпылоо м-н, адам өзүнүн жүрүм турумун жөнгө салат, жаңылайт. Өз жүрүм-турумуна, ой сезимине байкоо жүргүзүү. Психологиядагы айрым идеалисттик көз караш боюнча Ө. ө. б. «ички тажрыйба», «көрөгөчтүк» аркылуу ишке ашат да, психиканы билүүгө мүмкүндүк берет. Ал түгүл, психологияны башка илимдерден айырмалап турган негизги ыкма ушул гана деген жаңылыш түшүнүк бар. Ө. ө. б. материалдык психологияда мындай байкоо илимий психологиянын негизги ыкмасы, өзгөчө «көрөгөчтүк» катары эмес, кадыресе эле аңдап билүүнүн бир ыкмасы катары каралат.