ӨЗҮН-ӨЗҮ УЮШТУРУУ

ӨЗҮН-ӨЗҮ УЮШТУРУУ (Самоорганизация) натыйжасында үзгүлтүксүз татаал кыймылдагы өнүгүүнүн уюмдашуусу пайда болгон, калыбына келген ж-а өркүндөтүлгөн процесс. Ө. ө. у. процесси өз ара бекем эмес, ыктымалдуу (мүмкүн болгон) тартипте байланышкан жогорку деңгээлдеги татаал түзүлүшкө ж-а көп сандаган элементтерге ээ системада гана болушу мүмкүн. Ө. ө. у. касиети жаратылышта арбын кездешет. Алсак, тирүү клеткалар, биологиялык көбөйүү (таралуу), организм, биогеоценоз, адамдар жамааты, ж. б. Ө. ө. у. процесси болгон нерселердин кайра жаралышы ж-а алардын ортосунда жаңы байланыштардын уюшулушу аркылуу жүрөт. Ө. ө. у. процессине мүнөздүү өзгөчөлүк, бул — алардын максатка багытталгандыгы, ошону м-н катар эле анын табигый ыгы, ички себептерге баш ийгендиги: бул көрүнүштөр айлана-чөйрө м-н байланышта болгон м-н, белгилүү даражада ага көз каранды эмес, өз алдынчалыкка ээ. Ө. ө. у-нун 3 түрү бар: Биринчиси — уюмдашуунун жаралышы (Мис., бир клеткадан жаралган көп клеткалуу организмдин генезиси); экинчиси — анын жашоосунун ички ж-а сырткы шарттарынын өзгөрүү учурунда уюмдашуунун белгилүү бир деңгээлин камсыз кылуучу системага ээ болушу, үчүнчүсү — өткөн тажрыйбаны топтоо ж-а пайдаланууну өркүндөтүп, өстүрүү. Ө. ө. у. маселесин изилдөө алгач кибернетикадан башталган.