ӨЗ АРА АРАКЕТ

ӨЗ АРА АРАКЕТ (Взаимодействие) — адамдардын аң сезиминде объективдүү чындыктын предметтери м-н кубулуштарынын, ошондой эле ошол предметтер м-н кубулуштарды чагылдырган ой пикирдин жалпы, текши байланышын туюнткан философиялык түшүнүк. Ө. а. а. — түз же кыйыр, ички же сырткы байланышынын, мамилесинин бир түрүн билдирет. Дайыма кыймыл аракетте болгон материяны караганыбызда — деп белгилейт Ф. Энгельс, өзүнүн «жаратылыштын диалектикасы» аттуу эмгегинде, биринчиден болуп Ө. а. а-ти байкайбыз. (К. Маркс, Ф. Энгельс. соч. т. 20. 546-бет.). Ө. а. а. объективдүү ж-а универсалдык мүнөзгө ээ болуп себеп м-н натыйжанын ортосундагы мамилени аныктайт. Ө. а. а-тин негизинде пайда болгон карама-каршылык объектилердин пайда болушунун, өнүгүшүнүн эң терең булагы, эң негизги ж-н акыркы себепкери болуп саналат.