ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ – бийликтин жогорку аткаруучу органынын жетекчиси. Башкаруунун парламенттик  формасындагы өлкөлөрдө Ө. б. мамлекет башчысынын кызматына дайындалат. Эреже катары же парламенттик  шайлоолордо жеңишке жетишкен саясий партиянын лидери, же өкмөттүк коалицияны түзгөн партиялардын  лидерлеринин бирөө Ө. б. боло алат. Формалдуу түрдө премьер-министр жана ал жетектеген өкмөт парламенттин  алдында саясий жоопкерчиликке ээ. Бүгүнкү күндөгү мамлекеттердеги Ө. б. кеңири укуктарга ээ: ал министрлерди  дайындайт, түшүрөт, алмаштырат, өкмөттүн ишин жетектейт. Өкмөттөн чыккан иш кагаздары жана нормативдик  актылардын барына Ө. б. тарабынан кол коюлат же уруксат берилет. Ал – башкаруучу партиянын официалдуу өкүлү,  анын ой-пикири бардык маселе боюнча чечүүчү болуп саналат. Жазылбаган мыйзамдар боюнча министрлер Ө. б-на  сөзсүз баш ийүүгө милдеттүү, муну менен макул болбогон министрлер кызматын таштап кетүүгө мажбур болушат.  Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө өкмөттүн аткаруу бийлигинин жана анын башчысынын полномочиелеринин өсүш  тенденциясы, башкача айтканда парламенттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн эсебинде өкмөттүн бийлигинин күчөө  тенденциясы байкалууда.