ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН МАЖОРИТАРДЫК СИСТЕМАСЫ

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН МАЖОРИТАРДЫК СИСТЕМАСЫ (фр. magorite – көпчүлүк) – көп мамлекеттерде (АКШ, Улуу  Британия, Франция ж. б.) пайдалануучу борбордук жана жергиликтүү өкүлчүлүк бийлик органдарын, президентти жана  бир катар жогорку кызмат адамдарын – шайлоодо добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо системасы. Ө. м. с. учурунда  мыйзам тарабынан бекитилген шайлоо округу боюнча добуштардын көбүн алган талапкер (же талапкерлердин тизмеси)  шайланган деп эсептелет. Практикада бул системанын үч түрү белгилүү. 1. Абсолюттук көпчүлүктүн мажоритардык  системасында, ким абсолюттук (же жөн эле) көпчүлүк добушту (50%+1) алса анда ал шайланды деп эсептелет. Добуштун  абсолюттук көпчүлүгү дайым эле мүмкүн болбогондуктан, бул системада добуш берүү, эреже катары эки турдан турат,  бирок экинчи турда добуштарды эсептөө башка система боюнча аныкталат. 2. Салыштырмалуу көпчүлүктүн  мажоритардык системасында жеңүүчү атаандаштарына салыштырганда көбүрөөк добуш алышы керек. Бул тартипте ири  партиялар көбүрөөк артыкчылык алышат. 3. Квалификацияланган көпчүлүктүн мажоритардык системасында жеңүүчү  алдын ала белгиленген добуштардын теңинен көбүнө – 2/3, 3/4, 4/5, ээ болууга тийиш.