ӨРМӨЧҮЛҮК

ӨРМӨЧҮЛҮК (өрүмчүлүк) — ат жабдыктарына узануудагы элдик эски ыкмаларынын бири. Бул көркөм кол өнөрчүлүгүнүн татаал түрүнө кирет.

Мунун негизги жердиги бир гана кайыш жана көк болот. Өрмө буюмдарын жасоонун маңызы көзгө илээшпеген көктүн тал-тал ичке тегиз жана өтө кылдат тилүүсүндө болуп саналат. Ошол тилим талдар бир жеринен үзүлбөсө, өрүмү кооз чыкса, бул өрмөчүлүктү аныктайт. Өрүм кайыш менен көктү тилишке да байланышат.