ӨСКӨН ДАНИКЕЕВ

ДАНИКЕЕВ Өскөн (1934-ж. т., Сокулук р-ну)  – жазуучу. Кыргыз Эл жазуучусу. 1956-ж. Москвадагы тоо-кен ин-тун бүтүргөн. Д-дин чыг-лыгынын башаты 60-жылдарга таандык. Эң  алгачкы аңгемеси «Бакир” (1961) адабий коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, жазуучунун жүзүн элге тааныткан чыгармасы  –  «Кыздын сыры” повести (1964). Чыгармада кенчилер  турмушу сүрөттөлгөн. Повесттин баш каарманы  – Жамал. Автор бул чыгармасында таекесинин колунда жүрүп, бойго жетип, инженер геологдук кесипке ээ болуп ин-тту бүтүрүп чыкканга чейинки Жамалдын бүтүндөй өмүр жолун, оош-кыйыштуу тагдыр таржымалын, психологиялык чеберчиликте чечмелеп бере алган. «Кызыл аска” (1979)  –  өндүрүш темасына арналып жазылган соц.-психологиялык повесть. Бирок чыгарма  өндүрүш темасын чагылдырганы м-н ал башкы планда көтөрүңкү маанайда сүрөттөлбөстөн, тек гана жай турмуштун бир үзүмү, күндөлүк жашоонун бир ыргагы катарында кызмат аткарган. Чыгарма көп катмарлуу эмес, бирок окуя, алардын  өнүгүшү  ички динамикага ээ. Повесттин баш каарманы – Камбар. Окуя ушул каармандын тегерегинде өнүгүп, проблемалар да ушул каарманга ылайыктуу коюлуп, маселе да ошол каармандын тегерегинде чечилет. Повесттеги эң башкы маселе жөнөкөй адамдын тагдыры, жашоо-тиричилиги, дүйнө таанымы, турмушка карата мамилеси, дегинкиси адамдын тагдыры – анын жашоосун, көз карашын, психологиясын өзгөртө турганын көркөм чечмелөө экендиги ачык көрүнөт. Повестте окуялар ырааттуу, анча татаал  өнүкпөйт. Ошентсе да, ошол жай, «анча маанилүү  эмес турмуштан” ошол мезгилге тиешелүү көптөгөн  өзгөчөлүктүү  пендечилик көртириликти, адамдын улуулугун, айкөлдүгүн, ошол эле мезгилде түркөйлүгүн, шарт-жагдайдан, эреже-нормадан чыга албаган айдамалыгын ж. б. көптөгөн сапаттарын автор көркөм чечмелеген. Камбардын жеке жашоосуна  үңүлүп кирүү, психологиялык жактан болгон  өзгөрүүлөрүн турмуштук окуялар м-н деталдаштыруу Д. тарабынан чебер иштелген. «Көз  ирмемдеги  өмүр” (1981) кыргыз элинин 19-кылымдагы соц. турмушу, коомдук-саясий, экономикалык жактан басып өткөн жолу көркөм жалпыланылат. «Көкөй кести” (1984) аталган роман  үчүн Д. Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты болгон. Романда автор тарабынан согуш темасы чагылдырылган. Бирок чыгармада майдан окуялары түздөн түз баяндалбайт. Негизинен окуя согуш жылдагы жайчылык турмуштан алынып, автор ошол ооруктагы турмушту айыл ичинде болгон окуялар аркылуу сүрөттөбөстөн, алыскы тоо  арасында калган алты адамдын тагдырын көркөм анализге алган. «Көкөй кестиде” алыскы тоо арасындагы экстремалдуу кырдаал романдын сюжеттик  өзөгүн түзгөн. Чыгармадагы окуянын каармандары ошол ал акыбалга туш келгенден тартып, борбор м-н станциянын ортосундагы байланыш үзүлгөндөн кийин, Мурат баш болгон үч үй-бүлөнүн адамдары чоң  дүйнөдөн бөлүнгөндөн баштап психологиялык чыңалууда  өнүккөн. Көркөм чындыкка анча шайкеш келбеген мындай кырдаал окурмандар арасында ишенүүнү  да, ишенбөөнү  да пайда кылат. Мындай эки анжы ойду жараткан касиет романга карата тандалып алынган экстремалдуу кырдаал, адабий чыгармада мындай турсун турмушта да сейрек кездешүүсү  мүмкүн. Сүрөткердин чеберчилиги дал ошол экстремалдуу кырдаалды «таап” алгандыгында эмес, аны окурман ишенгендей кылып, логикалык көркөм шарттуулук м-н чечмелеп бере алгандыгында. Автор «Көкөй кестиде” согуш маалында алыскы тоо арасында айласыз абалда калган алты адамдын турмуш тагдырын көркөм чечмелөө  м-н бирге адам м-н табигаттын ажырагыс биримдиги, түбөлүктүү  философиясы автор тарабынан ийгиликтүү  иштелген. Жалпысынан алганда чыгармада жасалмасыз, апыртмасыз реалдуу турмуштун жүзүн, бүтүндөй ички драматизмин Д. ар бир каармандын жандүйнөсүнүн көп кырдуу табиятын чебер сүрөткер катары көркөм анализдөө  аркылуу алгылыктуу чечмелеп бере алган.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ