ӨТҮНҮЧ КАТ

Бул кат аркылуу ар түрдүү багыттагы иштерди аткаруу, аягына чыгаруу
башка бир уюмдан же жооптуу кызматкерден суралат. Бир катта бир нече өтүнүч
жазылышы да мүмкүн. Өтүнүч каттын маалым даректери төмөнкүлөр:
– кат жөнөтүлгөн уюм, жетекчинин аты;
– текст;
– тиркеме (зарылчылык болсо);
– катты жөнөткөндүн кызматы, аты-жөнү, колу;
– датасы.

 

ҮЛГҮ:

 

Бишкек шаарынын
Октябрь районунун акими
Самаганов Белек Кубатовичке
Х. Карасаев атындагы
Бишкек гуманитардык
университетинин
ректоратынан жана кесипчилер
жамаатынан

Өтүнүч кат

БГУнун ректораты жана кесипчилер жамааты окутуучу Алыбаев Кубан Асановичке жер участогун бөлүп берүүңүздөрдү өтүнөт. Алыбаев Кубан 1988-жылдан тартып ушул күнгө чейин БГУда иштеп келет. Үй-бүлөлүү (4 балалуу), кызматы боюнча эскертүү же башка жаза алган эмес. Ишине жоопкерчилик менен мамиле кылат. Шаарда үйү жок, батирде турат. Окуу жайдын үй менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жок.
Суранычыбызга Сиздерден оң жооп алабыз деп ишенебиз.
БГУнун ректору Аскаров А. С.

Кесипчилер жамаатынын төрагасы Жалилов К. С.
Дареги: 12.04.2010