1873-1876-ЖЫЛДАРДАГЫ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШ. ПОЛОТ ХАН

Буга чейинки чаржайыт толкундоолордон айырмаланган нукура элдик көтөрүлүш 1873-ж. жазында башталган. Ал кыймыл үч жылга созулуп, Кокон хандыгынын жоюлушуна алып келген.

Фергана тургундарынын 1873-1876-жж. бул зор кыймылы тарыхта элдик кыймыл, Кокон көтөрулүшү, Полот хандын көтөрүлүшү деген аттар менен белгилүү. Бул элдик көтөрүлүштү Полот хан деген ат менен Искак Асан уулу жетектеген.

1873-1876-жж. элдик көтөрүлүштү эки чоң мезгилге бөлүүгө болот. 1873—1874-жж. камтыган биринчи мезгил, чаржайыт чыгуулар менен коштолсо да, төмөндөн жогору өнүккөн, Кудаяр хандын бийлигине каршы антифеодалдык кыймыл болгон. Бул мезгилде элдик кыймыл негизине төрт чөлкөмдө жүргөн.

Алайдагы көтөрүлүш. Бул жердеги кыргыз айылдарында башталган көтөрүлүштүн негизги шылтоосу хандын салык саясаты болгон. Кудаяр хан көтөрүлүштү басууга ири жазалоочу отрядын жиберген. Бирок кыргыздар аларды талкалап салышкан. Толкундоолор басаңдабагандыктан, хан 1873-ж. май айында Абдырахман абтабачы баштаган 100 сарбаздан турган экинчи жазалоочу отрядын жиберет. Абдырахман көтөрүлүшчүлөрдүн таламын «түшүнгөндүгүн” билдиримиш болуп, Шер датка баштаган кыргыз, кьшчак урууларынын 40 бийин хан менен сүйлөшүү үчүн ордого чакырган. Бирок, келген элчилер хан тарабынан жырткьпгтык менен мууздалган. Буга кыжырданган миндеген кыргыз, кыпчак көтөрүлүшчүлөрү 1873-ж. июль айында Фергана өрөөнүн басып кирген. Сох чеби талкаланып, көтөрүлүштү басыш үчүн жиберилген Маргалаң беги Султан Мурат качып кутулган. Ош, Өзгөн, Араван, Үч-Коргон, Анжпян, Булак-Башы ээленген. Көтөрүлүпгчүлөр 1873-ж. күзүндө акырындап тоо таяна чегинип кетүүгө аргасыз болушкан.

Аксыдагы көтөрүлүш. Бул чөлкөмдө көтөрүлүштүн башталышы Искак Асан уулунун ысымы менен байланьпптуу. 1873-ж. жаз алды менен 200дөй кыргыз жигиттерин ээрчитип, Шер датка, Мусулманкул, Мусабек, Сулайман удайчы жана Абдымомун аталыктын коштоосунда Искак Аксыга келет. Аксылыктар Искактын туусу астында Кудаяр ханга каршы күрөшкө чыгууга макул болушкан. 1873-ж. жайында 29 жаштагы Искак «Полот хан” деген ат менен Аксынын Сафид-Булан деген жеринде, мнндеген адамдардын катышуусунда ак кийизге салынып хан көтөрүлгөн.

Аксылык көтөрүлүшчүлөр Кудаярдын аскер башчысы Абдырахман абтабачынын аракетинин натыйжасында Ала-Букага чегинишип, андан ары Чаткалга өтүп кетишкен. Бирок, июль айында Шер датка баштаган 40 бийдин Кокондо өлтүрүлгөнүн угуп, алар кайрадан Ала-Букага басып киришкен. Йскактын колу жазалоочу отряддын кысымына чыдабай кайрадал тоо арасына чегинген, кийинки жылга чейин Аксыда салыштырмалуу тынчтык орногон.

Эки-Суу аралыгындагы көтөрүлүш. 1873-ж. жазында Нарын дарыясынын сол жээгиндеги Экн-Суу аралыгы деп аталчу өрөөндө башталат. Аны башында сол канат кыргыздарынын мундуз уруусунун жөнөкөй үй-бүлөсүнөн чыккан Мамыр Мерген уулу турган. Көтөрүлүшчүлөр адегенде КөкАрт өрөөнүн каптап, Жалал-Абад, Ханабад кыштактарын ээлеген. Июлда Өзгөн шаары алынган. Бул көтөрүлүш күзүндө чоң күч менен зорго басылган.

Лейлектеги көтөрүлүш 1873-ж. көтөрүлүштүн дагы бир чөлкөмү. Түштүк-батыштагы бул кыймылга Мамырбай жетекчилик кылган. Аларга каршы Чаткалдан кайткан Абдырахман абтабачы жөнөтүлгөн. Көтөрүлүш аёосуздук менен басылып, 400дөй киши туткундалып, Кокондо даргага асылган. Көтөрүлүш күзгө жуук басандаган.

1873-1874-жж. бир жарым жылга созулган кыймылга катышпаган кыргыз, кыпчак уруулары болгон эмес. Тарыхый булактар көтөрүлүшкө 132 миңден ашуун түтүнү бар 42 уруунун өкүлдөрү катышкандыгын баяндайт. Бул мезгилдеги көтөрүлүш хаядын эзүүсүнө каршы багытталып, ага негизинен таптык өзгөчөлүктөрүнө карабастан көчмөн кыргыздар менен кыпчактар катышкан. Тилектештигин бнлдиргени менен отурукташкан сарт, өзбек, тажик калкы бул кыймылга адегенде массалык түрдө катышкан эмес.

1875-ж. жазында башталган кыймыл менен көтөрүлүштүн

1876-жж. камтыган экинчи этабы башталат. Кудаяр хандын элге үч эселенген оор салык салышы көтөрүлүштүн кайра жанданышына түрткү болгон. Элдик көтөрүлүштүн экинчи мезгили биринчи мезгилинен өзүнүн максаты, мүнөзү, масштабы жана улуттук курамы менен бир топ айырмаланган.

1875-ж. Полот хан Чаткалдан Лейлекке келет. Көтөрүлүшкө ушул жерден жетекчилик кыла баштаган Полот хан Өзгөнгө келгенде, июнь айында күрөш кьшчак, өзбек, түрк, тажик элдери катышкан чыныгы элдик көтөрүлүшкө айланып калган. Бул кырдаалда Абдырахман абтабачы Кокон хандыгындагы өз бийлигин чыңдоо үчүн Полот хан тарапка өтүп, анын макулдугу менен Кудаярдын уулу Насирдин бекти хан көтөрмөк болгон. Абдырахман абтабачы баш болгон, өзүнун бир топ адамдары көтөрүлүшчүлөргө өтүп кеткен сон Кудаяр хан 22-июлда ордону биротоло таштап, орус төбөлдөрүнө барып коргологон.

1875-ж. 24-июлда Коконго жакын Сары-Талап кыштагында Насирдин бек хан көтөрүлгөн. Ал эми Полот ханды Абдырахман абтабачы баш болгон феодалдар камакка алышкан. Кийинчерээк ал камактан качып чыгып, Чаткалга кеткен.

Насирдинди хан көтөргөн соң Абдырахман абтабачы хандыктьш толук көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн көтөрүлүшчүлөрдүн жүзүн орустарга каршы буруп, «Газават” ураанын жарыялаган. Көтөрүлүшчүлөр орус ээликтерине кирген бир катар жерлерди басьш алышкан. Бул кырдаалда К. П. Кауфман мыкты куралданган 5000 аскери менен көтөрүлүшчүлөргө Кокондун алдында сокку урган. 26-августта Насирдин хан Кауфмандын алдынан тосуп чыгып, орустар таңуулаган келишимге кол коюуга аргасыз болгон. 23сентябрда түзүлгөн бул келишим боюнча Наманган, Касан, Аксы, Ала-Бука чөлкөмдөрүн камтыган Россиянын жаны ээлиги «Наманган бөлүму» түзүлгөн. Ага жаны эле генерал чинин алган М. Д. Скобелев башчы болуп дайындалган. Буга шыктанган генерал көтөрүлүшчүлөрдү канга бөлөө үчүн белсенип киришкен. Ушундай кырдаалда Абдырахман абтабачы менен Полот хан Жалал-Абад чөлкөмүндө кайрадан жолугушуп, орус баскынчыларына каршы биргелешип күрөшүүнү чечишкен. 1875-ж. 27-сентябрда Искак Полот хан аты менен экинчи жолу хан көтөрүлгөн. Эми көтөрүлүштүн мизи Насирдин ханга жана орус баскынчыларына каршы багытталган. Полот хан 9-октябрда Коконду ээлеген. Насирдин хан Кожентке качкан. Полот хандын колу октябрь-ноябрь айларында орус аскерлери менен салгылашууга өткөн. Кандуу кармаш Эки-Суу чөлкөмүндө 1875-ж. 25-декабрынан 1876-ж. 5-январына чейин созулган. К. П. Кауфман жана М. Д. Скобелев демилгечи болгон бул согушта орус аскерлери бөтөнчө мыкаачылыкты көрсөтүшкөн. Муну генерал Скобелевдин: «… Азиядагы бейкутчулук ал жерде кырылган злдин жана кесилген баштын санына түздөн-түз байланыштуу», — деп жазганы далилдеп турат.

Орус аскерлери 8-10-январда Анжиянды ээлеген. Бул кармашта 20 миңдей адам өлгөн. Орус аскери 18-январда Асаке кыштагын ээлеген соң көтөрүлүпгчүлөрдун мизи майтарылган. Орус куралына туруштук бере албасына көзү жеткен Абдырахман абтабачы да М. Д. Скобелевке 24-январда багынып берген. Полот хан Чоң-Алайга качууга аргасыз болгон.

Кокон мамлекетин жеңип алуучу катары тарыхта калуу үчүн караөзгөй М. Д. Скобелев Коконду баарынан мурун ээлөөгө ашыккан. Натыйжада Кокон ордосу 1876-жылдын 8-февралында М.Д.Скобелев тарабынан биротоло ээленген. Хандыктын жоюлушу жөнүндөгү указга падыша Александр П

февралда кол койгон. Ушул күнү туткунга түшкөн Искак Полот хан К. П. Кауфмандын буйругу менен Маргалаңдын чон базарында 1-март күнү даргага асылган. Кокон хандыгы ээлигининаймагында Фергана областы уюштурулган. Анын башчылыгына «сиңирген эмгеги” үчүн генерал М. Д. Скобелев дайындалган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор