1918-1920 жж. ГРАЖДАНДЫК СОГУШ

Келишпес мүнөзгө ээ болгон айыгышкан согуш 1918-ж. экинчи жарымынан башталып, 1920-ж. аягына чейин созулган. Бул согуш Түркстан аймагында, анын ичинде Кыргызстанда, эң эле катаал формада жүргүзүлүп, айрым бир өзгөчөлүктөр менен өткөн.

1918-ж. жайында империалисттик мамлекеттердин аракеттеринин натыйжасында граждандык согуш күч алат. Ак гвардиячылар менен бириккен Англиянын, Франциянын, АКШнын жана Япониянын куралдуу кучтөру Совет бийлигин кулатуу үчүн согуш аракеттерин ачык башташкан. Атаман Дутовдун 1918-ж. 3-июлда Оренбург шаарын басып алышы менен Түркстан Борбордук Россиядан бөлүнүп калган.

Түркстандагы контрреволюциячыл күчтөрдү басуу үчүн 1918-ж. июлда Ак-Төбө, Закаспий, Жети-Суу фронттору түзүлгөн.

Кыргызстандын түштүгүндө граждандык согуш басмачыларга каршы багытталган. Алгачкы мезгилде басмачылардын аракети жергиликтуү калктын улуттук-боштондук күрөшү катары башталып, бара-бара реакциячыл кыймылга айланып кеткен.

Басмачылыкты жергиликтүү феодалдар менен буржуазия жетектеген улутчул кыймыл болгон деп бир беткей баалоого болбойт. Анткени аларды империалисттик мамлекеттер, биринчи кезекте Англия колдоп, жетекчилик кылган. Түштүк Кыргызстанга кенири жайылган басмачылардын кыймылын Калкожо, Мадаминбек, Мойдунбек, Эргеш, Рахманкул, Шермухаммед (Көршермат), Аман палван, Жаныбек-казы ж. б. корбашылар жетектеген. Алар чындыгында ак гвардиянын офицерлерине, чет элдик интервенттерге баш ийген.

Басмачылыктын демөөрчүлөрү бул кыймылга саясий түс бериш үчүн панисламизм жана пантуркизм идеяларын пайдаланышкан. Чет элдик империалисттер бул аркылуу өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөшкөн. Басмачылык мурдагы падышачылыктын колонизаторлору жана чет элдик империалисттер активдүү колдогон жергиликтүү контрреволюциячыл кучтөрдүн Совет бийлигине каршы жүргүзгөн тап күрөшүнүн өзгөчө формасы болгон. Бул кыймыл Кыргызстандын түштүгүндөгү айрым жерлерде 1924-ж. чейин уланган. Бирок, бул кезде алар элдин колдоосунан ажырап калган.

Түркстанда, анын ичинде Кыргызстанда Совет бийлигин коргоо үчүн Түркстан АССРиннн Борбордук аткаруу комитети 1918-ж. 10-июлда атайын кеңири чечим кабыл алып, Түркстанды коргоо үчүн штаб түзгөн. Коргоо ишине жергиликтүү калкты тартууга өзгөчө көңүл бурулган. Натыйжада жергиликтүү калктын өкүлдөрү Кызыл Армияга ыктыярдуу түрдө өтө баштаган. Кыргызстанда алгачкылардан болуп Ю. Абдрахманов, К. Баялинов, С. Каралаев, Ж. Саадаев, И. Токбаев өңдүү кыргыз жигиттери Кызыл Армияга кызмат кылган. Граждандык согуштун жүрүшүндө Я. Н. Логвиненко, А. Осмонбеков, Ж. Саадаев, С. Күчүков, М. Масанчин сыяктуу мыкты командирлер чыккан.

1918-ж. сентябрында Пишпекте 250 адамдан турган отряд түзүлүп, Жети-Суу фронтуна жөнөтүлгөн. Бул отряд кийин Кызыл Армиянын Пишпектеги советтик биринчи полку болуп кайра түзүлгөн. Ага большевик Я. Н. Логвиненко командирлик кылган. Кызыл аскерлердин күчтүү отряддары Токмокто, Пржевальскиде, Нарында, Ошто, Жалал-Абадда, Кызыл-Кыяда ж. б. түзүлгөн.

1918-ж.   7-декабрда солчул эсерлердин жетекчилиги менен Беловодск кыштагында козголон башталып, ал жердеги Совет бийлигин жоюп, анын өкүлдөрүн асыд өлтүрүшкөн. 14-декабрда алар Пишпекке чабуул коюшуп анын батыш бөлүгүн ээлеп алышат. Аларга Сокулук, Кара-Балта, Садовое, Александровка ж. б. кыштактардан келгин дыйкандар кошулган. Аны басуу үчүн Түндүк Кыргызстандын бардык райондорунан Кызыл аскерлер чогулган. Түндүк Жети-Суу фронтунда атагы чыккан 1-Пишпек полку жардамга жиберилген. Алар 600 км жолду 9 суткада басып өтүп 22-декабрда Пишпекке келген, Кызыл аскерлердин бириккен күчтөрү 23-декабрда козголоңчуларга кыйраткыч сокку урган.

1919-ж.   июль айында ак гвардиячылардын отряды Пржевальск уездине кирип келишип, Туп кыштагын ээлеп алган. Аларды Николаевка, Покровка, Михайловка, Семеновка кыштактарындагы келгин бай дыйкандар колдогон. 20-июлда бай дыйкандар колдогон ак гвардиячылар Пржевальскиге чабуул койгон. Шаардын эли Токмоктон, Верныйдан кызыл аскерлер жардамга келгиче бир жума бою шаарды коргогон. 26-27-июлда кызыл аскерлердин биргелешкен күчтөрү козголоңчуларга чечүүчү сокку урган. Козголоңдун активдүү уюштуруучулары Кытайга кире качкан.

Түркстанда Совет бийлигин чындоо үчүн 1919-ж. 14-августта Совет өкмөтү Түркстан фронтун уюштурган. Анын башкы командачылыгына жердешибиз М. В. Фрунзе дайындалган. Түркстан республикасындагы бардык аскердик күчтөр анын карамагына өткөн. Ак гвардиячылар менен болгон айыгышкан согуштан кийин Кызыл Армия сентябрда Түркстандын аскерлери менен кошулган. Ташкент менен Россиянын ортосундагы байланыш кальгбына келтирилген.

1920-ж.   февралда М. В. Фрунзенин буйругу боюнча Жети-Суудагы кыргыз-казактардан Өзгөчө кыргыз атчандар бригадасы түзүлгөн. Буга чейин 1919-ж. декабрда Токмок уездинде М. Масанчи командалык кылган дунган атчандар полку уюштурулган. Наманган уездинде А. Осмонбеков кыргыздардан турган отряд түзгөн. Улуттук аскердик бөлүктердүн түзүлүшү граждандык согуштун жүрүшүндө өзгөчө роль ойноп, жергиликтүү калктын Совет бийлигине болгон ишеничин бекемдеген.

1920-ж. сентябрда Дыйкандар армиясынын командири К. Монстров Мадаминбек корбашы менен союз түзүп, «автономдуу өкмөт» түзүү үчүн курөшмөк болушат. Алардын бириккен күчтөру 8-сентябрда Ош шаарын ээлеген. 17-сентябрда болсо Анжиянды курчоого алышкан. Бул шаарларга жардамга келишкен кызыл аскерлердин отряддары К. Монстров менен Мадаминбектин куралдуу күчтөрүн сентябрдын аягында талкалаган. Алардын аскерлеринин калдыктары Гүлчөгө чогулушуп, Фергананын убактылуу өкмөтүн түзүшкөн. 1919-ж. октябрда Мадаминбек Айым кыштагына корбашчыларды кенешке чогултуп, анда ал хан делип жарыяланган. Бир нече куралдуу кармаштардая кийин К. Монстров 1920-ж. 17-январда колго түшкөн. Жеңилерине көзү жеткен Мадаминбек 6-мартта багынып, Совет бийлигин тааныган.

Коопсуздукту сактоо үчүн Түркстан аскерлеринин командачысы М. В. Фрунзе 1920-ж. 7-майда Кызыл Армияга жергиликтүү калктан 19-35 жаштагы 30 мин адамды мобилизадиялоо жөнүндө буйрук чыгарган. Бул Борбордук Азия элинин тарыхындагы биринчи мобилизация болуп, яш жүзүнө ийгиликтүү ашырылган.

Ички жана тышкы контрреволюциячыл күчтөр талкалавган сон авын калдыктары чет жактагы райондорго барышып, ал жактарда акыркы аракеттерди жасап көрүшкөн. Ошондой козголоңдордун бири 1920-ж. ноябрда Ат-Башыда башталган. Анын башында мурдагы офицер Д. Кирьянов, соодагер К. Бондарев (кыргыздар муну Мөндүрүп дешкен) турган. Алар жергиликтүү бай-манаптардын жардамына таянып Нарын шаарында контрреволюциячыл төңкөрүш жасаган жана андагы 23-полктун командалык курамын туткундаган. Шаардагы Совет бийлигинин жетекчилери өлтүрүлүп, 47 партиялык, советтик кызматкер камакка алынган. Падышачылык бийлик орнотулган. Козголончулар Жети-Суудагы бийликти колго алыш үчүн Токмокко жана Пишпекке аттанышкан.

Кызыл аскерлердин отряддары аларды Кочкордон тоскон. 16-ноябрдагы катуу салгылашууда төңкөрүшчүлөр талкаланып, башчысы Д. Кирьянов колго түшкөн. Калдыктары Кытайга качкан. Ноябрдын аягында Нарын уезди козголоңчулардан толук тазаланып, Совет бийлиги калыбына келтирилген. Ошентип, 1920-жылдын аягында Кыргызстанда граждандык согуш аяктаган.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор