Рубрика: Дастандар жана эпостор

«КУЛМЫРЗА МЕНЕН АКСАТКЫН» тууралуу

«Мырза уул менен Аксаткын» аталган поэманын бир вариантын 1947-жылы Ноокат районундагы, Кызыл Бостон селсоветинин, III Интернационал колхозунун Абек кыштагында жашоочу Тажибаева Анаргүлдөн Каим Мифтаков жазып алган.   Рефератты көчүрүү

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ                       

Кыргызстандын маданияты менен «Манас» эпосун изилдөөчүлөрдүн алдында турган көптөгөн маселелердин ичинде эпостун аты аталган каармандын — Манас баатырдын ысымы жөнүндөгү маселе акыркы орунда турбайт. Биздин көз карашыбызча, эпикалык каармандын ысымы жөнүндөгү маселе кыргыздардын Тянь-Шанга ооп келиши (биз алардын массалык түрдө

Кененирээк окуу

“ЭР ТАБЫЛДЫ” эпосу

«ЭР ТАБЫЛДЫ” эпосу – кыргыз калкы басып өткөн катаал күндөрдүн изи, баатырдык күрөштөрүнүн, илгери үмүт, ой-тилектеринин элеси, жандуу тарых катарында эл көңүлүндө, ой-сезиминде күнү  бүгүнкүдөй сакталып, ал да окурмандардын көңүлүн толкутуп термелткен идеялык-мазмуну бийик, көркөмдүгү жогору чыгарма. Ал Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө  да кеңири

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫ

Манастын туулганы — эпостун варианттарынын бардыгында кездешүүчү туруктуу эпизоддордон. Чыгарманын сюжеттик курулушунда негизги окуялардын башталыш түйүнүнүн милдетин аткарат. Атайын тема коюлуп, өзүнчө бөлүм катары айтылышы (Сагымбай Орозбаковдун варианты), же жалпы тема менен эле берилиши да мүмкүн (Саякбай Каралаевдин варианты, Радлов жазып

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ

МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ — эпостун варианттарынын дээрлик бардыгында бар туруктуу салттык чоң эпизод. Баатырдын салтка ылайык үйлөнүүсү, айрыкча баатырдык үйлөнүү эпостордогу кеңири белгилүү, терең иштелип чыккан салттык сюжеттерден. Эпосто Каныкей Манастын өзүнөн кем эмес, айрым учурда жогору бааланган образдардын бири болгондуктан

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН КАН ШАЙЛАНЫШЫ

Манастын кан шайланышы — эпостун бардык белгилүү варианттарында бар туруктуу сюжеттердин бири, салт боюнча баатырдын балалык, өспүрүм курагынын бүткөн чеги катары эсептелет, сюжеттин орчундуу түйүнү. Жакыпка канатташ жашап, ынтымагы бир жамаатташ болгон Алтай тоосунун арасындагы казак, кыргыз, алчын, үйшүн, найман, аргын,

Кененирээк окуу

«ЖАҢЫЛ МЫРЗА” ЭПОСУ

«ЖАҢЫЛ МЫРЗА” –  эпос. Ал баатырдык эпостордун арасында  өзгөчө  орун ээлейт. Бул чыгарма баатыр кыз Жаңылдын тагдырына арналган. КРУИАнын Манастаануу борборунун кол жазма фондуна «Жаңыл Мырза” эпосунун төрт варианты: Тоголок Молдонун, Ы. Абдракмановдун, А. Чоробаевдин, М. Мусулманкуловдун варианттары сакталган. 1957-ж. өзүнчө китеп болуп да

Кененирээк окуу

НЕСКАРАНЫН МАНАСТАН ЖЕҢИЛИШИ

Нескаранын Манастан жеңилгени — Манастын алгачкы эрдиктери темасына кирген белгилүү окуялардын бири. Адашып Жакып жашаган Кең-Аралдын аягы менен өтүп кеткен Нескаранын колу эки күн жол жүрүп Маңгулдуктардын Жайсаңбай деген байынын жайыттагы он миң жылкысына туш келип, Жакыптын жылкысы деп ойлоп түп

Кененирээк окуу

«КАРАГУЛ БОТОМ” ДАСТАНЫ

«КАРАГУЛ БОТОМ” – дастан. Турмушта болуп өткөн окуя. «Карагул ботом” элге таасирдүүлүгү, өзөктү өрттөгөн оор жоготууну элестүү сөздөр менен кошокко айландырган ыры, муун-жүндү бошоткон кайгылуу обону аркылуу ого бетер артылган. » Карагул ботомдун” эл ичинде айтылып жүргөн 5–6 варианты бар. Башка жанрларга

Кененирээк окуу

«КАРАЧ ДӨӨ” ДАСТАНЫ

«КАРАЧ ДӨӨ”  –  дастан. «Карач дөө”  –  жөө  жомоктун нугунда 1939-ж. К. Акиев тарабынан ырга айландырылган дастан. Аны акын  өзү  да эскерет. Көлөмдүү, 4700 ыр жолдон турат. Чыгарманын негизинде «Болот” сыяктуу жөө жомоктун жаткандыгы мазмун жагынан салыштырууда ачык көрүнөт. Жомок боюнча  байдын кенжеси «балапан жүнү түшө элек, балтыр

Кененирээк окуу