Рубрика: Инсандар

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

АЙТМАТОВ  ЧЫҢГЫЗ (1928, Карабуура р-ну)  –  жазуучу. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) ж-а СССР мамл. сыйл. лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, иск-во ж-а адабият академиясынын анык мүчөсү  (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк

Кененирээк окуу

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

ЖАКЫПБЕКОВ  Ашым ( 1935, Карабуура р-ну  –  1994, Бишкек)  –  прозаик, котормочу. 1958-ж. КМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Ж-дун биринчи аңгемелер жыйнагы 1961-ж. «Жаралуу көгүчкөн” деген ат м-н жарык көргөн. Ж-дун алгачкы аңгемелеринен тартып «Теңири Манас” романына чейинки чыгармалары, котормолору аркылуу өзүн кыргыз тилинин ой-чуңкурунун, нукура

Кененирээк окуу

МАХМУД КАШКАРИ

МАХМУД КАШКАРИ, Махмуд ибн Хусейн ибн Мухамед (1029–30, Ысыккөл өрөөнү – 1126) – энциклопедист, ойчул. Кашкар жана  Багдад калаасында билим алган.  Махмуд Кашкари жаштайынан тилге, адабиятка, тарыхка абдан кызыгып, илимдин башка тармактары боюнча  да көптөгөн маалыматтарды билген, б. а. энциклопедиялык билимге ээ улуу ойчул болгон.

Кененирээк окуу

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ

САРНОГОЕВ  Байдылда (1932-ж. т., Талас р-ну)  – Кыргыз Республикасынын эл акыны. А. М. Горький атындагы адабият институтун (1956) бүтүргөн. Жазуучулар Союзунда кеңешчи (1959–1973) болуп иштеген. Узак жылдан бери чыгармачылык менен  гана алектенип келет. 13 жашынан ырлары чыга баштаган. 20 жашында биринчи жыйнагы «Шумкар”

Кененирээк окуу

ТЫНЫБЕК ЖАПЫЙ УУЛУ

ТЫНЫБЕК Жапый уулу (1846, Жетөгүз району  – 1902) – манасчы. Тыныбектин  өмүр жолу жөнүндө  так, кеңири маалыматтар аз. Манасчынын  өз небереси Актан Тыныбек уулу ар кимден уккан эскерүүлөрүнүн негизинде 1938-ж. жазып тапшырган кол жазма азыр негизги маалымат катары эсептелип жүрөт.

Кененирээк окуу

ТҮМӨНБАЙ БАЙЗАКОВ

Т. Байзаковдун «Тилегим» аттуу ыры 1946-жылы гезитке басылган. Акындын «Тандалмалар» (1983) жыйнагында да «1941», «1942», «1943» деген даталар менен белгиленген он чакты ырлары кезигет. Ошентсе да акындын чыгармачылыгына саресеп салып караганда, ал акын катары адабий процесске 60-жылдардын аяк ченинен баштап

Кененирээк окуу

СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ

Кыргыз эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты С. Жусуев 50-жылдардан баштап кыргыз адабиятында чыгармачылык изденүү менен талыкпай эмгектенип келе жатат. Алгачкы тажрыйбалык процессти баштан өткөрүүдө акын да көпчүлүк жаш акындар сыяктуу эле «алыкулдук агымдын» толкунунда болгон. Анын үйрөнчүк деңгээлде жүргөндүгүн тырмак алды

Кененирээк окуу

МУСА ЖАНГАЗИЕВ

Кыргыз эл акыны М. Жангазиевдин алгачкы чыгармачылыгынын башаты 40—50-жылдарга таандык. Адабий чөйрөгө ал алгач турмуш тиричиликтен алынып жазылган публицистика, очерк ошондой эле фельетондору аркылуу аралаша баштайт. Ал эми акындын эң биринчи чыгармалар жыйнагы «Балалык» деген ат менен жарыкка чыгат. Андан

Кененирээк окуу

ШАПАК РЫСМЕНДЕ УУЛУ

ШАПАК  Рысменде уулу (1863–1956, Кочкор  өрөөнү) – манасчы. Шапак бала кезинен ырга, көркөм сөзгө  кызыгып, аны жатка айтып берүүгө  абдан шыктуу болгон. Шапактын «Манас» айтып калуусуна Кочкорго көчүп келип  Рысмендеге айылдаш конгон залкар манасчы Балыктын таасири тийген. Балык көчүп келген жылдары Шапак он үч жашта

Кененирээк окуу

ЫСАК ШАЙБЕКОВ

ШАЙБЕКОВ ЫСАК  (1880–1957, Кемин р-ну). Кичинесинен эле ата-энеден ажырап, жетимдиктин тору моюндап, оор турмуштун запкысын башынан өткөргөн. Эс тартып, кол арага жараган күндөн баштап, ар кимдин малын багып, эгинин оруп жан сактоонун түйшүктүү  жолуна түшөт. Мына ушул кайгылуу турмуштун азаптуу издери Шайбековдун

Кененирээк окуу