Рубрика: Инсандар

ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛАЕВ

БӨЛӨБАЛАЕВ  Осмонкул (1988, Кант р-ну  –  1967, Бишкек)  –  акын. Б. кайсыл тематикада эмнени ырдабасын,  буйдалбастан төгүп жиберген артыкчылыгы, ырларынын салмактуулугу, санаттарынын учкулдугу, төкмөлүгүнүн күлүктүгү, оюңдагыны таап ырдаган алымдуулугуу м-н Жеңижок, Эшмамбет, Барпыдай ак таңдай төкмөлөрдүн катарына кирет. Б. алгач Жаманкул, Калмырза сыяктуу ырчыларды көрүп, төкмөлүктүн жол-жобосун

Кененирээк окуу

ШҮКҮРБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ

БЕЙШЕНАЛИЕВ  ШҮКҮРБЕК (1928, Акталаа р-ну  –  2000, Бишкек)  –  Кыргыз эл жазуучусу. Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1982). Прозаик, драматург, 1952-ж. КМУнун филология факультетин аяктаган. 1974-ж. Кыргыз ССРинин иск-восуна эмгек сиңирген ишмери наамын алган. 1950-ж. «Чыныгы достук” повести жарык көргөн. Жазуучунун калемине «Таалай жолу” (1964), «Болот калем” (1981),

Кененирээк окуу

КЕТ БУКА

КЕТ БУКА – акын, 13-кылымда жашаган. Анын өмүр сүргөн кылымын кесе айтуунун тарыхый жана  фольклордук негизи бар. Анткени, ал Чынгыз хандын жортуулу мезгилинде жашаган. Ал жөнүндө санжыра, уламыш, күү, легенда тарыхында жана  тектеш элдердин (ногой, казак) фольклорунда ачык маалыматтар сакталып калган. Алсак,

Кененирээк окуу

НАЙМАНБАЙ БАЛЫК УУЛУ

НАЙМАНБАЙ Балык уулу (1844–1913) –  айтыш акыны, жомокчулардын тибине кирет. Совет мезгилинде сындалып, иликтөө алганынан четтетилген ири ырчылардын катарында турат. Өз заманында жашаган акындардын көпчүлүгү менен айтышкан. Толук эмес маалымат боюнча  да алардын саны бир топ: Калмырза, Бекназар, Эсенаман, Жаманкул, Токтогул, Эшмамбет,

Кененирээк окуу

СЕЙДЕНЕ МОЛДОКЕ КЫЗЫ

СЕЙДЕНЕ Молдоке кызы (1922, Кетментөбө өрөөнү) – семетейчи. Айылдык жети жылдык мектепти аяктаган. Сейдене өтө жаш кезинен ырга, сөзгө үйүр болуп, өзү да кези келгенде жамактатып ырдай коюп жүргөн. Элде Сейдене Атай Огомбаев менен айтышкан деген аңыз сөз бар. Сейдене «Семетей» айтып калышын

Кененирээк окуу

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

Касым Тыныстан уулу/Тыныстанов (1901, азыркы Ысыккөл району, Чырпыкты кыштагы, — 1938) — кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору (1936). Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү

Кененирээк окуу

БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ

БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ (1911–1994 Түп р-ну)  –  котормочу, белгилүү  тилчи, окумуштуу. 1940-ж. Кыргыз Мамл. педагогикалык ин-тун бүтүргөн. 1961-жылдын өмүрүнүн аягына чейин Баласагын атн. КМУнун ага окутуучусу, доцент, ардактуу профессору болуп иштеп келген.  1933-ж. Т. Байжиев м-н бирге 3–4-класстар  үчүн кыргыз тилинин алгачкы окуу куралын чыгарган. 1949-ж. кыргыз

Кененирээк окуу

ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ

КОЖОМБЕРДИЕВ  Турар (1941, Калинин р-ну  –  1989, Фрунзе)  –  акын, котормочу. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын  лауреаты (1968). КМУнун филология факультетин (1966) бүтүргөн. Кожомбердиевдин чыгармалары 1959-жылдан басма сөзгө  жарыялана баштап, 1961-ж. «Көлчүктөгү  ай” деген балдар  үчүн биринчи жыйнагы жарык көргөн. Ошол китеби аркылуу эле балдардын дүйнөсүнө балдардын көзү менен караган,

Кененирээк окуу

НАРКУЛ УУЛУ НУРМОЛДО

НАРКУЛ  уулу Нурмолдо (1838, Ала-Бука р-ну  –  1920)  –  белгилүү  жазгыч жана  төкмө  акын, даанышман ойчул жана  агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн илимкөй адамдар болгон. Атасы Наркул, калган ата-бабаларын нары көздөй атаганда: Молдо Темир, Кара кычкач, Молдо кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан,

Кененирээк окуу

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

СОЛТОНОЕВ Белек (1878, Кемин району  – 1938, репрессияга туш болгон) – Кыргыз тарыхчыларынын эң алгачкыларынын бири, көрүнүктүү тарыхчы. Атактуу «Кызыл кыргыз тарыхы” кол жазма тарыхынын автору. Белек 7–8 жаш курагында молдодон окуп, сабатын ачкан. Бишкекке келип бак өстүрүүчүлөрдүн эки жылдык даярдоо

Кененирээк окуу