Рубрика: Кыргыз кол өнөрчүлүгү

КЫЛ КЫЯК

КЫЛ КЫЯК — элдик үндүү аспаптардын бир түрү. Бул муң-зарды өзүнө батырып, өткөн доордун музасын топтоп турат. Аспаптын узуну үч карыш, эки эли болот. Анын эки кулагы бар. Кыл кыяктын кулагынын мындай чоң болушунун себеби, аттын туу куйругунан тандалма токсон

Кененирээк окуу

КЫЛДЫРООЧ

«Кыдырата карадым, Кылдыроочу кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Терме кылдырооч нарктуураак көрүнөт. Анын чети чачыкталат. Ал — тегиричтин бир түрү. Кылдырооч «эр

Кененирээк окуу

КЫЯЛ

а) Элдик колдонмо-жасалга өнөрүндө узануу менен уздануудагы чыгармачылыктын жогорку чеги. Ал — ар бир устанын жана уздун бири-бирине анча коошпогон өздүк көркөм оюм-чийим жаратуудагы жекече мамилесинин натыйжасы. б) Айрым атактуу чеберлердиң аттары кошо айтылган көркөм оюмдары менен көчөттөрү. Мисалы: «Салбай

Кененирээк окуу

КЫЧКАЧ

КЫЧКАЧ — зергердин аспабы. Муну менен жашыган күмүштү, күжүдөгү чоктонгон темирди кыпчып алып, дөшүгө коет. Бул жашык металлдан жасалат. Ичке, майда нерселерди кармоого эптүү эки учу учтуураак, жаактары бүкүрүңкү келет да, шакектелип коюлат. Кычкачтын бөлөк түрлөрү да бар. Мисалы, төрт

Кененирээк окуу

КЫРГАК

КЫРГАК — Кооз буюмдардын бир түрү. Бул шөкүлөнүн, такыяны, элечектин эң сырткы кырчоосу. Азем буюм-тайымдар ушул кыргагы менен көрктүү көрүнөт. Алар ар кыл эндүүлүктө, ар кандай кездемелерден кооз саймаланып жана кештеленип да жасалат. Кымбат баалуу металлдар менен чөгөрүлүп да кармалат.

Кененирээк окуу

«КЫЛЫЧ БАЙЛОО»

«КЫЛЫЧ БАЙЛОО» — Түймөчүлүктүн бир түрү. Муну негизинен Тоң, Ат-Башы, Нарын аймагындагылар арбын кармашат. Аны көбүнчө боз үйдүн тегиричи, сайма жабык башынын жээгине тартат. Мында ар бири алты талдан жипти үчтөн кайчылаштырып байлайт. Анын «өрмө чачысы» бар. Мында да алты

Кененирээк окуу

КҮЗҮК

КҮЗҮК — килем токууда жана өрмөк согууда улам аркак өткөрүлгөн сайын үстүңкү — эркек жиптеринин ар биринин арасы менен астыңкы — ургаачы жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу бөлүгү. Килемде эриш жип бүт бойдон жүгүртүлүп бүтүп өрмөктүн эриш жиби жүгүртүлүп

Кененирээк окуу

КҮЗГҮ КАП

КҮЗГҮ КАП — Кыз-келиндердин өздүк буюмдары салынуучу баштык. Ага: атыр, күзгү, самын, шуру, эндик өңдүүлөр кирет. Күзгү каптагы көркөм көчөттөр туш кийизден айырмаланат. Күзгү каптын капкагы, этеги «тор чачык» жана «топ чачык» менен чачыланат. «Кылыч байлоо» менен кооздолот. Үстүнкү кулакчаны

Кененирээк окуу

КҮЖҮ

«Күжү күйгүзгөн, күмүштү күлгүзгөн» (Макал). Бул — көрүктүн отту, чокту, үйлөп чоктонтуп туруучу бөлүгү. Колго сагыздай ийленген чопо топуракка майда кыркылган кылтак жүн аралаштырып, кудум куйма калыптай ийине келтирип, «күжү» жасалат. Түсү бышкан кирпичтей күжүгө тигил ноктолонгон эки ачакейдин тумшугу

Кененирээк окуу

КҮДӨРҮ КАЙЫШ

«Чын күдөрү болсун деп, балбандарга тарттырган» (эл ыры). Бул — колдо иштетилген кол булгаарынын бир түрү. Айрым чеберлер толгоп тар’ тып, керип чоюп, талкууга коюп да ийлешкен. Иштетүүгө ийкемдүү кайыш. Илгери сыйрылган теринин түгүн дароо кырып, чийкилей да ийлешкен. Ийи

Кененирээк окуу