Рубрика: Кыргыз кол өнөрчүлүгү

КҮБӨК

«Эңкейсең эрке чайпалган, Күбөгүңдү сагындым» (Аалы). Бул — зер буюму. Күбөктүн узундугу 80 см болот. Мунун эки өрүм чачка тагыла турган эки бөлүктөн зер шөкөттөрү бар. Анын ар биринде аралары мончоктолгон тоголок күмүш чыйрак жиптерден турган чаян түйүштөрү тизмектешет. Конус

Кененирээк окуу

КӨПТҮРМӨ САЙМА

КӨПТҮРМӨ САЙМА — ийне сайманын бир түрү. Мында жердикке түшүрүүчү учуна жипти эң майда кылып сайса, ал бирдей түшүрүлөт. Сайма тик бурчтуктанып, оюм-чийимдин ийине ойдогудай түшпөй калышы да мүмкүн. Көптүрмө саймага түшкөн көчөттүн көрүнүшү чийге, килем бетине жана өрмөккө берилгендей

Кененирээк окуу

КӨӨР (Каухар, көөкар)

«Андаштын уулу Сары эле, Айдалып барган а деле, Колунан көөрү төгүлгөн, Усталыгы бар эле» (Токтогул). Ал — ар кандай асем буюмдардын жүзүн ачуучу асыл зат. Демек, чебердин колунан жараткан аруу нускалар «көө хардай жанып турат» деген түшүнүктү берет. Айлакер чеберлерге,

Кененирээк окуу

КӨӨРҮК

КӨӨРҮК (көрүк) — усталардын көмүрдү үйлөтө турган аспабы. Көмүргө көөрүк жан киргизет. Кыргыздар урунган көөрүк «кол көөрүк» же «ала көөрүк» деп аталган. Бул эки туюк териден, ача жыгачтан, түтүк темирден турган. Кош багалектүү көөрүктүн сырты түктүү да, жаргактуу да келген.

Кененирээк окуу

КӨМҮР

«Көмүрүнө чыдабай, көп токойлор кыйылды» («Манас»). Бул — күйгөн жыгачтын өчүрүлгөн чогу. Көмүрсүз көрүк үйлөнбөйт. Зергерлер жыгач отундун чогун этиеттеп, гүлгө айлантпай өчүрүп алуунун сырларын да укмуштай билишкен. Демек, чок болуп күйгөн отундун өчүрүлгөн ал кара күйүгү устакерчиликти иштетүүнүн эң

Кененирээк окуу

КӨӨКӨР

«Көөкөрүм кооз болсун — деп, Көп жубанга бычтырган, Көк жибек менен тиктирген» (Жеңижок). Бул — шири идиштеринин кооз түрү. Атайын кымыз куюуга колдонгон. Аны жасоо үчүн чеберлер уйдун, төөнүн терисин тандашкан. Калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып алып бычышкан.

Кененирээк окуу

КӨНӨК

КӨНӨК — Бул шири идиштеринин бир түрү. Бээ саачу, кымыз куюучу, кыскасы, актын касиетин узакка ойдогудай сактоочу шири идиш. Муну көркөмдөп жасоодо көпчүлүк чеберлер анын орточо бийиктигин жана диаметрин 26, 32 смден ашырышпайт. Чакан көнөктүн сыйымдуулугу он-он эки литрге барабар.

Кененирээк окуу

КӨН БУЮМДАРЫ

КӨН БУЮМДАРЫ — Бодонун терисинен колдо иштетилген булгаары. Андан салттуу буюмдар: жагдан, чыны кап, ат жабдыктары: жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, тердик (кичим) жасалат. Кепич, мөкү, маасы, көк жеке өңдүү бут кийимдер тигилет. Эңдейлене жана каттала тигилип, ал күмүш, жез, мис,

Кененирээк окуу

КУЮШКАН

«Куюшканы кабат» (макал). Ал — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Токулган ээрди эңкейиште аттын (унаанын) моюнуна кетүүдөн сактайт. Мунун эки учу ээрдин арткы актасындагы чыгарагына бекитилет. Куюшкан да кайык, өрүм аркылуу бүткөрүлөт. Анын шөкөттөлгөн «кошундусун» төрт-алты-сегиз талаа чыгарып көркөмдөгөн зергерлер чыккан.

Кененирээк окуу

КУРЖУН

«Көк-Талдан көчүн эңкейткен, Көк куржунун деңкейткен, Ак-Талдан көчүн эңкейткен, Ак куржунун деңкейткен» (Жеңижок). Бул — ортосу бириктирилген кош көздүү баштык. Ал ар кандай көлөмдө жасалат. Орточо куржундун бир көзү 50×50 см келет. Аны айланта «милте» (жээк) коюп, чети жана бурчтары

Кененирээк окуу