Рубрика: Кыргыз кол өнөрчүлүгү

ЖАГДАН

«Баштык-үштүк, жагдандын, Чечилип баары чачылды» (К. Жантөшев). Бул — көн буюмдарынын бир түрү. Теричилик менен зерчиликтин күчү менен көз уялта кооздолуучу буга кымбат баалуу буюмдар, адими жана кийим- кечектер салынат. Жагдан жүктүн астына коюлат. «Кырмалуу жагдан кырк килем, Кыргыздын жайын мен

Кененирээк окуу

АЯК

АЯК (кесе) — «Кер аякка куйгандан, Керилтип кымыз сунгандан» (Жеңижок). Бул — кырма идиштеринин бир түрү. Ичи иштүү, тегерек идиш. Аяк арчадан да, кара жыгачтан да, талдан да, теректен да, кайыңдан да, акчечектен да, жемиш бактарынан (өрүктөн, жаңгактан) жана башкалардан

Кененирээк окуу

КЕМЕР КУР

КЕМЕР КУР (Эр кемери) — «Күндөй бетин нур чалган, Күмүштөн кемер курчанган» («Семетей»). Бул — азем буюм. Зергердин зиректигин айкындай турган нускалардын бири. Кадимки курдай белге чактала булгаары, кайыштан жазы тилинет да, каттай тигилет. Анын бетине түркүн түспөлдө жазы жашык

Кененирээк окуу

ЖЫЛААЖЫН

«Желенин орду аңгырап, Желге айтып сырын жалдырап, Жылаажын үндүү кулундун, Жүргөнүн эстеп кайгырат» (Байдылда). Желпинүү аркылуу үн чыгарып, көбүнчө алгыр куштарга тагылуучу кичинекей коңгуроо. Адатта, уук учтук боз үйдүн эшигин ачып жабууда эпкин менен термеле түшөт. Ошол эпкин менен жагымдуу

Кененирээк окуу

ЖАБЫК БАШ

«Жабыш башы кундуздан, жана токсон үй болду» («Манас»). Бул — көбүнчө кийиз оюм менен жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң негизгилеринин бири. Анын түрдүү үлгүлөрү бар. Мисалы, четине

Кененирээк окуу

АШАТКЫ

АШАТКЫ — «Кырк эчкинин териси, Ашаткыга жатыптыр, чыгы менен катыптыр» («Манас») Терини ашатуу үчүн пайдалануучу жарма, ачкыл, айран жана улпактын аралашмасы. Жаңы сыйрылган терини жайып, күнгө бир аз тоборсуган соң анын чел этин алуу үчүн жандыктыкына (кой, эчки, кийик) орок,

Кененирээк окуу

КЕМЕНТАЙ

«Ак олпогун жамынса, Кийгенине жарашкан, Астындагы Аккула, Мингенине жарашкан» (Жеңижок). (Ак олпок — кементайдын бири. Жоокерчиликте кийилет.) Бул — элдик сырт кийим. Мунун жердиги кийиз болот. Ал орточо калыңдыкта бышырылат. Ар түстөгү кийиздерден чепкендей узун жасалган бул сырт кийим кементайдын

Кененирээк окуу

ЖЫГАЧ ОЮМДАРЫ

ЖЫГАЧ ОЮМДАРЫ— Жыгач бетине элдик көркөмдүк берүү. Жыгачтын ар кандай шартына карап, кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан бери келген. Анткени, жыгаччылык элибиздин турмуш-тиричилигине кирип, жеринен карым-катыш алып келгени менен анын адамды имерчиктете турган эски нускалары азыркы муундарга эң эле аз

Кененирээк окуу

БУЛГААРЫ

БУЛГААРЫ — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Көркөм буюм жасоонун, иштетүүнүн ийкемдүү түрү. Бул азыр заводдон чыгат да, жаралуучу буюм-белектин кагазга эскизин (үлгүсүн) түзүү шарттуу көрүнөт. Илгерки чеберлер терини сыйрып, жыдытып, же жүнүн алуудан баштаса, мында булгаарынын бир нече түрү

Кененирээк окуу

АТ ЖАБУУ

АТ ЖАБУУ (тикек) — Ат жасалгаларынын мерчемдүү бөлүгү. Ээрдин алдынан, тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу көркөм буюм. Сынга толуучу аруу буюм ат жабуу өрмөкчүлүк (терме, кажары, беш кеште) менен катар саймачылык менен асемделет. Демек, эндей таарга жана кездемеге сайма

Кененирээк окуу