Рубрика: Кыргыз кол өнөрчүлүгү

БЕШ КЕШТЕ

«Беш кеште жыйдың жүгүңө, Береке кирди үйүңө» (Жеңижок). — Бул — өрмөчүлүктө буюмга көркөм түр түшүрүүнүн бир ыкмасы. Өрмөк согуп жатканда жипти сыйдалап илип кетүү. Жүндөн жипти ичке кылып ийрип, чыйрак чыйратып, түрдүү түскө боёп алат. Өрмөктү болсо, адаттагыдай эле

Кененирээк окуу

АЛА КИЙИЗ

АЛА КИЙИЗ (карала кийиз) «Кыргыз кийизге туулга» (макал). «Ала кийиз, төшөк жок, Жерге жатты кайран эл» (Ысак). Түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. Алардын толук жердиги жүн болгондуктан элибизде кийиз буюмдары арбын. Бул адими буюм катары бааланат да, узак убакыт

Кененирээк окуу

КЕПИЧ

КЕПИЧ — кол булгаарыдан ултарылган бүчүсүз, боосуз бут кийим. Маасынын сыртынан кийилгенинен башы ичтелет да, четтери тарамыш менен кайылат. Ал бут кийимдерди ултаруу, үй буюмдарын тигүү үчүн малдын, көбүнчө, жылкынын жибек тарамышынан колдо чыйратылган жип керек. Жаны союлган малдын тарамышы

Кененирээк окуу

КАЖАРЫ (БУКАРЫ)

«Кажары согуп түр кылдың, Кармаган үйүң гүл кылдың» (Жеңижок). Бул — өрмөкчүлүктүн бир ыкмасы. Терменин түрү. Түштүк Кыргызстандын Жаңы-Жол, Ала-Бука, Чаткал, Ноокат, Алай-Куу тарапта кажары- букары терме таарлары арбын кармалат. Анын өңдөрү ачык, көчөттөрү төп, көркөмдүгү так келет. Мында жип

Кененирээк окуу

ЖЕЛ БОО

ЖЕЛ БОО (түндүк боо) — таар, эшме жип буюму. Ал боз үйдүн боо-чокусуна кирет. Түндүктүн эки жагына тагылат да, азыр көбүнчө термеден болот. Үй тигүүдө — түндүк көтөрүүдө боо башы менен кошо кармалат. Бул көбүнчө уук-керегеге кыстарылып коюлат. Оң-тетири тарабы

Кененирээк окуу

БЕШИК

«Ардактап энем төрөгөн, Ак бешикке бөлөгөн» (эл ыры). Бул — жыгач буюмдарынын бир түрү. Наристени терметип уктата турган жыгач керебетче. Буюм кайың, арча, тал, тыт өңдүү жыгачтардан кармалат. Билектей жумуру бир кулачтайын кыйып, как жара бөлүп, эки алкак ийилет. Бешиктин

Кененирээк окуу

АЛА БАКАН

АЛА БАКАН (ача бакан) — «Баканды жакшы көрсөткөн, Башында майлуу сүр болот» (Осмонкул). Бул — салттуу үй буюму. Анын эки түрү бар. Төр ала бакандын түп жагы төрт бурчтуу келет да, андан өйдө төрт-беш жерден муунакталып, илгич кадалган жерлери гана

Кененирээк окуу

КЕРЕГЕ ЧАЛГЫЧ

КЕРЕГЕ ЧАЛГЫЧ — өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн боочуларынын бири. Жайылган кереге баштарына чалына оролуп, тегерете курчалган сызма. Мунун эни «үзүк боо», «жабык баш боо», «туурдук боо» өңдүүлөрдөй келет. Өрмөктүн эриши ошолордой күзүктөлөт да, аларга түшүрүлүүчү көркөм көчөттөр терилет. Кереге

Кененирээк окуу

ИЛМЕ САЙМА

ИЛМЕ САЙМА — (шибеге сайма) — элдик сайманын нукура түрү. Анын аспабы — жыгач керме жана илме шибеге. Мында уздун колунда илме шибеге кергичтин алдынан сол колун алып, жибек жип шибегеге илинет да, кездемеден тырс-тырс өтөт. Сайманын жаңы аспабы бар.

Кененирээк окуу

ЖЕЗ

«Алтын, күмүш, жез, калай, түрдүү нефти кенге бай» (Калык). Бул — зергерчиликтин жердиги, сары түспөлүндөгү металл. (Сары жезди зергерлер даана «жез», кызгылт сарыны «мис» дешет. Жез дегенде сары жезди түшүнөбүз.) Ат жабдыктарынын бөлүктөрүн (жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, үзөңгү, камчы), салттуу

Кененирээк окуу