Рубрика: Кыргыз кол өнөрчүлүгү

ЧАЧПАК

«Күмүштөн чачпак сооруңда, Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы). Бул — зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы).

Кененирээк окуу

ЧАРПИЯ (СУПА)

ЧАРПИЯ (СУПА) — Төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда, же үйлөрдө турмуш-тиричилик үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу

Кененирээк окуу

ЧАПКЫЛОО

ЧАПКЫЛОО — Элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Бул — бетине ар түркүн издерди түшүрүү аркылуу буюмду кооздоо. Металл бетине оюм-чийим түшүрүү. Муну бүгүнкү зергерлер абдан пайдаланышат. Алар жез, мис, коло, датчалбас, нейзильберь, мельхиор, калай өңдүү заттарды тандабай, бирдей даражада иштетүүлөрүнөн билинүүдө.

Кененирээк окуу

ЧАПАН

«Туугандыгын билгизип, Тукабадан сарпай кийгизип». («Манас») («Сарпай» — «чапан» деген түшүнүктү берет.) Бул — сырт кийимдин бир түрү. Чапандын жердиги башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүүлөрдөн тандалат. Жеңи менен бою бир бычылган ага жүн, кебез салып, жука кездемелерден ичтелет.

Кененирээк окуу

ЧАМГАРАК

ЧАМГАРАК — түндүктүн негизги бөлүгү. Аны чеберлер каалагандай жасай алышат. Ал кооздугуна карай үч-төрт катардан коюлушу ыктымал. Чамгарак тешиктери ууктукуна карама-каршы үстүнөн тешилет. Эми баскак болсо чамгарактын үстүнө түшөт. Ал чамгарактардын жылып кетпеси жана кооздук үчүн коюлат. Жалпы алганда Баскак

Кененирээк окуу

ЧАКЧА (НАСКАБАК)

«Чалдар да жыргап ал кезде, Чакчадан насын чекчү эле» (Байдылда). Бул — назбай чегүүчүлөрдүн өздүк буюму. Илгери элибизде мүйүз чакча урунуу салттуу болгон. Ага назбай салынып, чөнтөккө дайыма сакталуучу. Бул чакан идиш күмүштөн да, жезден да, мистен да, калайдан да

Кененирээк окуу

ТҮЙМӨ

ТҮЙМӨ — боелгон түркүн жүн жиптен жасалган чачы, кооздук. Түймө (чачык өнөрү) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Чачык — боелгон жүн жиптен жасалган буюмдар. Мунун «чаян түйүш», «кылыч байлоо», «өрмө чачы», «түймө чачы», «төкмө чачы», «иймек чачы», «илмек

Кененирээк окуу

ТҮЗГҮНДӨӨ

ТҮЗГҮНДӨӨ — камчы өрүмүнүн учун бекитүү. Майда өрүмдүн учун жанып кетпегендей түйүү. Өрүмчүлөр өрүм бүтө жаздап калганда өзүнчө ичке көк тилип алып, өзөктү шибеге менен көзөп, андан өткөрүп, көктүн эки учун теңдеп туруп, көк илме чалма (ычкыр-ичкур) чалынат. Ал чалмадан

Кененирээк окуу

ТУШАМЫШ (ЧИДЕР)

ТУШАМЫШ (чидер) — Ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаа отко коюлганда алыс кетпес үчүн атайын анын алдыңкы эки бутун (кишен, тушоо) же алдыңкы эки жана арткы бир бутун белгилүү узундукка байлап коюучу ат жабдыгынын бир түрү. Тушамын алгач жердиктен (кайыш, жип,

Кененирээк окуу

ТУУРДУК

ТУУРДУК — Боз үйдүн өрө кийизинин бир бөлүгү. Туурдуктун этек жагы жазы келип, ууктун билегине чейин жабуучу баш жагы кууш болот. Анткени, боз үй керегеден өткөндөн кийин улам жогорулаган сайын кууш болот. Ал — үйдүн кереге жабдуусу. Мунун узундугу 1,80—2

Кененирээк окуу