Рубрика: Кыргыз кол өнөрчүлүгү

«ТОГУЗ ТӨБӨЛӨӨ»

«ТОГУЗ ТӨБӨЛӨӨ» (асыл таш, айнек чөгөрүү) — Асем буюмдарды жасоодогу элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Муну буюмдардын бардык бүтүндөй түрүнө колдонууга болот. Акакты, айнекти, зумуратты, инжини кадимкидей буюм бетине чөгөрүү үчүн мунун эки ыкмасы пайдаланылат. Биринчиси: мисалы, билериктик күмүштүн үстүн оюп,

Кененирээк окуу

«ТЕРМЕ ӨРҮМ»

«Он эки талдан Булдурсун, Чапса кулак тундурсун» («Манас») Бул — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн бир түрү. Ал көбүнчө жыйырма төрт көк менен өрүлөт. Аны бирден басып, бирден өткөрүп, төрт кыр кылып коет. Камчы үчүн муну алты тал аркылуу да өрүүгө

Кененирээк окуу

ТЕРМЕ, ТЕРМЕЧИ

ТЕРМЕ — өрмөчүлүк өнөрүнүн көркөм түрү. Анын көркөм көчөттөрү, ар кыл болуп, кештелердин негизи менен сөлөкөттөрү бири-бирине так жана төп айкалышып, өрмөк согуу өнөрүнүн накай жасалгалык жагдайын көздөп турат. Терме — өрмөктүн эриш жиптерин «терип согуу», «көркөм көчөт келтирип согуу»

Кененирээк окуу

ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ

ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ — кайыш жана кол булгаары жасоонун башталыш ыкмасы. Терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Андыктан чеберлер терини суудан алып чыгып, кайрадан күнгө тоборсутат. Чоң жыгач челекке айранды, тузду жана улпакты аралаштырып, ашаткы кылат. Ага ал чылгый терини салат.

Кененирээк окуу

ТЕМИР КОМУЗ КУТУСУ

ТЕМИР КОМУЗ КУТУСУ — жыгач буюмдарынын бир түрү. Ал — үндүү аспапты катуучу жатак. Темир комуздун түспөлүндөй жыгачтын ичин ал баткандай оюп, тили баткандай жана аны сактагандай тешикти шибеге-шиш аркылуу чыгарып, үстүн капкактайт. Демек, темир комуздун жатагы жана капкактын эки

Кененирээк окуу

СЫЗМА

СЫЗМА — өрмөктө түрдүү өңдө (кызыл, сары, көк, кара, ак) боелгон тал жиптерди күзүктөп, көркөм көчөт түшүрбөй эле бир гана аркак салуу менен согуу. Мындан «уук тизгич», кереге башын «чалуу», «кереге таңуу», «саканак таңуу», «туурдук боо», «жабык баш боо», «үзүк

Кененирээк окуу

СҮЗМӨ (ЖҮЗМӨ)

СҮЗМӨ (Жүзмө) — Ат жабдыктарына чабылуучу шөкөт. Учу илмекей, сүйрүрөөк келген томпогураак шөкөт. Мунун узундугу 6—7 см ге, туурасы 2—2,5 см ге барабар, иймекей учу кайышка имериле чабылат. Куюшкандын эки жак «сүзмөлөрүн» бириктирген чагарагы бар. Аттын соорусуна түшүп турган кайышка

Кененирээк окуу

СУЗГУ (ЧӨМҮЧ)

«Кашык чөмүч артынып, Катындарга сый кылган» (Калык). Бул — жыгач идиш. Тамакты сузууга (ошон үчүн сузгу), сапырууга, куюуга шартташкан идиш. Мунун кырбуусун да кештелеп коет. Түбүнө караганда оозу жука болот. Муну жасоо үчүн чеберлер болжолдо үч жарым карыш талды тепетең

Кененирээк окуу

СУЙСАЛ ӨРҮМҮ

«Толгоно түшкөн чоң камчы, Оң имерип алганы («Манас») Ал — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн бири. Суйсал өрүмдүн «каз таңдай өрүмү» менен окшоштугу байкалып кетет. Бул да төрт талдан төрт жолу жупташат. Андыктан ага өрүмчүлөр он алты тал көктү тилишет. Эгер

Кененирээк окуу

ТЕКЧЕ

ТЕКЧЕ (секичек, текичек, нишап) — кыз-келиндердин тебетей, элечек, көйнөк, чыптама өңдүү өздүк кийим-кечектерин коюучу буюм (баштыкча). Текче күзгү каптын үстүнө тагылат. Ар бир буюмдун өзүнчө өзгөчөлөнгөн жүз ачаар көркөмдүгүн уздар сары саптай алышат. Мунун жердиги үчүн көбүнчө кара же күрөң

Кененирээк окуу