Рубрика: Кыргыз кол өнөрчүлүгү

СЕП

«Кымкаптын өөнүн эп кылган, Кыздарына сеп кылган, Баркуттун өөнүн эп кылган, Балдарына сеп кылган» (Калык). Бул — көркөм буюмдардын бир бүтүм жыйнагы. Кыздын төркүнүнөн барган жерине алып чыгуучу асыл-заада буюм- кечелери. Ага уста-узчулуктун сырдуу кооздугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз,

Кененирээк окуу

СЕБЕТ

СЕБЕТ — оюм-чийимге төгө турган сыя, зер боегу. Илгери темирге жалатылган күмүш бетиндеги оюм-чийимге мөөр түшүрүү ыкмасы жергеде кеңири таралган. Аны жалпысынан «себет» деп да айтат. Айлакер зергерлер күмүш буюмунун түбөлүк өчпөй, кооз көрүнүп калышы үчүн жекече чеберчиликтери менен «боекту»

Кененирээк окуу

САЙМА КӨЧӨТҮ

САЙМА КӨЧӨТҮ — саймачылыктын негизги кооздук каражаты. Бул буюм бетине «орнамент» (түр-оюм) түшүрүү дегенди түшүндүрөт. Ошентип, көчөт — бүтүм оюм-чиймени ирээти менен алмаштырып, жердик бетине түшүрүү дегендик. Саймачылар тигил-бул сайма ыкмасы аркылуу буюмга мындай көчөттөрдү түшүрүүдө баш-аламандыкка чалдыкпайт, сөзсүз шарттуулук

Кененирээк окуу

ӨРҮМ, ӨРМӨ

(ӨРҮМ, ӨРМӨ) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Кайышты жана көктү тилүү аркылуу ат жабдыктарын жүзөгө ашыруу. Өрүм экиге бөлүнөт: 1-жөнөкөй өрүм: Ага: «үч өрүм» («жон өрүм», «жом өрүм»), «жарым өрүм», «калмак өрүм», «ал даяр өрүм», «нокору өрүм», «жети

Кененирээк окуу

ӨРӨ КИЙИЗ

ӨРӨ КИЙИЗ — Боз үйдүн жабуусу. Түр салынбай, боёлбой, ак менен кара жүндөн калың жасалган кийиздин бир түрү. Өрө кийиз көбүнчө боз үйгө жабууга ылайыкталат. Ал күзгү жүндөн уютулуп, мунун бир жагы боз, экинчи жагы кара болсо ал сөзсүз бышырылат.

Кененирээк окуу

МҮЙҮЗЧҮЛҮК

МҮЙҮЗЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндөгү устачылыктын бир түрү. Мүйүз устанын аспап-куралдары башка чеберлерден анча айырмаланбайт. Зергерчиликке таандык: кол араа, балка, ийди (ийги), үшкү (көзөгүч), бычак, үрпү, өгөө өңдүүлөр кирет. Элдик салттуу мүйүз буюмдарына өз бетинче узануу аракеттери чынында басаңдап

Кененирээк окуу

МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ

МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ — Ат жабдыктарын узанууда татаал өрүмдөрдүн бир түрү. Жортуулга камчылана турган камчылардын түшкүнү сокмоктуу болгон. Түшкүндүн сабын чеберлер күздө кыйылган тобулгу (табылгы) же ыргайдан сапташкан. Камчы түшкүнүн көбүнчө жылкынын, торпоктун терисинен өрүшөт. Өрүм сегизден тартып, жыйырма талга

Кененирээк окуу

МИНА КОЮУ

МИНА КОЮУ — азем буюмдарын кооздоонун бир ыкмасы. Ал «күмүшкө мина төгүү» деп да аталат. Мында күмүш бетине түшкөн чийимге минаны мыскылдап салып, отко коет. Мина мөлт этет да, чийимдин ичинен жатак алат. Аны кургак чүпүрөк же кийиз менен сүртсө,

Кененирээк окуу

МИСТӨӨ

МИСТӨӨ — жездин бетине калай жугузуу. Усталар жездин сары, кызыл түрлөрүн билет. Мындай жаркырак металлдардан ат жабдыктардын көркөм шөкөттөрүнөн, кыз-келиндердин өздүк кооз буюмдарынан башка мистабак, аптаба, чөөгүн, чайнек өңдүү ж.б.у.с. идиш-аяктарды ойдогудай жасап алышкан. Жезди, колону эритүүнүн өздүк ыкмасы күмүштүкүнө

Кененирээк окуу

МААСЫ

МААСЫ — өкчөсү жок, чулгоо оролуп кепич менен кийилүүчү кончтуу, жеңил бут кийим. Мунун жасалышына, жердигине карай «намеркан маасы», «кыром маасы» деген түрү бар. Алар оң жана сол бутка ылайыкталып, айырмалуу (эки жактуу) жана эки бутка бирдей (бир жактуу) тигилген.

Кененирээк окуу