Рубрика: Манас эпосу

АРГЫН

АРГЫН — этноним. Кыргызга жамаатташ жайгашкан түрк урууларынын бири. Азыркы учурда казактардын орто жүз курамынын ичиндеги эң ири уруусу. 8 —кылымда Жети-Сууну, анын ичинде Таласты жердеген аргу уруусу менен байланышы бар. А., аргу экөө тең «аралаш», «курама», «ар кошкон уруулардын

Кененирээк окуу

АЛЧЫН

АЛЧЫН — этноним. Казактардын кичи жүзүнө караштуу уруу. Эпосто казактарга тиешелүү этноним экени айтылат: «Алчын, үйшүн, найман бар, Аргын Каракожо бар» (Сагымбай Орозбаков, 1. 263). Илимий адабияттарда А. менен алакчындын бирдей колдонулушу көп айтылат. Кыргыз, казактардын алакчындар аркылуу этникалык байланышта

Кененирээк окуу

АРБОО

АРБОО — сыйкырлоо, дубалоо. Байыркы адамдар тышкы дүйнөнүн ар түрдүү көрүнүштөрүн өзүнө багындыруу жолун жакшы билбегендигинен, аларды кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн колдоосу менен жеңип чыгуу тууралуу кыялдарынан келип чыккан. Мисалы, айлакер Айчүрөктүн дуба менен адамча сүйлөөчү Тооторуну арбап, тилин бууп

Кененирээк окуу

АЛТЫ-ШААР

АЛТЫ-ШААР — топоним. Шаарлардын санына карата (Ак-Суу, Жаркен, Кашкар, Котон, Жаңы-Гисар (Жаңы-Шаар) Үч-Турпан) 18-кылымда пайда болгон реалдуу географиялык ат, Уйгурстандын батыш бөлүгү да А.-Ш. аталган. «Жергиликтүү эл өздөрүнүн Ата Мекенин Алты-Шаар деп аташат» (саякатчы М. В. Певцов). Эпостун негизги варианттарында

Кененирээк окуу

АРАК МАНАС ЭПОСУНДА

АРАК МАНАС ЭПОСУНДА — ачыган сүттөн же кымыздан тартылган алкогол ичимдиги. Бул түрдөгү ичимдиктерди түрк-моңгол элдери байыртан кеңири колдонуп келген. Ошондуктан, «Манас» эпосунда да А. жөнүндө маалыматтар бар. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта «аракыга бал кошуп алтындан кылган аякка ага куюп

Кененирээк окуу

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТРОПОНИМДЕР

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТРОПОНИМДЕР (гр. anthropos — киши, оnyma — ат, ысым) — энчилүү адам аттары, ысымдар, фамилиялар, атасынын аттары, ылакап аттар, псевдонимдер, патронимдер, андронимдер, гинеконимдер кирет. Көркөм адабиятта А-дин колдонулушун поэтикалык антропонимика изилдейт. Көркөм чыгармадагы каармандын ысымы адатта көркөм талапка

Кененирээк окуу

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТРОПОМОРФТУК ОБРАЗ

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТРОПОМОРФТУК ОБРАЗ (гр. anthropos — адам жана morphe — түр, форма, кейип) — адам кейиптүү, жансыз нерселерге, табият кубулуштарына, ай-жылдыз, жан-жаныбарларга, мифтик жандыктарга кишинин касиетин (сүйлөө, ойлоо, туюм, сезим жана башкалар) киргизүү. А. о. элдик оозеки чыгармачылыкта көп

Кененирээк окуу

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТОНИМДЕР

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТОНИМДЕР — карама-каршы маанидеги сөздөр. Мисалы, жакшы-жаман, узун- кыска, чоңкичине, дос-кас жана башкалар Көркөм сөз каражаты катары А. лексикалык кубулуштардын ичинде өзгөчө орунга ээ экендиги алардын стилдик функциясынын ар түрдүүлүгү менен шартталат. А-дин стилдик максатта колдонулушуна эки нерсе

Кененирээк окуу

«КЫРГЫЗ ССРИНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЙЛОРУНУН АНТОЛОГИЯСЫ»

«АНТОЛОГИЯ ПЕДАГОГИЧЕСКОЙ МЫСЛИ КИРГИЗСКОЙ ССР» («Кыргыз ССРинин педагогикалык ойлорунун антологиясы»)—«СССР элдеринин педагогикалык ойлорунун антологиясы» сериясынан (М., 1988) орус тилинде чыккан китеп (көлөмү 968 б.). Антология Элдик педагогика, Эл акындарынын чыгармачылыгындагы педагогикалык ойлор, Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийинки Кыргызстандагы педагогикалык ойлор

Кененирээк окуу

АНТИТЕЗА

АНТИТЕЗА (гр. antithesis — карама-каршылык) — түшүнүктөрдү, көрүнүштөрдү бири-бирине ачык карама-каршы коюу. Тексттин, ойдун эмоциялуулугун күчөтүп, көркөмдүгүн жогорулатуу үчүн кызмат кылат. А. «Манас» эпосунда да көп кездешет: «Батыш менен чыгышка Айдап жүрдү чубатып» (Жусуп Мамайдын варианты, 1.540). Эпосто А. каармандарды

Кененирээк окуу