Рубрика: Манас эпосу

АЛООКЕ

АЛООКЕ — каарман, кытайдын башкы кандарынын бири, Коңурбайдын атасы А. эпостун «Манас» бөлүмүндө гана жолугат. Саякбай Каралаевдин вариантында А. менен Молтонун кыргыздарды чаап алуусун баяндаган окуяда А-нин баскынчылык ролу баса көрсөтүлгөн. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча бул окуя өзүнчө эпизод катары

Кененирээк окуу

АЛМАН

АЛМАН — салык, алым. А. өткөн заманда бийлик ээлери тарабынан шашылыш кырдаалга, зарылчылыкка байланыштуу элден чогултулган. «Манас» эпосунда душманды жеңүүгө жумшалчу чыгым жана согуштук куралжаракты даярдоого, ири курулуш иштерин жүргүзүүгө кеткен каражат А. катары элден жыйналган. Мисалы, Манастын күмбөзүн курууда:

Кененирээк окуу

АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ ЖАНА КҮМБӨЗҮ

АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ (кабырканасы)— Ат-Башынын Чеч-Дөбө деген жериндеги эски моло дөбө. Эл оозунда мындай деп айтылат: «Манас Чоң казатта чоролорун Шыпшайдардын огуна учурганда, Алмамбет дагы мерт болот. Ошондо Алмамбеттин сөөгүн Саралага артып, ай талаада карга-кузгун, ит-кушка жем болбосун деп жөнөтүп жиберет.

Кененирээк окуу

«АЛМАМБЕТТИН ЖОМОГУ»

«АЛМАМБЕТТИН ЖОМОГУ» — «Манастын» сюжетине чертилген элдик күү. Бээжинге бараткан жолдо Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө Тал-Чокуда отуруп, Манас дүрбү салып кытайдын элин көрүп таң калганда Алмамбет кытайдын жайын айтат. Мурун билбейм деп койгон Алмамбетке Манас таарыныч кылганда, анан Алмамбет

Кененирээк окуу

«АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ»

1) Манасчы Арзы Турду уулунун (КЭР) айтуусундагы «Манастан» үзүндү. Кызыл-Суу кыргыз автоном областтык адабият көркөм өнөр бирикмеси түзүп бастырган, «Кашкар гезити» басмаканасынан чыгуучу «Керме- Тоо» аттуу журналда (1987, № 3) жарыяланган. Көлөмү —293 сап ыр. Алмамбеттин окуясынын жалпы сюжеттик сызыгы

Кененирээк окуу

АЛМАМБЕТ

АЛМАМБЕТ — Манастын кырк чоросунун эң көрүнүктүүсү. Теги боюнча кытай (кээде калмак) канзадасы, атасы Соорондук (айрым варианттарда Азизкан) кытайдын башкы кандары Эсенкан, Алооке, Карыкан менен бир тууган. Эпостогу монументалдуу образдардын ичинен А-тин образы өзүнүн көп кырдуулугу менен бөтөнчө орунга ээ.

Кененирээк окуу

АЛМАМБЕТ

АЛМАМБЕТ — Манастын кырк чоросунун эң көрүнүктүүсү. Теги боюнча кытай (кээде калмак) канзадасы, атасы Соорондук (айрым варианттарда Азизкан) кытайдын башкы кандары Эсенкан, Алооке, Карыкан менен бир тууган. Эпостогу монументалдуу образдардын ичинен А-тин образы өзүнүн көп кырдуулугу менен бөтөнчө орунга ээ.

Кененирээк окуу

АЛМАБЕК ТОЙЧУБЕК УУЛУ

АЛМАБЕК ТОЙЧУБЕК УУЛУ (1887, Ысык-Көлдүн чыгышындагы Ой-Булак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Атасы Тойчубек (1853—90) да, агасы Дыйканбай (1873— 1923) да эл арасында «Манастан» үзүндү, негизинен «Семетейди» мыкты айткан адамдар катары белгилүү болушкан. А. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз

Кененирээк окуу

АЛТЫНАЙ

АЛТЫНАЙ — каарман, Алмамбеттин энеси. Эпостун түрдүү варианттарында ар кандай ысым менен берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аты Экзер, өзү Соорондүктүн аялы болуп айтылат. Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында А. Соорондүктүн кызы. Баласыз жүргөн Азизканга алып берүүгө кыз сынатканда

Кененирээк окуу

АЛЛИТЕРАЦИЯ

АЛЛИТЕРАЦИЯ (лат. а1 — кошо, карай, littera — тамга) — ырда (айрым учурда кара сөздө да) сөз башында же сап башында бирдей үнсүз тыбыштардын айтылышы. А. дүйнө элдеринин көркөм сөз өнөрүндө кеңири тараган. Айрыкча түрк элдеринин поэзиясында жана желдирме, жорго

Кененирээк окуу