Рубрика: Манас эпосу

АЛМАМБЕТ

АЛМАМБЕТ — Манастын кырк чоросунун эң көрүнүктүүсү. Теги боюнча кытай (кээде калмак) канзадасы, атасы Соорондук (айрым варианттарда Азизкан) кытайдын башкы кандары Эсенкан, Алооке, Карыкан менен бир тууган. Эпостогу монументалдуу образдардын ичинен А-тин образы өзүнүн көп кырдуулугу менен бөтөнчө орунга ээ.

Кененирээк окуу

АКШУМКАР

АКШУМКАР — Манастын, кийин атадан калган мурас катары Семетейдин укмуштуу аңчылык кушу. Багыш Сазановдун варианты боюнча «Арканын кара тоосунан, Адам жүрбөс зоосунан, Капкактуу таштын астында, Курбулуу тоонун боорунда, Жети аркан салса жетпеген, Адамзаат баласы. Алып муну кетпеген». А. темир канат

Кененирээк окуу

АКБЕРМЕТ

АКБЕРМЕТ, Бермет — каарман, Сейтектин колуктусу. Саякбай Каралаевдин вариантында А-тин теги периге байланыштырылат. А. эпосто сулуулугуна акылы, кереметтүүлүгү төп келген кайраттуу, чечкиндүү, эр жүрөк баатыр кыз катары сүрөттөлөт: Беризаада Акбермет Алты кыздын кенжеси. Ак жибектен чатыры, Аялдыгы болбосо Ургаачынын баатыры.

Кененирээк окуу

АЗИЗКАН

АЗИЗКАН — эпизоддук кейипкер, кытайдын башкы кандарынын бири, Алмамбеттин атасы (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча). Эпосто А. негизинен Алмамбеттин төрөлүшүнө жана кытайдан кетишине байланыштуу окуяларда эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча А-дын алтымыш аялы болсо да жетимишке чыкканча балалуу болбойт. Бир туугандары

Кененирээк окуу

ИНАН АБДУЛКАДЫР

АБДУЛКАДЫР ИНАН (1889, Башкортстан, Екатеринбург-Чыгай —1976, Анкара) — түрк тилдүү окумуштуу, манас изилдөөчү. Улуту башкырт. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулие мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган (1908). 1914-ж. жогорку мектепти бүтүрүп,

Кененирээк окуу

АК ҮЙЛҮҮ

АК ҮЙЛҮҮ — бийлик ээлери тарабынан көз каранды элдин көрүнүктүү, кадырлуу, өкүлдөрүн (баласын же өзүн) барымтага алуу. Үстөмдүк кылуучу бийлик ээси буйругун эки кылбай аткарып туруш үчүн А. ү. ыкмасын колдонушкан. Эпостун негизги варианттарындагы согуштук окуяларда эскерилет. Алтайдан Ала-Тоого көчүп

Кененирээк окуу

АКБАЛТА

АКБАЛТА — каарман, кыргыздын нойгут уруусунун каны (уруу башчысы), Чубактын атасы. Кытайлар кыргызды чаап, туш-тушка таратканда Жакып менен кошо айдалып Алтайга барган. Ошондой кыйын күндө элге туура акыл айтып, кайрат берген акылман карыя. Эпосто акылга дыйкан А. деп айтылышы А-нын

Кененирээк окуу

АЗА

АЗА — өлгөнгө кайгырып, күйүт тартуу салты. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас өлгөндө «Калайык ыйлап, кан ыйлап, Кошой, Төштүк дагы ыйлап, Ажыбай, Бакай кары ыйлап, Кан Манастын кырк чоро Найза сайып бакырып» А. күтүшөт. А. күтүүдө аялдар чачын жазып, бетин тытат,

Кененирээк окуу

АБА ЫРАЙЫ

АБА ЫРАЙЫ — белгилүү бир убакта же учурда бир аймактагы атмосферанын абалы, атмосферанын космос жана жер бети менен өз ара аракетинен пайда болгон физикалык процесс. Адам баласы — табиятты үйрөнүп билүүгө байыртадан эле умтулуп келген. Адамдын ар бир нерсени баамдоого,

Кененирээк окуу

АЛЛЕГОРИЯ

АЛЛЕГОРИЯ (гр. allegoria — кыйытып айтуу каймана айтуу) — оозеки элдик чыгармачылыкта, жазма адабиятта кеңири колдонулуп келаткан стилистикалык ыкма, көркөм сөз каражаттарынын бири. А. аралашкан сүрөттөөлөрдүн, баяндоолордун көркөмдүгү, кооздугу күчө менен кызыктуулугу да артып отурат. Адатта, А-да каймана түрдөгү кыйытып

Кененирээк окуу