Рубрика: Манас эпосу

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ (1932, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы) — «Манас» изилдөөчү, жыйноочу жана түзүүчү. Филология илимдеринин кандидаты (1967). Пржевальск мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1951). 1951—55-ж. Ысык-Көл районунундагы мектептерде физика- математика мугалими болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты

Кененирээк окуу

АКЫЛБЕК

АКЫЛБЕК (болжол менен 1840-жылдары туулган — өлгөн жылы белгисиз) — эл арасында ысмы кеңири тараган манасчы. Колдо болгон маалыматтарга караганда А. эң таланттуу инсан экен. А-тин өтө таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт. Маселен, манасчы Сагымбай Орозбак

Кененирээк окуу

АКДӨӨ

АКДӨӨ — мифологиялык кейипкер. «Манас» эпосунда, ошондой эле кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында салттык кейипкер катары көп кездешет. А. кейипкердин энчилүү аты катары да колдонула берет. Көпчүлүк чыгармаларда А. Карадөөнүн карама-каршысында, ак санатай дөө катары мүнөздөлөт. «Манаста» эргежээл, итаалы элинин дөөсү

Кененирээк окуу

АЙБАНБОЗ

1) Манастын аяк улоо катарында ич-арага мине турган аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Чоң казатта А-ду Манас чалгындын жолун талашып чырдашкан Алмамбет менен Чубакты жараштырууга артынан барганда минет. Ошол боюнча ал жерде калган Манас чалгындап барып, жылкы тийген Алмамбет, Чубак,

Кененирээк окуу

АБДЫЛДА ДӨӨЛӨТ УУЛУ

АБДЫЛДА Дөөлөт уулу (1899, Өзгөн району, Алга айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Басыз уруусунан. «Манас» эпосун жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген жана мыкты айткан. 1966 — 70- ж. «Манас» эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап

Кененирээк окуу

АКЫЛАЙ

АКЫЛАЙ — каарман, Манастын аялы, Шооруктун кызы. Манас Оогандын каны Шоорукту жеңип, кызы А-ды тартууга алат. ЗКоокерчилик доордун салты боюнча кыз баатырдын «олжосу» болуп турган тарыхый шарттын көркөм элеси эпостун бардык варианттарында учурайт. Түш. Кыргызстандан (Ноокат, Алай рндору) жазылып алынган

Кененирээк окуу

АК-БЕШИМ

АК-БЕШИМ — топоним. Эпосто Чүй өрөөнүндө жайгашкан шаар катары сүрөттөлөт. Бул маалымат тарыхта белгилүү Ак-Бешим шаарчасы менен байланышып, географиялык реалияда эпикалык топоним тарыхый топоним менен дал келүүдө. Эпосто бу жерди Акунбешим бийлегендиги айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Манас баатыр Чүйдөгү Акунбешимди

Кененирээк окуу

АЗЫРЕЙИЛ

АЗЫРЕЙИЛ, Азраил, Израил— мусулман мифологиясындагы диний түшүнүк — жан алгыч, жан алуучу периште, ислам дининдеги негизги төрт периштенин бири (Жебиреил, Минал жана Исрафил менен тең ата). Бөлөк көптөгөн диний түшүнүктөр, касиеттүү күчтөр сыяктуу эле эпосто А. да жолугат: «Айбат менен

Кененирээк окуу

АБДЫКЕРИМ БЕКИ УУЛУ

АБДЫКЕРИМ Беки уулу (1880, Базар-Коргон району, Сейдикум айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Мундуздун аркалык уруусунан. «Манас» эпосун атасынан үйрөнгөн. Жаш кезинде аш-тойлордо, кыз оюндарында жамактатып ыр чыгарып айта коюп жүргөн. Элдик жөө жомокторду да билген. А-дин айтуусунда «Манастын

Кененирээк окуу

АКШУМКАР

АКШУМКАР — Манастын, кийин атадан калган мурас катары Семетейдин укмуштуу аңчылык кушу. Багыш Сазановдун варианты боюнча «Арканын кара тоосунан, Адам жүрбөс зоосунан, Капкактуу таштын астында, Курбулуу тоонун боорунда, Жети аркан салса жетпеген, Адамзаат баласы. Алып муну кетпеген». А. темир канат

Кененирээк окуу