Рубрика: Философия

ЖУМАГУЛОВ МААМЕТАЙЫП

ЖУМАГУЛОВ Мааметайып (1949-ж. т., Нарын обл., Акталаа р-ну, Карабүргөн айылы) — философия илимд. доктору (1994), проф. (1997). Пржевальск мамл. пед. ин-ттун физика-математика факультетин бүткөн (1970); 1970-73-ж. о. эле ин-ттун философия ж-а ил. коммунизм кафедрасында окутуучу. 1973-76-ж. КМУда аспирант. 1976-91-ж. Кырг-н

Кененирээк окуу

УБАКТЫЛУУ ЛОГИКА

УБАКТЫЛУУ ЛОГИКА (Временная логика) — чыныгы мааниси убакыттын тигил же бул белгилүү кырдаалында (аралыгында) объектин жашоосунун байланышын көрсөткөн, айтылган пикирлердин операцияларын изилдөөлөрдө формалдуу-логикалык эсептөөлөрдө колдонулуучу математикалык логиканын багыттарынын бири: чыныгы мааниси убакыттын параметринен көз каранды болгон пикирлерди «убактылуу» пикирлер деп

Кененирээк окуу

ФРИДРИХ ШИЛЛЕР

ШИЛЛЕР Фридрих (1759-1805) — улуу немис акыны, философу ж-а тарыхчысы. Жаш кезинде, бир жагынан Лейбниц м-н Вольфтун экинчи жагынан Шефтсбери м-н Руссонун философиясынын таасирин алган. 1790- жылы Шиллер Канттын философиясы м-н жакындан таанышып, аны терең окуп-үйрөнсө да, аны м-н толук

Кененирээк окуу

ИНТЕЛЛИГЕБЕЛДҮҮ

ИНТЕЛЛИГЕБЕЛДҮҮ (лат. intel-ligibilis — түшүнүлгөн, ойлонулган, ойдогу) — И. дүйнөгө таандык нерселерди интеллекттин же акыл-эстин жардамы аркасында гана түшүнүү; И. Канттын пикири б-ча И-лүк деп сезимдер аркылуу эмес, акыл-эс м-н гана түшүнүүгө мүмкүн болгон нерселер. И. дүйнө деп рухий чындыкты

Кененирээк окуу

ЖООПКЕРЧИЛИК

ЖООПКЕРЧИЛИК — этиканын ж-а укуктун инсандын башка адамдарга, коомго ж-а жалпы эле адамзатка болгон өзгөчө мүнөздөгү социалдык, моралдык ж-а укуктук мамилесин чагылдырган категориясы; Ж. инсандын өздүк адеп-ахлактык парзын ж-а укуктук нормаларын аткаруусу м-н мүнөздөлөт. Ж. категориясы адамдын өздүк иш-аракеттеринин субъектиси

Кененирээк окуу

ТАРЫХЫЙ ДООР

ТАРЫХЫЙ ДООР (Эпоха историческая) — бул тарыхтын объективдүү белгилердин негизинде айырмаланып турган узакка созулган ж-а сапаттык жактан өзгөчөлүү көрүнгөн мезгили. Т. д. бүткүл дүйнөлүк тарыхтын тигил же бул «кесимин» (учурун) коом өнүгүшүнүн ошол таптагы тенденциясына ылайык мүнөздөп турат. Ар бир

Кененирээк окуу

УБАКЫТ

УБАКЫТ (Время) — бири-бирин алмаштырып турган (дүйнөдөгү кыйроо, талкалануу, жаралуу, орноо, өнүгүү ж. б.) объектилерди координациялоо формасы. Асман телолорунун жолунун бөлүгү м-н өлчөнгөн объективдүү убакытты, убакытты баамдоого негизделген, субъективдүү убакыттан айырмалоо керек. Убакыт кайталанбайт: бардык процесстер, жаратылыштын кубулуштары бир абалда

Кененирээк окуу

ФРИДРИХ ЭРНИСТ ДАНИЕЛЬ ШЛЕЙЕРМАХЕР

ШЛЕЙЕРМАХЕР Фридрих Эрнист Даниель (1768-1834) — немис теологу ж-а философу. Немис идеализми ж-а романтикасы м-н тыгыз байланышта болуу м-н, ал Кудай ж-а дүйнө м-н байланыштуу болгон протестанттык багыттагы сырттан баамдап ой жүгүртүү философиясын иштеп чыккан. Кант м-н Фихтенин идеалисттик жазгырууларын

Кененирээк окуу

ИНТЕЛЛЕКТ

ИНТЕЛЛЕКТ (лат. intellectus — акыл, эс) — акыл, ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк, сезим органдары тарабынан кабыл алынган нерселерди билимге айландырган же мурдагы билимди сынга алган ж-а анализдеген акыл-эстин функциялары (салыштыруу, абстракция, түшүнүктөрдү, пикирлерди, ой бүтүмдөрүн ж. б. пайда кылуу). Орто

Кененирээк окуу

ЖОК НЕРСЕ

ЖОК НЕРСЕ (Ничто) — бир катар философиялык системаларда конкреттүү маңыздын же болмуштун жоктугун же жашабастыгын белгилеген категория. Онтологиянын бар нерсе, маңыз, болмуш өңдүү түшүнүктөрүнө каршы келет. Философиянын тарыхында Ж. н. көп учурда жок болмуш түшүнүгү м-н тең маанилеш түшүнүк катары

Кененирээк окуу