СОЛТОНОЕВ Белек Солтонкелди уулу

СОЛТОНОЕВ Белек Солтонкелди уулу (1878–1938) – кыргыз тарыхчысы, адабиятчы жана акын. Чоң Кемин өрөөнүндө  жашаган Аюке уругунан. 7–8 жашында кат тааныган. Караколдо 3–4 ай орус мектебинде, багбандарды даярдоочу  Пишпектеги кыргыз мектебинде 2 жыл окуган. 1890-ж. тарыхка кызыгып, уламыштарды, санжыраларды угуп,

Кененирээк окуу

СОТ БИЙЛИГИ

СОТ БИЙЛИГИ – мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Бийликти бөлүштүрүү принцибин ишке ашыруунун зарыл  шарты. Бийликтин калган эки бутагынын келишип кетишине жол бербөө, диктатуранын же авторитардык саясийрежимдин пайда болушуна тоскоолдук кылуу С. б-нин негизги иши. Конституциялык түзүлүштү сот тарабынан коргоо  системасы

Кененирээк окуу

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯ

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯ – бүгүнкү күндөгү солчул күчтөрдүн маанилүү составдык бөлүгү. «С-д». термини XIX к.  акырында Европада жумушчу табынын партияларынын түзүлүү мезгилинде пайда болгон. 1918–23-ж. жумушчу  социалисттик интернационалдын катарында С-д-нын реформисттик агым катары идеялык-саясий жана уюштуруучулук  калыптануусу болуп өткөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан

Кененирээк окуу

СОЦИАЛДЫК КОНФЛИКТ

СОЦИАЛДЫК КОНФЛИКТ (лат. сonflict – кагылышуу, тирешүү)– адамдардын жыргалчылык проблемалары,  статусу, бирдиктүү ишмердүүлүгүнө жана ой-пикири боюнча, кызыкчылыктарынын, көз-караштарынын, салтсанааларынын, артыкчылыктарынын жана жүрүм-турум максаттарынын дал келбөөсүнөн улам пайда болгон социалдыктаптык күчтөрдүн кагылышуусун туюнткан түшүнүк. С. к. индивиддердин, таптардын, башка социалдык катмарлардын 

Кененирээк окуу

СОЦИАЛДЫК МАМИЛЕЛЕР

СОЦИАЛДЫК МАМИЛЕЛЕР – өндүрүштө жана коомдогу башка чөйрөлөрдө ар түрдүү абалга ээ, эмгектин мүнөзү,  профессионалдык даярдыгы, улутка таандык болушу, жашоо жол-жобосу, статусу кирешелердин деңгээли жана  булактары боюнча айырмаланган түрдүүчө функцияларды аткарган адамдардын социалдык топторунун ортосундагы көп  түрдүү өз ара байланыштардын

Кененирээк окуу

СОЦИАЛДЫК САЯСАТ

СОЦИАЛДЫК САЯСАТ (лат. sociolog – коомдук) – социалдык чөйрөнү жана социалдык мамилелерди теске салуу  боюнча мамлекеттин жана коомдук уюмдардын ишмердүүлүгү; калктын турмуштук маанилүү керектөөлөрүн камсыз  кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысы. Бул же тигил өлкөдө С. с-тын эффективдүүлүгү кандай даражада адамдын  жашоосу,

Кененирээк окуу

СОЦИАЛДЫК СТРАТИФИКАЦИЯ

СОЦИАЛДЫК СТРАТИФИКАЦИЯ (лат. stratum – катмар, facio – жасаймын) – бүгүнкү күндөгү социологиянын  борбордук багыттарынын бири; коомдогу социалдык структураны жана теңсиздиктин өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн  издеп, таап жана түшүндүрүүнү алдына милдет кылып коет. Ар бир коом үчүн абалдары кандайдыр-бир анык белгилер 

Кененирээк окуу

СТАТУС

СТАТУС – катмардын, топтун же индивиддин социалдык системадагы абалынын комплекстүү көрсөткүчү, социалдыкстратификациянын маанилүү параметрлеринин бири. С-тун негизги компоненттери катары: биринчиден, берилген  социалдык элементтин коомдогу позициясы анын объективдүү мүнөздөмөсүнүн (теги, жынысы, жашы, билими ж. б.)  улам келип чыгат; экинчиден, коомдун берилген

Кененирээк окуу

СТРАТЕГИЯ ЖАНА ТАКТИКА

СТРАТЕГИЯ ЖАНА ТАКТИКА, саясий (гр. strategia – аскер + taktika – аскерлерди түзүү искусствосу) – саясийишмердүүлүктүн негизги жолун жана аны ишке ашыруунун ыкмаларын белгилөө үчүн колдонулуучу түшүнүк;  партиялардын, мамлекеттин жана коомдук биримдиктердин жана кыймылдардын программалык жана башка иш  кагаздарында аныкталат.

Кененирээк окуу

ТЕОКРАТИЯ

ТЕОКРАТИЯ (гр. theos – кудай, kratos – бийлик — түздөн-түз кудайдын бийлиги( – мамлекеттин түрү; мамлекетти  башкаруу көбүнчө дин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт, ал эми чиркөөлүк иерархиянын башчысы жогорку диний  жана граждандык бийликке ээ. Т-лык мамлекетте жогорку бийлик үстөмдүк кылуучу чиркөөнүн

Кененирээк окуу