Метка: боз

МАТОО

«Уукчулардын», «керегечилердин», «түндүкчүлөрдүн» жалпы алганда боз үйдүн жыгачына узануусу. Демек, кереге саканактарынын башкы бөлүгүн кайкалата, уук-алакандарын бүкүрөйтө ийүү дегендик. Матоо үчүн «Тез» керек. Чеберлер маталган кереге-уукка атайын тарткы менен сай түшүрүшөт. Жерди ууктун билеги жана саканактын башы баткандай кылып казып

Кененирээк окуу

КЫЛДЫРООЧ

«Кыдырата карадым, Кылдыроочу кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Терме кылдырооч нарктуураак көрүнөт. Анын чети чачыкталат. Ал — тегиричтин бир түрү. Кылдырооч «эр

Кененирээк окуу

КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ

КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ — Жайылган керегенин белинен курчала турган буюм. Ал көбүнчө өрмөк согуучулук жана килем токуучулук ыкмасы аркылуу пайда болот. Буюмдун эни 70 смге чейин жетет. Түштүк кыргыздын айрым аймактарында чеберлер мына ушундай энде өрмөк дүкөнүн жана килем дүкөнүн куруп,

Кененирээк окуу

КЕРЕГЕ

«Керегесин кынадың, Керүүдөн туруп сынадың» (Жеңижок). Бул — үй жыгачынын негизги бөлүгү. Кереге боз үй жыгачынын уук бекитилүүчү төмөнкү бөлүгү. Мисалы, талаптагыдай боз үйдүн керегесинин дм 2,6—3,7 см, узундугу 235— 305 см, баш-аягы бирдей жумуру (52—62-даана) саканактардан (таякчалардан) турат. Алардын

Кененирээк окуу

КААЛГА

КААЛГА— (боз үйдүн каалгасы) — Үй жыгачынын бир бөлүгү. Бул топтоосуз, мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн турган тактайча. Түндүк босого менен бут босогодогу тегерек чуңкурчага каалганын баш-аяккы эки-үч элидей уурчугу өзү эле элпек кирип,

Кененирээк окуу

ЖЕЛ БОО

ЖЕЛ БОО (түндүк боо) — таар, эшме жип буюму. Ал боз үйдүн боо-чокусуна кирет. Түндүктүн эки жагына тагылат да, азыр көбүнчө термеден болот. Үй тигүүдө — түндүк көтөрүүдө боо башы менен кошо кармалат. Бул көбүнчө уук-керегеге кыстарылып коюлат. Оң-тетири тарабы

Кененирээк окуу

ЖАБЫК БАШ

«Жабыш башы кундуздан, жана токсон үй болду» («Манас»). Бул — көбүнчө кийиз оюм менен жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң негизгилеринин бири. Анын түрдүү үлгүлөрү бар. Мисалы, четине

Кененирээк окуу

БОСОГО-ТАЯК

«Кайыңдан түндүк ийдирген, Каалга, таяк босого, Канча түрдөп чийдирген» («Манас»). Бул — боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач кашеги. Ал уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт. Үйдүн босого-таягынын узун болжолдо 1,4 метр, туурасы 1,0 метр,

Кененирээк окуу

БОЗ ҮЙДҮН ЧЕЧИЛИШИ

Оболу түндүк жабуу сыйрылат. Боолорун кырчоодон чечип,               төркү  (арткы)    үзүктү,   анан алдыңкы     (маңдайкы)    үзүктү   сыйрат.   Үзүк  үч бүктөлүп коюлат. Мындан кийин жабык баш тегиричи менен түрүлүп (томолоктоштуруп) алынат. Бел кырчоо алынып, эки туурдукту сыйрып, аларды төрт бүктөйт. Канат чийлердин боолорун чечип,

Кененирээк окуу

БОЗ ҮЙДҮН ЖАСАЛГАЛАРЫ

Боз үйдүн кооз жасалгаларынын бири — жабык баш. Анын этегине тегирич улай тигилет. Тегирич менен түймөсү бар жабык баш: төркү (арткы), алдыңкы (маңдайкы) болуп экиге бөлүнөт. Көркөм көчөт түшкөн эшик чий, канат чий, чыгдан (ашкана) үйдүн жасалгасына кирет. Боз үйдүн

Кененирээк окуу