Метка: инсандар

КАСЫМ КАИМОВ

КАИМОВ Касым (1926, Талас р-ну  –  1989, Бишкек ш.)  – жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1976), КМУнун филология факультетин (1955) бүтүргөн. Чыгармалыгын 1942-ж. ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. Биринчи китеби «Соңку жолугушуу” деген ат менен1955-ж. чыккан. Бул жыйнак жазуучунун кадыресе калеми

Кененирээк окуу

МУЗООКЕ ЖАМАНКАРЫ УУЛУ

МУЗООКЕ Жаманкары уулу (1800, Акталаа р-ну – 1878) –белгилүү ырчы. Музооке эч кимге жалданып ырдабай, жалаң өнөрү менен жан баккан момун адам болгондуктан, анын азабын да тарткан. Кочкордо бир ашта ырдап жүрсө, өнөрүнө суктанып, эки чоң манап «мен ырчы кылам” деп,

Кененирээк окуу

МАР БАЙЖИЕВ

БАЙЖИЕВ  МАР  (1935, Жалалабат ш.)  –  прозаик, драматург, кинодраматург. 1960-ж. КМУнун филология факультетинин орус тили ж-а адабияты бөлүмүн,  1964-ж. Москвадагы Жогорку сценарийлик курсун бүтүргөн. Байжиев чыгармаларын эки тилде – кыргыз ж-а орус тилдеринде жараткан билингивист жазуучу. Анын ысмы таланттуу прозачы ж-а драматург катары Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөлөрдө

Кененирээк окуу

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, Ысыккөл р-ну – 1855, Чолпон-Ата) – кыргыздар арасында кеңири белгилүү ойчул, акылман. К. реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбаган, бирок, аты легендага айланып, калк арасында Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен акылман делип үлөгөр ысымдар менен бирге айтылуучу

Кененирээк окуу

АБДЫЛДА МУСАЕВ

МУСАЕВ  Абдылда (1956-ж. т., Бишкек ш.)  –  адабиятчы,  филология илимдеринин доктору, профессор. Эл аралык «Түгөлбай  –  Ата коому» сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз адабиятынын, адабият таануусунун жана  адабий көркөм сынынын ар кыл маселелерине арналган макалалардын, изилдөөлөрдүн автору. Анын калеминен 100гө жакын илимий, педагогикалык маанайдагы эмгектер жаралган. Алардын ичинде 3 монография,

Кененирээк окуу

КАСЫМААЛЫ БАЯЛИНОВ

БАЯЛИНОВ КАСЫМААЛЫ (1902, Ысыккөл р-ну – 1979, Фрунзе ш.) –  эл жазуучусу (1968). «Биз ким элек, ким болдук” аттуу алгачкы ыры 1924-ж. Алма-Атада «Тилши” газетасында жарыяланган. Жазуучу ушундан кийин деле ыр жазууну уланта берген. Бирок, кара сөз м-н чыгарма жазууга көбүрөөк кызыгып, чыг-лыгында

Кененирээк окуу

СЫДЫК КАРАЧЕВ

КАРАЧЕВ Сыдык (1999, Түп р-ну – 1937, Фрунзе) – кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын, прозачы жана  журналист. 1921–23-жылдарда Ташкент шаарында В. И. Ленин атн. аскер окуу жайында окуган. В. И. Ленинге арналган алгачкы ыры 1918-ж. Казан шаарында чыгуучу «Шуро” газетасында

Кененирээк окуу

МОЛДОБАСАН МУСУЛМАНКУЛОВ

МУСУЛМАНКУЛОВ  Молдобасан (1883, Нарын  өрөөнү –  1961)  –  акын, ырчы, комузчу. Жаш кезинен ар түрдүү лирикалык ырлар чыгарып, аны  күүгө  салып, кыз оюндарда, аш-тойлордо аткарган. Ырчылык  үнүнүн (обонунун) эң мукам болушу анын эл алдында баркын ого бетер көтөргөн. Атасынын, агасынын акындык, манасчылык талантка эгедер болушу Молдобасандын акындык шыгынын

Кененирээк окуу

СЕЙДЕНЕ МОЛДОКЕ КЫЗЫ

СЕЙДЕНЕ Молдоке кызы (1922, Кетментөбө өрөөнү) – семетейчи. Айылдык жети жылдык мектепти аяктаган. Сейдене өтө жаш кезинен ырга, сөзгө үйүр болуп, өзү да кези келгенде жамактатып ырдай коюп жүргөн. Элде Сейдене Атай Огомбаев менен айтышкан деген аңыз сөз бар. Сейдене «Семетей» айтып калышын

Кененирээк окуу

ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛАЕВ

БӨЛӨБАЛАЕВ  Осмонкул (1988, Кант р-ну  –  1967, Бишкек)  –  акын. Б. кайсыл тематикада эмнени ырдабасын,  буйдалбастан төгүп жиберген артыкчылыгы, ырларынын салмактуулугу, санаттарынын учкулдугу, төкмөлүгүнүн күлүктүгү, оюңдагыны таап ырдаган алымдуулугуу м-н Жеңижок, Эшмамбет, Барпыдай ак таңдай төкмөлөрдүн катарына кирет. Б. алгач Жаманкул, Калмырза сыяктуу ырчыларды көрүп, төкмөлүктүн жол-жобосун

Кененирээк окуу