Метка: кыргыз

«АК МӨӨР” ПОЭМАСЫ

«АК МӨӨР”  поэманын бир нече варианты бар.  Чыгарманын бир варианты алгач 1923-ж. Таластан  Өмүрбек Кудайбергенов ж-а Сапарбай Бокочиевден Каюм Мифтаков жазып алган. Экинчи вариантын да К Мифтахов манасчы Кожеков Жаңыбайдын айтуусунда Фрунзеде 1936-ж. кагазга түшүргөн.  Үчүнчү  вариантын 1940-ж Боронбаев Абдырайымдан Абдыкалык Чоробаев жазып алган. Төртүнчү  варианты К. Акиевдики. 1957-ж.

Кененирээк окуу

ЖУСУП БАЛАСАГЫН ЖАНА АНЫН «КУТ АЛЧУ БИЛИМ» ЧЫГАРМАСЫ

Жусуптун өмүр баяны жөнүндө азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок, автор өзү жөнүндө жазып кеткен кээ бир фактыларды анын «Кутадгу Билиг» («Кут алчу билим») поэмасынан кездештирүүгө болот. Жусуп 1010-101 б-жж. же, 1018-ж. Баласагын шаарында туулган. Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча

Кененирээк окуу

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «БИЗДИН ЗАМАНДЫН КИШИЛЕРИ» РОМАНЫ

«БИЗДИН ЗАМАНДЫН КИШИЛЕРИ” –  роман. Т. Сыдыкбеков чыгарманы 1943-ж. январь айында жаза баштап, айрым үзүндүлөрү согуш учурунда «Советтик Кыргызстан” газетасында жарык көргөн. Толук бойдон 1948-ж. басылып, 1949-ж. СССР мамл. сыйлыгына татыктуу болгон. Романда Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы элдин патриоттук духу,

Кененирээк окуу

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ГҮЛСАРАТ» ПОВЕСТИ

«ГҮЛСАРАТ” Ч. Айтматовдун бул повести биринчи жолу 1966-ж. орус тилинде «Новый мир” журналында (№ 3 санына) жарык көргөн. «Гүлсарат”  –  социалдык планда өтө  курч жазылган чыгарма. Жазуучу бул повести туурасында мындай деген: «Гүлсарат” бир чети эң  чоң  чыг-чылык канагат  алып келсе, бир чети аябагандай көркөм машакат

Кененирээк окуу

УЛУУ КЫРГЫЗ ДӨӨЛӨТҮ

Кыргыздар өзүлөрүнүн күчтөрүн ал убакта Жети-Сууну ээлеп алышкан карлуктар менен, чиктер жана түрк урууларынын калдыктары менен уйгур каганы Элетмиш Билгеге (747—759-жж.) каршы күрөшүү үчүн бириктиришкен. Түрк бектеринин арасынан чыккынчылар чыгып, каганды эскертип коюшат. Ал чечкиндүү аракет кылып, союздаштарды жалгыздап талкалаган.

Кененирээк окуу

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИ

«ЖАМИЙЛА” –  Ч. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан повести (1958). Повесть алгач «Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат м-н жарык көргөн. Орус тилинде «Новый мир” журналына (1958, № 8) «Жамийла” деген ат м-н жарык көрүп, дүйнө элдеринин тилдерине ушул ат м-н

Кененирээк окуу

«ЭР ЭШИМ» ТАРЫХЫЙ ПОЭМАСЫ

«ЭР ЭШИМ” – тарыхый поэма. Эпикалык чыгармада күчтүү душмандардын мизин кайтаруу үчүн эпикалык образдарды реалдуулуктун чегинен  өткөрө, алардан да күч кубаттуу кылып идеализациялоо тенденциясы  өкүм сүрүп келген. Мындай көрүнүш эл тарабынан кадыресе салттык түшүнүк катары кабыл алынып, эпикалык чыгарманын көркөм табияты м-н байланышкан. Эр Эшимдин

Кененирээк окуу

КАСЫМААЛЫ ЖАНТӨШЕВДИН «КАНЫБЕК» РОМАНЫ

«КАНЫБЕК” – К. Жантөшевдин кыргыз фольклоруна болгон мамилеси биринчи муундагы кыргыз жазуучуларынын өкүлдөрүнө  караганда айрыкча бир кырдаалдар менен айырмаланып турат. Дегеле жазуучунун фольклорго мамилесин ажыратып, жиктеп, этаптарга бөлүп көрсөтүү мүмкүн эмес. Фольклордук аң-сезимдин стихиясы жазуучунун бүткүл чыг-лык жолун бирдей эле даражада

Кененирээк окуу

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «КӨК АСАБА» ТАРЫХЫЙ РОМАНЫ

«КӨК АСАБА” – тарыхый роман. Орто кылымдардын башындагы (6–8-к.). Енисей кыргыздарынын турмушун, сырткы баскынчылардын кол салуусуна каршы туруп, эпостун биримдигин жана  өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн жүргүзгөн күрөшүн эпикалык ыкмада көркөм чагылдырган чыгарма. 1971-ж. жазылып бүткөн, бирок көп жылдар боюу жарык

Кененирээк окуу

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «КЫЛЫМ КАРЫТАР БИР КҮН» РОМАНЫ

«КЫЛЫМ КАРЫТАР БИР КҮН”  (1980)  –  роман. СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Ч. Айтматовдун бул романы  өзүнүн идеялык-тематикалык багыты, сюжеттик-композициялык түзүлүшү  боюнча  «Гүлсарат” повестине жакын. Танабай Гүлсары жорго менен акыркы сапарда баратып, күнү бүтүп, суусу түгөнгөн эсил жоргонун башында отуруп өткөн күндөрдү  эскерүүсү  аркылуу сюжеттик окуялар ретроспективдүү  планда  өнүктүрүлсө, «Кылым

Кененирээк окуу