Метка: манасчы

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ (1932, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы) — «Манас» изилдөөчү, жыйноочу жана түзүүчү. Филология илимдеринин кандидаты (1967). Пржевальск мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1951). 1951—55-ж. Ысык-Көл районунундагы мектептерде физика- математика мугалими болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты

Кененирээк окуу

АБДЫЛДА ДӨӨЛӨТ УУЛУ

АБДЫЛДА Дөөлөт уулу (1899, Өзгөн району, Алга айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Басыз уруусунан. «Манас» эпосун жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген жана мыкты айткан. 1966 — 70- ж. «Манас» эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап

Кененирээк окуу

МАНАСЧЫЛАР

Манасчы — адабияттык термин маанисине ээ болгон сөз. Терминдин маңызы — кесипчиликтин өзүнчө бир түрүн түшүндүрүп, кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон «Манас» эпосун жараткан, укумдан-тукумга өткөрүп, биздин учурубузга чейин алып келген, аны бүгүнкү көлөмгө, көркөмдүк деңгээлге жеткирген элдик таланттарга карата

Кененирээк окуу

ЫБЫРАЙЫМ АБДЫРАКМАН УУЛУ

ЫБЫРАЙЫМ  Абдыракман уулу (1888, азыркы Жети-Өгүз району, Чырак айылы —1967, Ат-Башы району, Пограничник айылы) — манасчы, белгилүү «Манас» жыйноочу жана фольклорчу. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1948). 1905-ж. Караколдогу «Жаңы тартип» мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштейт. Алматы, Фрунзе шаарында мугалимдик курста

Кененирээк окуу

CАГЫМБАЙ ОРОЗБАК УУЛУ

САГЫМБАЙ Орозбак уулу (1867 же 1868, Ысыккөл р-ну)  – Кыргыз элине кеңири белгилүү  болгон чоң  манасчы,  – Сагымбай Орозбак уулунун туулган жылы так маалымат эмес, манасчы өзү өлөр жылы 63 жаштамын дечү экен. Ошол сөзгө таянып 1867-ж. туулган делип жүрөт. Эгер манасчы өз жашын

Кененирээк окуу

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ

САЯКБАЙ  Каралаев (1894, Тоң  р-ну, 1971, Фрунзе)  –  20-кылымдагы улуу манасчы, Кырг. ССРинин эл арт. Саякбайдын талантынын эртелеп ойгонушуна чоң  энеси Дакиш түрткү болгон. Ал киши элдик оозеки чыг-лыктын. Саякбай «Манастын» кара сөз түрүндө баяндалган сюжетин да ошол чоң энесинен уккан.  Манасчы өзүнүн  ай-туучулук талантынын ачылышы түш көрүү менен байланыштырган.

Кененирээк окуу

СЕЙДЕНЕ МОЛДОКЕ КЫЗЫ

СЕЙДЕНЕ Молдоке кызы (1922, Кетментөбө өрөөнү) – семетейчи. Айылдык жети жылдык мектепти аяктаган. Сейдене өтө жаш кезинен ырга, сөзгө үйүр болуп, өзү да кези келгенде жамактатып ырдай коюп жүргөн. Элде Сейдене Атай Огомбаев менен айтышкан деген аңыз сөз бар. Сейдене «Семетей» айтып калышын

Кененирээк окуу

ЖЫЙЫРМАНЧЫ КЫЛЫМДЫН ГОМЕРИ

XX кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев  «Манас” эпосун айтып жатканда окуянын жүрүшүнө карата бир укумуштуудай обонго салып, бирде тоо дарыясындай буркан-шаркан түшүп, бирде сыдырым желдей мемиреп, бирде ботосун жоготкон ингендей боздоп, ар бир каармандын кулк-мүнөзүн кереметтүү сүрөттөп айтканына заманыбыздын залкар

Кененирээк окуу

КУМАР УУЛУ БАЛЫК

КУМАР  уулу Балык (Бекмурат) (1799–1887, Кетментөбө  өрөөнү) –19-кылымда жашаган легендарлуу улуу манасчы. Атасы эрте  өлүп, энесинин төркүнүн паана тутуп, Таласка көчүп келишет. Жашынан атасыз жетим калгандыктан өмүрүнүн алгачкы учуру оорчулукта  өтүп, көрүнгөндүн жумушун кылып жүрүп, акыры Олуя-Атадагы Кокон бегине малай болот. 1921–25-жылдары Кетментөбө, Талас, Чүй өрөөндөрүн

Кененирээк окуу

МАМБЕТ ЧОКМОР УУЛУ

МАМБЕТ  Чокмор уулу (1896, Тоң  р-ну  –  1973)  –  манасчы. Ал  өз вариантын жаздырып жүргөн учурда кайсы манасчыдан кандайча таалим алгандыгын айтпай: «Манас баатырдын өзү айтмайынча же «Манасты” өз дилинде айтпаса, жаттап бирөөдөн үйрөнүп алууга болбойт” – деген. Башка манасчылар сыяктуу эле ал да Манас баш болгон

Кененирээк окуу