Метка: Манас

БАКАЙ АТА БАТАСЫ

Айтулуу шумкар көздүү бол,Адам таппас сөздүү бол.Байсалдуу артык үзүлбөс,Бак баштаган күчтүү бол.Балага балтыр бешик бол,Бакытка ачык эшик бол.Улууну сыйлап жетик бол,Кичүүгө өмүр кешик бол.Аккан суунун шары бол,Балбандардын алы бол.Оорулууга дары бол,Опол тоодой кары бол.Кыдыр болсун жолдошуң,Кыйың күн башта болбосун.Ыйык тут

Кененирээк окуу

КОШОЙДУН БАТАСЫ

Абакеңиз эр Кошой,Дастарын (селде баш кийим) кыйгап чалынып,Жаратканга жалынып,Алакан жазды буркурап,Атпай журттун баарысы,Бата кылды чуркурап,Көп жыйылган өз ушул,Көпчүлүктүн көзүнчө,Кошойдун айткан сөзү ушул:Тилекти берсе бир Алла,Туулса мындан бир бала,Ургаачы болбой, эр болсун,Аюу болбой, шер болсун!Атышканын алсын деп,Күрөшкөнүн чалсын деп,Өлөңдүү жерди өрттөгөн,Өзүнөн

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН БАТАСЫ

«Энеси суу кыргыздын,Атасы тоо кыргыздын»,Көрдүңбү сөздүн уңгусун.Ала-Тоо бойлоп көчкөн эл,Аркайган тоодо өскөн эл,Кирин карда жууган эл,Киндигин музда кескен эл,Заңкайган нечен тоо менен,Салгылашып келген эл.Ак элечек арсак тоо,Жалтырак муз, аппак кар,Жамбаштап жатып көнгөн эл,Малын карга жайган эл,Кыргыз деген неткен эл,Мөңгү суусун

Кененирээк окуу

МАНАС

«МАНАС» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Бул эпос болжол менен мындан миң жыл мурда калыптанган. Ошондон  бери ХХ к. орто ченине чейин кыргыздардын арасында муундан-муунга өтүп, ооз эки түрүндө айтылып келген. Элүүдөн  ашык варианттары бар. Бир эле манасчы Саякбай Каралаевдин

Кененирээк окуу

АСКЕР

АСКЕР — эпосто чакан бөлүкчөдөн тартып зор бөлүктөргө чейинки куралдуу адамдардын жыйындысынан турган согуштук күчтү билдирет. «Манас» эпосунун сюжеттик нугунан айкын көрүнүп тургандай негизги эки варианттын (Сагымбай, Саякбай) мазмунунун көпчүлүк бөлүгүн согуш жана согуштук аракеттерге байланыштуу окуялар түзөт. Натыйжада көп

Кененирээк окуу

АСА, АСА ТАЯК

АСА, аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди

Кененирээк окуу

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек (1928, Фрунзе, Сокулук району, Саз айылы) — адабиятчы, адабий сынчы, филология илимдеринин доктору (1991), «Манас» эпосунун китебин түзүүчү. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1950). 1953жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кенже илимий, 1955-жылдан улук илимий кызматкер, 1956-жылдан директордун орун

Кененирээк окуу

АСАНБАЕВ Мамбет

АСАНБАЕВ Мамбет (1939, Сокулук району, Жал айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Кыргыз ССРннин эмгек сиңирген артисти (1987). Эмгек жолун 1963-ж. Ташкендеги театрдык институтту бүтүргөндөн кийин Кыргыз драма театрында иштөө менен баштаган. Ал көптөгөн драмалардан оң жана терс каармандардын ролдорун

Кененирээк окуу

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСЫЛДЫК

АСЫЛДЫК — эстетикалык баалуулукка ээ көрүнүштөрдү мүнөздөөчү түшүнүк (категория). Бул түшүнүк «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылып, анда реалдуу чындыкка, 6. а. жаратылыштагы, социалдык чөйрөдөгү, адамдардын өз ара мамилелериндеги түрдүү көрүнүштөргө элдин оң баасы камтылган. В. Г. Чернышевскийдин сөзү менен айтканда: «Асылдык

Кененирээк окуу

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСТРОНОМИЯ

АСТРОНОМИЯ — асман телолору, жалпы эле ааламдын түзүлүшү жана өнүгүшү жөнүндө илим. Байыртан баштап эле кыргыздарды көмкөрүлүп турган көк асмандын сулуулугу дайыма суктантып келген. Мында бөтөнчө асмандын түнкү көрүнүшү адамдын, айрыкча, акындардын назарын өзүнө буруп, өзгөчө шыктануунун булагына, эстетикалык предметке

Кененирээк окуу