Метка: тарых

1917—1940-жж. ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ

Маданиятты көтөрүү — социалисттик курулуштун маанилүү тармагы болгон. Эксплуататордук коомдон калган маданий артта калуучулукту, сабатсыздыкты жоюу, калкты билимге жана илимге тартуу керек эле. Булардын ичинен эл агартуу биринчи орундагы милдет катары аныкталган. 1918-ж. апрелде Түркстан крайынын Эл Комиссарлар Советинде эл

Кененирээк окуу

ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТТЫН ШАРТЫНДАГЫ ӨНӨР ЖАЙ

Совет бийлиги орногон мезгилде Кыргызстан өлкөнүн башка райондорунан агрардык-мал чарба региону катары айырмаланып турган. Индустриялаштыруу саясаты башталганда Кыргызстанда негизинен пахта тазалоочу, женил жана тамак-аш тармактары боюнча гана аз сандагы ишканалар иштеген. 1925-ж. апрелде Чехословакиянын коммунист жумушчуларыиын демилгеси менен Бишкек шаарында

Кененирээк окуу

ЭЛДИК МУЗЫКАНЫН ӨНҮГҮШҮ

Кыргыз эл музыкасы элдин маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш-тиричилигин, тарыхын, этностук жана эстетикалык идеяларын чагылдыруучу баа жеткис мурас. Анын тамыры байыркы замандардан башталат. Кыргыз музыкасы жөнүндөгү алгачкы жазуу маалыматтары бир катар адабияттарда кездешет. Кытайдын белгилүү дин кызматкери жана саясатчысы Сюан-Цзан

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗДАРДЫН ДИНИЙ ИШЕНИМДЕРИ

Кыргызстанда патриархалдык феодалдык мамилелердин үстөмдүк кылып келиши элдин рухий турмушунда диндин маанилүү орунду ээлешине себеп болгон. Кыргыздардын официалдуу дини ислам болуп эсептелсе да, ал элдин диний түшүнүктөрүнүн толук мазмунун түзгөн эмес. Анын үстүнө мусулманчылык менен катарлаш диндин алгачкы формаларынын калдыктары

Кененирээк окуу

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ

Билим берүүнүн мурунку системасы өзүнүн натыйжалуулугун жоготуп, рынок мамилелеринин шартында экономикасынын, техникасынын, маданиятынын талабына туура келбей калган. Кыргызстандын көз каранды эместиги жарыялангандан кийин билим берүү тармагын реформалоо иши жүргүзүлө баштаган. 1992-ж. декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши «Билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алган.

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫ МЕНЕН ИСКУССТВОСУНУН ӨНҮГҮШҮ

Улуттук жазуунун жана басма сөздүн негизделиши элдин маданиятын көтөрүүдө өзгөчө окуя болгон. 1924-ж. араб алфавитияин негизинде кыргыз жазуусу иштелип чыгып, 7 ноябрда кыргыз тилинде «Эркин Тоо» гезити басылып чыккан. 1925-ж. 12-мартта орус тилинде «Батрацкая правда» гезити чыккан. 1926-ж. ноябрында жаштардын «Ленинчил жаш»

Кененирээк окуу

КОЛХОЗДОШТУРУУ ЖАНА КӨЧМӨНДӨРДҮ ОТУРУКТАШТЫРУУ

Жаңы экономикалык саясат 20-жж. көп жылдарга эсептелген саясий стратегия катары кабыл алынган эле. Өлкөнү индустриялаштыруу, айыл чарбасын кооперативдештирүү, элдин материалдык жана маданий деңгээлин көтөрүү пландары да жаңы экономикалык саясаттын принциптеринин негизинде жүргүзүлмөк. Айыл чарбасын кооперативдештирүүдө мамлекет тарабынан күч колдонулбастан экономикалык

Кененирээк окуу

ТҮРКСТАН РОССИЯНЫН КОЛОНИЯЛЫК ОБЪЕКТИСИ КАТАРЫНДА (XIX к. ортосу)

Россиянын Борбордук Азияга умтулушунун экономикалык жана саясий себептери болгон. XIX к. 30-60-жж. эл аралык кырдаал боюнча Россия Түркстанга ээ болууга биринчи кезекте саясий себептерге байланыштуу аракеттенген. Анткени Чыгыштын коңшу мамлекеттери менен Британия империясы Түркстанды, анын ичинде Кыргызстанды, басып алууга аракеттене

Кененирээк окуу

КАРАХАНДАР МАМЛЕКЕТИ

Х-ХII кк. Теңир-Тоодогу Карахандар кагандыгы өзүнүн экономикалык күч-кубатынын жана маданиятынын гүлдөп турган мезгилине жеткен. «Кара» деген сөз кыргыздарда орто кылымдардан тартып улуу, баатыр, чон, эбегейсиз күчтүү, күжүрмөн, кайратман ж. б. у. с. маанилерди берип келген. Демек, Карахан Улуу хан, Улуу падыша

Кененирээк окуу

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИЛИМДИН АБАЛЫ

Азыр республикада ар түрдүү профилдеги 62 илимий жана маданий борборлор, институттар, долбоорлоочу мекемелер иштейт. Илимий мекемелерде 7405 адам бар. Алардын 190 илимдин докторлору, 1189 илимдин кандидаттары. Ар түрдүү илимий-изилдөө, долбоорлоочу-конструктордук жана технологиялык борборлордо 4548 адис эмгектенет. Экономикачөйрөсүндөгү кризистер мамлекеттин каржылоосунда

Кененирээк окуу