Метка: тарых

1873-1876-ЖЫЛДАРДАГЫ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШ. ПОЛОТ ХАН

Буга чейинки чаржайыт толкундоолордон айырмаланган нукура элдик көтөрүлүш 1873-ж. жазында башталган. Ал кыймыл үч жылга созулуп, Кокон хандыгынын жоюлушуна алып келген. Фергана тургундарынын 1873-1876-жж. бул зор кыймылы тарыхта элдик кыймыл, Кокон көтөрулүшү, Полот хандын көтөрүлүшү деген аттар менен белгилүү. Бул

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КАЛЫПТАНЫШЫ

Кыргыз элинин түзүлүшү байыркы орто кылымдардагы Саян-Алтай, Чыгыш Түркстан, Тенир-Тоодогу этностук процесстер менен тыгыз байланышта өткөн. Бул процесс кеминде эле беш кылымга созулуп, XVI к. аяктаган. Орто Азиядагы бул процесс түрк тилиндеги тектеш — өзбек, казак, түркмөн, каракалпак ж. б.

Кененирээк окуу

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШТАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эн маанилүү окуя болгон. Республиканын эгемендүүлүккө жетиши, СССРдин коомдук-саясий системасынын кординалдуу реформаланышы менен шартталган. Эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстанда биринчи кезекте мамлекеттик түзүлүштү, республиканын ички жана тышкы саясаттарын аныктоо керек эле. Бул үчүн адегенде Кыргыз

Кененирээк окуу

«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕ ӨНӨР ЖАЙДЫН ӨНҮГҮШҮ (1964-1985-жж.)

1965-ж. өлкөдө эл чарбасын реформалоо башталган. Бул реформа анын активдүүдемилгечиси СССР Миңистрлер Советинин төрагасы А. Н. Косыгиндин атынан косыгиндик реформа делип аталып калган, Реформа боюнча Н. С. Хрущев тарабынан уюштурулган Эл чарба Советтери жоюлуп, тармактык миңистрликтер калыбына келтирилген. Реформага ылайык ишканалардын иштерине

Кененирээк окуу

1916-ЖЫЛДАГЫ УЛУТТУК-БОШТОНДУК КӨТӨРҮЛҮШ. ҮРКҮН.

Түркстанды орусташтыруу колониялык-улутчул саясаттын негизи катары XX к. башында мурдагыдан да күч алган. Буга 1911-ж. 31-октябрындагы чөлкөмдүн генерал-губернаторунун областтык аскер губернаторлорго: «Жергиликтуу эл бизди келечектеги орус дыйкандарынын ишин жасай турган материал катары кызыктырат, ошондуктан аларга бүт орустарды сыйлоону канына сиңдирүу

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧАБЫШТАРЫ (XVIII к. ортосу XIX кк. ортосуна чейин)

1760-ж. башында Орто жүз казактарынын султандары кыргыздарга жортуул уюштуруп, көп олжолуу болушкан. Буга жооп кылып 1764-ж. кыргыз феодалдары Улуу жана Кичи жүз казактарынын Иле өрөөнүндөгү урууларына үч жолу бүлгүн салган. Ошол эле жылы Орто жүздүк султандар Чүй этегиндеги жана Талас

Кененирээк окуу

МУХАММЕД КЫРГЫЗДЫН (ТАГАЙ БИЙДИН) КЫРГЫЗДАРДЫ БИРИКТИРИШИ

ХV-ХIХ кк. кыргыздар өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн күрөшүн уланткан. Ошол мезгилде Орто Азияда, Моголстанда жана Казакстанда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. XV к. тартып, Ала-Тоонун аймагы Кыргызстан катары туруктуу саясий-мамлекеттик аталышка ээ боло баштаган. Ушул мезгилден баштап кыргыздардын уруу

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ТАРЫХКА БОЛГОН КЫЗЫГУУСУНУН ЖОГОРУЛАШЫ

Эгемендүүлүктүн шартында коомду демократиялаштыруунун тереңдешинин натыйжасында Кыргызстан элинде өткөн тарыхка болгон кызыгуу артты. Коомду демократташтыруу тарыхый жана маданий мурастарга болгон терең кызыгууну ойготту. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына даярдыктын алкагында 1994-жылдын 22-24-сентябрында Бишкекте «Кыргыздар, байыркы жана орто кылымдардагы Борбордук Азиядагы этногенетикалык жана

Кененирээк окуу

ЭРКИН КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ САЯСАТЫ

Кыргызстан саясий көз карандысыздыкка жеткени менен экономикалык жактан башка мамлекеттерге көз каранды бойдон калган эле. Анткени республиканын өнөр жайы Союздун эл чарбасынын бирдиктүү комплексинде негизинен чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды өндүрүүгө адистештирилип келген. Даяр продукциялар болсо өлкөнүн башка региондорунда чыгарылып,

Кененирээк окуу

1964-1985-жж. КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЧАРБАСЫ

Кыргызстандагы 60-жж. экинчи, 80-жж. биринчи жарымындагы айыл чарбасы жөнүндөгү сөздү КПСС БКнын март (1965-ж.) Пленумунан баштаганыбыз туура. Анткени бул пленумда «СССРдин. айыл чарбасын андан ары өнүктурүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө» токтом кабыл алынган. Айыл чарбасын көтөрүүнүн комплекстүү программасын турмушка ашыруу үчүн

Кененирээк окуу