Метка: эпосу

АЛП КАРА КУШ

АЛП КАРА КУШ — оң каармандарга колдоо көрсөтүүчү сыйкырдуу, абдан зор куш, бүркүттүн мифтештирилген кейпи. Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында кездешүүчү А. к. к., ажыдаардын туруктуу колдоочулар болушун байыркы мезгилге байланыштуу кароо керек. А. П. Окладников түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк чыгармаларында бүркүттүн

Кененирээк окуу

АЛП

АЛП — эң зор, алибеттүү, күчтүү адам, дөө, ашкере кажырдуу баатыр. А. элдик эпикалык чыгармаларда баатырлардын туруктуу эпитети жана мифтик каармандардын (дөөлөрдүн) энчилүү атынын курамында (Чоюн алп, Кутан алп) колдонулат. Бул сөз байыркы түрк элдеринин Орхон-Енисей жазууларында кадимки эле адамдардын

Кененирээк окуу

АЛООКЕ

АЛООКЕ — каарман, кытайдын башкы кандарынын бири, Коңурбайдын атасы А. эпостун «Манас» бөлүмүндө гана жолугат. Саякбай Каралаевдин вариантында А. менен Молтонун кыргыздарды чаап алуусун баяндаган окуяда А-нин баскынчылык ролу баса көрсөтүлгөн. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча бул окуя өзүнчө эпизод катары

Кененирээк окуу

АЛМАН

АЛМАН — салык, алым. А. өткөн заманда бийлик ээлери тарабынан шашылыш кырдаалга, зарылчылыкка байланыштуу элден чогултулган. «Манас» эпосунда душманды жеңүүгө жумшалчу чыгым жана согуштук куралжаракты даярдоого, ири курулуш иштерин жүргүзүүгө кеткен каражат А. катары элден жыйналган. Мисалы, Манастын күмбөзүн курууда:

Кененирээк окуу

АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ ЖАНА КҮМБӨЗҮ

АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ (кабырканасы)— Ат-Башынын Чеч-Дөбө деген жериндеги эски моло дөбө. Эл оозунда мындай деп айтылат: «Манас Чоң казатта чоролорун Шыпшайдардын огуна учурганда, Алмамбет дагы мерт болот. Ошондо Алмамбеттин сөөгүн Саралага артып, ай талаада карга-кузгун, ит-кушка жем болбосун деп жөнөтүп жиберет.

Кененирээк окуу

«АЛМАМБЕТТИН ЖОМОГУ»

«АЛМАМБЕТТИН ЖОМОГУ» — «Манастын» сюжетине чертилген элдик күү. Бээжинге бараткан жолдо Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө Тал-Чокуда отуруп, Манас дүрбү салып кытайдын элин көрүп таң калганда Алмамбет кытайдын жайын айтат. Мурун билбейм деп койгон Алмамбетке Манас таарыныч кылганда, анан Алмамбет

Кененирээк окуу

«АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ»

1) Манасчы Арзы Турду уулунун (КЭР) айтуусундагы «Манастан» үзүндү. Кызыл-Суу кыргыз автоном областтык адабият көркөм өнөр бирикмеси түзүп бастырган, «Кашкар гезити» басмаканасынан чыгуучу «Керме- Тоо» аттуу журналда (1987, № 3) жарыяланган. Көлөмү —293 сап ыр. Алмамбеттин окуясынын жалпы сюжеттик сызыгы

Кененирээк окуу

АКЫЛБЕК

АКЫЛБЕК (болжол менен 1840-жылдары туулган — өлгөн жылы белгисиз) — эл арасында ысмы кеңири тараган манасчы. Колдо болгон маалыматтарга караганда А. эң таланттуу инсан экен. А-тин өтө таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт. Маселен, манасчы Сагымбай Орозбак

Кененирээк окуу

АКДӨӨ

АКДӨӨ — мифологиялык кейипкер. «Манас» эпосунда, ошондой эле кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында салттык кейипкер катары көп кездешет. А. кейипкердин энчилүү аты катары да колдонула берет. Көпчүлүк чыгармаларда А. Карадөөнүн карама-каршысында, ак санатай дөө катары мүнөздөлөт. «Манаста» эргежээл, итаалы элинин дөөсү

Кененирээк окуу

АЙБАНБОЗ

1) Манастын аяк улоо катарында ич-арага мине турган аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Чоң казатта А-ду Манас чалгындын жолун талашып чырдашкан Алмамбет менен Чубакты жараштырууга артынан барганда минет. Ошол боюнча ал жерде калган Манас чалгындап барып, жылкы тийген Алмамбет, Чубак,

Кененирээк окуу