Метка: эпосу

АГЫШ

АГЫШ — эпизоддук кейипкер, Жеткир бийдин уулу, Кыястын атасы. А. Көкөтөйдүн ашында кытай балбаны «түктүү таман Түкүбайды» жыгып элге намыс алып берген каарман катары белгилүү. Башка каармандардан «Чыканактай эр Агыш, Бүткөн бою тарамыш» (Саякбай Каралаев, 2. 26), чакан боюна жык

Кененирээк окуу

АКЫРЕТТИК ЖАР

АКЫРЕТТИК ЖАР, кыяматтык жар — диний ишенимдерде эркек адамдын өлгөндөн кийин «чыныгы» дүйнөдө (тиги дүйнөдө) алуучу аялы, жары. Баатырлык үйлөнүү темасынын салттык сюжети белгилүү даражада Манас менен Кыз Сайкалдын жекеме-жеке кармашуусунда сакталган. Экөөнүн жекеме-жеке кармашуусу эпостун негизги варианттарынын бардыгында айтылат.

Кененирээк окуу

АККУЛА

АККУЛА, Каккула, Ак сур ат — эпостун бардык варианттарында Манастын жанга өлчөлүү негизги тулпары. Байыркы жоокерчилик салттын талабын чагылдыруусуна ылайык А-нын эпикалык биографиясы, өзүнө мүнөздүү сын- сыпаты, энчилүү ысымы (кличка), баатырга эш өзгөчөлүктөрү бар. Манас да башка эпикалык каармандардай эле

Кененирээк окуу

АЙ ТУТУЛУУ

АЙ ТУТУЛУУ — Ай толук бойдон же жарым-жартылай жердин көлөкөсүнө кирип калган кездеги көрүнүш. Айдын тутулушу элдик ишеним боюнча жамандыктын белгиси. Бул «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас дүйнөдөн кайтканда «калайык ыйлап, кан ыйлап, калың журттун баары

Кененирээк окуу

АГЫДАЙ

АГЫДАЙ — кырк чоронун бири, далычы. Кырк чоронун катарында дайыма саналып, «Агыдай далы көрүүчү, ашкере айтып берүүчү» (Сагымбай Орозбаков, 3. 49) делип сүрөттөлөт. Кээ бир эпизоддордо Манас жортуулга чыгарда ага атайы далы ачтырып, иштин кандай аяктарынан алдын ала кабардар болот,

Кененирээк окуу

АКЫН

АКЫН — кыргыз, казак элдеринде көргөндөрүн жана коомдук турмуштан баамдап байкагандарын эч даярдыксыз ыр менен шыдыр баяндоого жөндөмдүү таланттуу адам, көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү, «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. «Акын» термининин теги жөнүндө филология илиминде эки көз караш бар. Б. В.

Кененирээк окуу

АККЕЛТЕ

АККЕЛТЕ — Манастын мылтыгы. Манас баатырдын А-ге ээ болушу ар кайсы варианттарда ар түрдүүчө берилген: «Алачтан келген Аккелте» (Радлов жазып алган вариант), «Айкожо берген Аккелте» (Сагымбай Орозбаковдун варианты), «Бакай энчилеп берген Аккелте» (Саякбай Каралаевдин варианты). Манастын негизги куралдарынын бири катары

Кененирээк окуу

«АЙКӨЛ МАНАС»

«АЙКӨЛ МАНАС» — ыр менен жазылган эки бөлүмдүү эпикалык драма-трагедия. «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде белгилүү драматург Ж. Садыков жазган. Драма 1990-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган. Спектаклди режиссёр Б. Ибраев сахнага алып чыккан, жасалгалаган сүрөтчүлөр М. Сыдыкбаев, М. Искаков,

Кененирээк окуу

АБЫКЕ

АБЫКЕ — Жакыптын кичи аялынан төрөлгөн алты уулунун бири. Эпостун биринчи, экинчи бөлүмдөрүнүн бардык варианттарында катышат. А. иниси Көбөш менен бирдикте Манаска каршы иш жүргүзөт. Айрым учурда Көбөшкө караганда ак көңүл, абийирдүү адам катары көрсөтүлгөнү менен басымдуу учурда Көбөштүн жетегинен

Кененирээк окуу

АКЫЛ-ЭС

АКЫЛ-ЭС — адамдын түшүнүү, ой-жүгүртүү, таанып билүү жөндөмдүүлүгү. Таанып-билүү жөндөмдүүлүгүнүн мүнөздөмөсү катары А.-э. «Манас» эпосунда философиялык, психологиялык, тарыхый жана башкалар жагдайларда чагылдырылып жана адамдардын ойлоо аракеттерине, эй жүгүртүү өрүшүнө байланыштуу көрүнөт. Муну «Манас» эпосунун энциклопедиялык өзгөчөлүгү, башкача айтканда эпосто элдин

Кененирээк окуу