Метка: өнөрчүлүк

КЫРГАК

КЫРГАК — Кооз буюмдардын бир түрү. Бул шөкүлөнүн, такыяны, элечектин эң сырткы кырчоосу. Азем буюм-тайымдар ушул кыргагы менен көрктүү көрүнөт. Алар ар кыл эндүүлүктө, ар кандай кездемелерден кооз саймаланып жана кештеленип да жасалат. Кымбат баалуу металлдар менен чөгөрүлүп да кармалат.

Кененирээк окуу

«КЫЛЫЧ БАЙЛОО»

«КЫЛЫЧ БАЙЛОО» — Түймөчүлүктүн бир түрү. Муну негизинен Тоң, Ат-Башы, Нарын аймагындагылар арбын кармашат. Аны көбүнчө боз үйдүн тегиричи, сайма жабык башынын жээгине тартат. Мында ар бири алты талдан жипти үчтөн кайчылаштырып байлайт. Анын «өрмө чачысы» бар. Мында да алты

Кененирээк окуу

КҮМҮШ ЖАЛАТУУ

КҮМҮШ ЖАЛАТУУ (ширетүү) — Зергерликтин бир ыкмасы. Бул — күмүштү иштетүүнүн жөнөкөй, бирок негизги түрү. Адегенде күмүштү жашытуу зарыл. Бул үчүн зергерлер күмүштү темир бетине чабуудан мурун аны отко кармап, улам тап менен жашытып, үлбүрчөктөй жукартат. Ансыз ал талаптагыдай чыңалбайт.

Кененирээк окуу

КҮМҮШ БАЛКА

«Балкасы менен зер чапкан, Бармагы менен мал тапкан» (макал). Бул — зергерлердин аспабы. Муну менен күмүштү темир бетине чабат, жашытылган күмүштү сомдойт жана ийет. Анын сабы сыйда, кармоого эптүү, күмүштү чабууга элпек, жеңил болуп, түспөлү ар кандай көрүнөт. Эки тарабы

Кененирээк окуу

КҮЖҮ

«Күжү күйгүзгөн, күмүштү күлгүзгөн» (Макал). Бул — көрүктүн отту, чокту, үйлөп чоктонтуп туруучу бөлүгү. Колго сагыздай ийленген чопо топуракка майда кыркылган кылтак жүн аралаштырып, кудум куйма калыптай ийине келтирип, «күжү» жасалат. Түсү бышкан кирпичтей күжүгө тигил ноктолонгон эки ачакейдин тумшугу

Кененирээк окуу

КҮДӨРҮ КАЙЫШ

«Чын күдөрү болсун деп, балбандарга тарттырган» (эл ыры). Бул — колдо иштетилген кол булгаарынын бир түрү. Айрым чеберлер толгоп тар’ тып, керип чоюп, талкууга коюп да ийлешкен. Иштетүүгө ийкемдүү кайыш. Илгери сыйрылган теринин түгүн дароо кырып, чийкилей да ийлешкен. Ийи

Кененирээк окуу

КҮБӨК

«Эңкейсең эрке чайпалган, Күбөгүңдү сагындым» (Аалы). Бул — зер буюму. Күбөктүн узундугу 80 см болот. Мунун эки өрүм чачка тагыла турган эки бөлүктөн зер шөкөттөрү бар. Анын ар биринде аралары мончоктолгон тоголок күмүш чыйрак жиптерден турган чаян түйүштөрү тизмектешет. Конус

Кененирээк окуу

КҮЗҮК

КҮЗҮК — килем токууда жана өрмөк согууда улам аркак өткөрүлгөн сайын үстүңкү — эркек жиптеринин ар биринин арасы менен астыңкы — ургаачы жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу бөлүгү. Килемде эриш жип бүт бойдон жүгүртүлүп бүтүп өрмөктүн эриш жиби жүгүртүлүп

Кененирээк окуу

КҮЗГҮ КАП

КҮЗГҮ КАП — Кыз-келиндердин өздүк буюмдары салынуучу баштык. Ага: атыр, күзгү, самын, шуру, эндик өңдүүлөр кирет. Күзгү каптагы көркөм көчөттөр туш кийизден айырмаланат. Күзгү каптын капкагы, этеги «тор чачык» жана «топ чачык» менен чачыланат. «Кылыч байлоо» менен кооздолот. Үстүнкү кулакчаны

Кененирээк окуу

КӨН БУЮМДАРЫ

КӨН БУЮМДАРЫ — Бодонун терисинен колдо иштетилген булгаары. Андан салттуу буюмдар: жагдан, чыны кап, ат жабдыктары: жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, тердик (кичим) жасалат. Кепич, мөкү, маасы, көк жеке өңдүү бут кийимдер тигилет. Эңдейлене жана каттала тигилип, ал күмүш, жез, мис,

Кененирээк окуу