Метка: өнөрчүлүк

ЖАМБЫ

«Алты миң жамбы, миң кундуз, Алым алып турганы» («Манас»). Бул — элдик зергерчиликте колдонулуучу уютулган накта күмүш. Жамбы илгери соода- сатыкта ар кандай салмакта уютулуп, кадимки акча катары наркка өткөн. Ал «тай туяк жамбы», «бөйрөк жамбы», «төө көз жамбы», «уй

Кененирээк окуу

БАРАҢ

БАРАҢ — «Балдары бараң аткан жер, Баракатта жаткан жер» (Токтогул). Бул — оозунан дүрмөттөлгөн, найы узун сайлуу, шыйрактуу мылтык, усталардын колунан чыккан кыргыз мылтыгы. Шыйрак коюлуп, сай чыгарылат. Мунун илгери «алма баш», «көк жал», «тыргоот», «ак бараң», «чаар бараң», «алты

Кененирээк окуу

КЕПТАКЫЯ

«Калем тарткан сыядай, Кашынды бирпас ырдайын, Кеп такыя жарашкан, Башыңды бирпас ырдайын» (Эл ыры). Бул — ургаачылардын баш кийими. Ал башка ылайыкталып, элечектин четинен этеги чыгып калбагыдай бийиктикте ак жердиктен шырылып жасалат. Аялдар мойну талыганда элечегин алып, жеңил-желпи кеп такыясы

Кененирээк окуу

ЗЕРГЕР

«Эл кадырын эл билет, зер кадырын зергер билет» (макал). Бул — алтын-күмүш устасы. Түрдүү түстүү металлдардан (алтын, күмүш, мельхиор, нейзильбер жез, мис, датчалабас, болот) кыз-келиндердин азем буюмдары: шакек, билерик, сөйкө, желбирөөч, иймек, Сөздүн төркүнү зер жасалгалары жөнүндө бара жатат. «Кулактары

Кененирээк окуу

ЖАЗДЫК

«Куш жаздыкта жазданып, Кыбыланы баштанып» (эл ыры). Бул — сайма аркылуу бүткөн жүк буюму. Сайма өнөрүнүн жүзүн ачуучу жаздык (балыш) башка жаздалат. Жүктүн үстүнө же өзүнчө катар жыйылат. Сайма жана курак аркылуу бүткөн мунун кичинекейин (30×45 см), «балыш» узун келип,

Кененирээк окуу

АЯК КАП

АЯК КАП — Кийизден жасалган ашкана буюму. Буга жыгач идиш-аяктарды сакташат. Ал көчмөңдүү турмушта кенен керектелип, боз үйдүн эпчи тарабына керегеге эки кулакчасынан илинген. Мунун жөнөкөй түрү жалаң кийизден турат. Коозу кадимки оюмдун четине көбүнчө аккарадан «араа тиш», «бадам оюму»,

Кененирээк окуу

КЕМСЕЛ

«Кыздарын кызыл кийгизип, Кызыл кымкап этегин, Кыйгачтап жерге тийгизип» («Манас»). Бул — адими калың кездемеден, таардан тышы, жука кездемеден ичи бар элдик кийим. Муну бешмант, күрмө деп да коет. Ал тизеге дейре бычылып, жеңи узун да, чолок да болот. Мунун

Кененирээк окуу

ЖЫЛААН БООР ӨРҮМҮ

«Чокусунда чогу бар, өзөгүнүн ичинде, сомдоп койгон огу бар» («Манас») Бул — камчы өрүмдүн негизги түрү. Буга көбүнчө жыйырма төрт тал көктү тилип, ич ара алмаштырат. Акыйкатта, татаал өрүмдү жүзөгө ашырууда өрүмчүнүн ашкере кылдаттыгы айкындалат. Жылан боор өрүмү биринин кооздугун

Кененирээк окуу

ЖАГДАН

«Баштык-үштүк, жагдандын, Чечилип баары чачылды» (К. Жантөшев). Бул — көн буюмдарынын бир түрү. Теричилик менен зерчиликтин күчү менен көз уялта кооздолуучу буга кымбат баалуу буюмдар, адими жана кийим- кечектер салынат. Жагдан жүктүн астына коюлат. «Кырмалуу жагдан кырк килем, Кыргыздын жайын мен

Кененирээк окуу

АЯК

АЯК (кесе) — «Кер аякка куйгандан, Керилтип кымыз сунгандан» (Жеңижок). Бул — кырма идиштеринин бир түрү. Ичи иштүү, тегерек идиш. Аяк арчадан да, кара жыгачтан да, талдан да, теректен да, кайыңдан да, акчечектен да, жемиш бактарынан (өрүктөн, жаңгактан) жана башкалардан

Кененирээк окуу