Метка: өнөрчүлүк

«ЖӨРГӨМ ӨРҮМ»

«ЖӨРГӨМ ӨРҮМ»— (уй мурун өрүм). Бул уйдун таноосуна окшоштугунан ушундай аталат. Төрт-төрттөн төрт кыр болуп түшөт. Өрүмдө өзөктү чыңай керет. Аны бир-эки күн коюп, өзөктү катырып алып, өрүшүбүз зарыл. Эгер көгүбүз узун болсо «түшкүнүн» өзү менен кошо тилип бекитет. Эгер

Кененирээк окуу

БОЗ ҮЙДҮ ТИГҮҮ

Элибизде үйдү тигүүнүн да өзүнчө жол-жобосу сакталган. Үйдү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалат. Үйдү сууга жакын, жол тарапты беттеп, шамалга каршы келбегендей түз жайга тиккен. Илгери үйдүн эшигин чыгышты каратышкан. Жайдын күнүндө бир нече үй бир короо айыл болуп

Кененирээк окуу

АРАБЫ КИЛЕМ

АРАБЫ КИЛЕМ — килемдин бир түрү. Ал түксүз килем деп аталат. Чеберлер жүл (түк) килемдей эле муну да арбын токууда. Бул түктүү килемден токулуш ыкмасы жагынан кескин айырмаланат. Буга жүн абдан аз чыгымдалып, жиптен таштанды чыкпайт. Таар сымал согулуп, килемдикиндей

Кененирээк окуу

КИЙИТ

КИЙИТ — Эки куда катташкан убактарда кийилүүчү кийим. Илгертен келе жаткан сый. Кызын берип жаткан кишилерге ыраазылык билдирүү, алардын көңүлүн алуу, жөн эле жарашпаган бир майда-чүйдө кийим-кече Менен эмес, алардын бойлоруна чак, купулуна толорлук кийим тигилген. Ырас, кыздын ата-энеси да жооп

Кененирээк окуу

«КАЛМАК ӨРҮШ»

«КАЛМАК ӨРҮШ» — жөнөкөй өрүмдүн эң эски ыкмаларынын бири. Ага он эки көктүн үстү-астына бирден тал «аркак» болуп түшүп отурат да, бир кыр чыгат. Мында «куюшкандын кошундусуна» чеберлер жыйырма төрт тал тилет. Анын кандай жупталып кеткени жиксиз болот. Өрүмдө тал

Кененирээк окуу

ЖОШО

«Боз үй тиктик жасалгасы келишкен, Жыгачтарын жошо менен сырдаган» (эл ыры). Бул — көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Жыгаччылыктын боегу. Ал кызгылт, күрөң, же кочкул кызыл түстүү топурак, чопо кейиптенген минерал зат. Чеберлер көбүнчө боз үйдүн уук-керегесин, түндүгүн, босого-таягын, каалгасын, үкөктү,

Кененирээк окуу

БОЗ ҮЙ

«Төрт колдоп уук улаган, Дөбөдөн үйүн сынаган. Берметке шуру кынаган, Белгиси жакшы байбиче, Белестен үйүн сынаган» (Калык). Бул — кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү. Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал

Кененирээк окуу

АЛАЧЫК

АЛАЧЫК — «Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги» (макал). Боз үйдүн бир түрү, жупуну тигилиши. Анда кереге жайылбай, уукту жерге сайып, үзүгү жабылат. Муну «сайма алачык» деп да айтат. Боз үйдүн кичинеси бул алачык түндүк менен ууктан турат. Тактап айтканда,

Кененирээк окуу

КИЙИЗ

«Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку» (Макал). Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн уютулган жердик. Боз үйдүн жабуусунун, шырдактын, жабык баштын, ала кийиздин, кементайдын, калпактын, өрө кийиз, ала кийиз, шырдак (шырдамал, оймо теке) жана башка буюм-тайымдардын кийизи болуп бөлүнөт. Кийиз

Кененирээк окуу

КААЛГА

КААЛГА— (боз үйдүн каалгасы) — Үй жыгачынын бир бөлүгү. Бул топтоосуз, мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн турган тактайча. Түндүк босого менен бут босогодогу тегерек чуңкурчага каалганын баш-аяккы эки-үч элидей уурчугу өзү эле элпек кирип,

Кененирээк окуу