Метка: өнөрчүлүк

УУК, УУК БОО, УУК УЧТУК

УУК — «Ууктарын нылдаган, Каалга менен босого, Канча түрдөп сырдаган» («Манас») уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см, эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук

Кененирээк окуу

УЗ, УЗЧУЛУК

«Карасам тиктеп алыстан, Калпагы окшош тоосуна. Кандай уз тикти болду экен, Карегим түштү коозуна» (Байдылда). Бул — көбүнчө аялдардын көркөм буюмду жаратуучу чебери, кылдаты. Ага оймочу, саймачы, түймөчү, чырмакчы, бычмачы, токуучу, өрмөкчү жана башка элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын толук

Кененирээк окуу

ТҮНДҮК ЖАБУУ

ТҮНДҮК ЖАБУУ — Боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2×2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле «жээктелет». Анан төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт. Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик

Кененирээк окуу

ТҮНДҮК

«Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган» бул — боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан

Кененирээк окуу

ТҮЙМӨ

ТҮЙМӨ — боелгон түркүн жүн жиптен жасалган чачы, кооздук. Түймө (чачык өнөрү) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Чачык — боелгон жүн жиптен жасалган буюмдар. Мунун «чаян түйүш», «кылыч байлоо», «өрмө чачы», «түймө чачы», «төкмө чачы», «иймек чачы», «илмек

Кененирээк окуу

ТҮЗГҮНДӨӨ

ТҮЗГҮНДӨӨ — камчы өрүмүнүн учун бекитүү. Майда өрүмдүн учун жанып кетпегендей түйүү. Өрүмчүлөр өрүм бүтө жаздап калганда өзүнчө ичке көк тилип алып, өзөктү шибеге менен көзөп, андан өткөрүп, көктүн эки учун теңдеп туруп, көк илме чалма (ычкыр-ичкур) чалынат. Ал чалмадан

Кененирээк окуу

ТУШАМЫШ (ЧИДЕР)

ТУШАМЫШ (чидер) — Ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаа отко коюлганда алыс кетпес үчүн атайын анын алдыңкы эки бутун (кишен, тушоо) же алдыңкы эки жана арткы бир бутун белгилүү узундукка байлап коюучу ат жабдыгынын бир түрү. Тушамын алгач жердиктен (кайыш, жип,

Кененирээк окуу

ТУУРДУК

ТУУРДУК — Боз үйдүн өрө кийизинин бир бөлүгү. Туурдуктун этек жагы жазы келип, ууктун билегине чейин жабуучу баш жагы кууш болот. Анткени, боз үй керегеден өткөндөн кийин улам жогорулаган сайын кууш болот. Ал — үйдүн кереге жабдуусу. Мунун узундугу 1,80—2

Кененирээк окуу

ТОРЧОЛОО

ТОРЧОЛОО (тордоо) — чыйратылган күмүш зымды асем нускалоо. Бул — зергерчиликтин бир ыкмасы. Мында зым түрдүү жоондукта чыйратылат. Ал улам ичкертилип, чыйратылган сайын чеберчилик да артылып жүрүп отурат. Илгерки зергердин зым тарткычтарынан айырмаланып, бирок, түспөлү ага окшошуп, атайын заводдон жасалган

Кененирээк окуу

ТОГУЗ КОРГООЛ

ТОГУЗ КОРГООЛ (тогуз кумалак) — Элдик оюндарды жүзөгө ашыруу үчүн жасалган жыгач буюму. Азыр улуттук мааниде кеңири ойнолуп жатат, муну кыруу, оюу, жонуу чеберчилиги устанын бөтөнчөлүгүн туюндурат. Ал — эки тарабында кылдат оюлган бирдей тогуздан сегиз чуңкуру (үйү, уясы), ортосунда

Кененирээк окуу