Метка: өнөрчүлүк

ТЕРДИК

«Атка тердик салдырып, Ак каңкы ээр алдырып» («Манас»), «Булгаары тердик, муз желдик, Бурчтарын чеге жылдыздап» (Казыбек). Ал—ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ээрди астына, ичмектин үстүнө салынуучу, унаанын жонун ээрге бастырбай, каптал жыгачтарынын жонго түшүүчү басымын жумшактоо үчүн колдонулуучу токум. Токулушу боюнча

Кененирээк окуу

ТӨӨНӨГҮЧ

ТӨӨНӨГҮЧ — Төшкө тагылуучу кыз-келиндердин азем буюму. Төөнөгүч ар кандай формада жасалат. Ага зергерчиликтин ыкмаларынын бардык түрлөрүн пайдаланууга болот. Зергерлер мүнөздүү узанууда мындай бир ыкма бар. Алгач төөнөгүчтү күмүш зымдан жөнөкөй эшип, чыйрак чыйратып, дөшүгө салып, балка аркылуу жалпактайт. Анын

Кененирээк окуу

ТЕМИР КОМУЗ КУТУСУ

ТЕМИР КОМУЗ КУТУСУ — жыгач буюмдарынын бир түрү. Ал — үндүү аспапты катуучу жатак. Темир комуздун түспөлүндөй жыгачтын ичин ал баткандай оюп, тили баткандай жана аны сактагандай тешикти шибеге-шиш аркылуу чыгарып, үстүн капкактайт. Демек, темир комуздун жатагы жана капкактын эки

Кененирээк окуу

ТЕГИРМЕН

«Ун чыгарып тегирмен, Упадай ак нан жедирген». (Мидин). Бул — таш буюмдарынын көрүнүктүүсү. Эгинден ун-талкан тартат. Суу барасы аркылуу чуркап турган тегерек кош таштан орнотулган дүкөн. Аны чуркатыш үчүн чеберлер ташын, темирин жана жыгачын тандайт да, оңтойлуу жайын даярдоосу зарыл.

Кененирээк окуу

ТЕГИРИЧ

«Тегерете карады, Тегиричи кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы «тумарча көчөтүн» анын ортосуна «кыял көчөтүн» салуу зарыл. Муну «мүйүз кыял» десек да болот.

Кененирээк окуу

ТЕБЕТЕЙ

«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк

Кененирээк окуу

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР — Бүгүн таш кесүүчү аспап-куралдарга Таш кескич кирет. Анын башына алмаз бекитилет да, ал «таш кесүүчү дүкөн» деп аталат. Балка негизги аспаптардан болот да, берки балкалардан кичине салмактуураак. Сабы кыскараак келет. Азыр цех техника аркылуу иштейт. Таш

Кененирээк окуу

ТАШ ЧЕГҮҮЧҮЛҮК

ТАШ ЧЕГҮҮЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Таш — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги, өндүрүшкө пайдаланылып жаткан каптоочу жана атайын жасалгалоочу таштардын кени табылууда. Алардын негиздүүлөрү мрамор жана гранит болуп саналат. Таш кендерибиз — элдик көркөм кол

Кененирээк окуу

ТАЛКУУ

ТАЛКУУ — терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир

Кененирээк окуу

ТАКТА

Үй эмеректеринин бири. Бул боз үйдө жүк жыюуга ылайыкталган, жыгачтан жасалган текче. Ага кыска бут жасалат. (50 см дей.) Узуну жүктөгү жууркандын бир кертиминдей болот. Көчмөн турмушта боз үйдөгү жууркан- төшөктү таза кармоого жана тыкандап жыюуга шартташкан. 2) Сабаа тактанын

Кененирээк окуу