Метка: өнөрчүлүк

МАРЖАН

«Тал чыбыктай боюңду, Таза баккын ыргалып, Тамагыңдын тагына, Маржан таккын ыргалып» (Барпы). Бул — зергерчиликте бир чети асемдик буюм катары колдонулуп, жипке тизилип, мончоктой эле моюнга тагылган шурунун бир түрү. Шурудан жасалган кооздук. Ал желбирөөч (моюнга тагылуучу көркөм тумарча), жаак

Кененирээк окуу

МАЛАКАЙ

«Малакайы алтындан, Бардашы журттан артылган» («Манас»), Бул — элдик баш кийимдин бир түрү. Көбүнчө карыялар кийишкен. Уктаарда кийип жатканда башты жылуу сактаган. Ал өңдөлгөн (бордолгон), ышкын түпкө, анарга жана башка өсүмдүктөргө боёлгон түктүү териден аңтара тигилет. Малакайдын көрпөдөн бир-эки элидей

Кененирээк окуу

ӨТҮК

ӨТҮК (кете, мөкү, көк жеке) — сыйда бут кийим. Кош оймолуу, көк жалдуу, булгаары өтүк, миз таман. «Өкчөсү карыш «көк жеке» Оймо така ичинде, Алтындан кылган жылаажын. Кош коңгуроо жеке сан. Козголсо үнү шыңгырап», («Манас»). («Манас» жана «Семетей» эпосторунда көк

Кененирээк окуу

ӨРМӨК СОГУУЧУЛУК, ӨРМӨКЧҮЛҮК

ӨРМӨК СОГУУЧУЛУК (өрмөкчүлүк) — Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бул — өрмөк аркылуу ийрилген жиптен турмуш-тиричиликке ылайыкташкан ар кандай буюмдарды жасоо ыкмасы. Албетте, мал чарбачылыктуу кыргыздын көркөм өнөрүндө чыйратылган жиптен түрдөнтүп таар согуп, андан буюм жасоо аракеттери да укмуштай

Кененирээк окуу

ӨРМӨК

ӨРМӨК — ийрилген жүн жип менен көркөм өнөрдү жүзөгө ашыруучу кол дүкөн (Шайман). Өрмөктү курууга эки киши керек. Төрт чарчы жерге төрт казык кагылат да, ал боюнча бир адам жипти илип, жүгүрүп өтүп турат. Экинчиси, бир жерде отуруп, ар бир

Кененирээк окуу

КЫРГАК

КЫРГАК — Кооз буюмдардын бир түрү. Бул шөкүлөнүн, такыяны, элечектин эң сырткы кырчоосу. Азем буюм-тайымдар ушул кыргагы менен көрктүү көрүнөт. Алар ар кыл эндүүлүктө, ар кандай кездемелерден кооз саймаланып жана кештеленип да жасалат. Кымбат баалуу металлдар менен чөгөрүлүп да кармалат.

Кененирээк окуу

«КЫЛЫЧ БАЙЛОО»

«КЫЛЫЧ БАЙЛОО» — Түймөчүлүктүн бир түрү. Муну негизинен Тоң, Ат-Башы, Нарын аймагындагылар арбын кармашат. Аны көбүнчө боз үйдүн тегиричи, сайма жабык башынын жээгине тартат. Мында ар бири алты талдан жипти үчтөн кайчылаштырып байлайт. Анын «өрмө чачысы» бар. Мында да алты

Кененирээк окуу

КҮМҮШ ЖАЛАТУУ

КҮМҮШ ЖАЛАТУУ (ширетүү) — Зергерликтин бир ыкмасы. Бул — күмүштү иштетүүнүн жөнөкөй, бирок негизги түрү. Адегенде күмүштү жашытуу зарыл. Бул үчүн зергерлер күмүштү темир бетине чабуудан мурун аны отко кармап, улам тап менен жашытып, үлбүрчөктөй жукартат. Ансыз ал талаптагыдай чыңалбайт.

Кененирээк окуу

КҮМҮШ БАЛКА

«Балкасы менен зер чапкан, Бармагы менен мал тапкан» (макал). Бул — зергерлердин аспабы. Муну менен күмүштү темир бетине чабат, жашытылган күмүштү сомдойт жана ийет. Анын сабы сыйда, кармоого эптүү, күмүштү чабууга элпек, жеңил болуп, түспөлү ар кандай көрүнөт. Эки тарабы

Кененирээк окуу

КЫРМАЧЫЛЫК

КЫРМАЧЫЛЫК — Бул — челек, аяк, чөйчөк, табак, сузгу, кашык өңдүү ашкана идиштерди кырып жасоочулук жана кооздоочулук. Мында абалы жасалуучу буюмдун, же идиштин көлөмүнө жана ыңгайына карата жыгачы тандалат. Аларды жөнөкөй сомдошко керки менен балта керектелет. Идиш-аякты жасоодогу кол дүкөнү

Кененирээк окуу