АВТОНОМИЯ
АВТОНОМИЯ (гр. аvtonomia – көз каранды эместик) – Конституцияда бекитилген мамлекеттин кайсы бир бөлүгүнүн өз алдынча башкаруу боюнча укугу. Иш жүзүндө А. тили, үрп-адаты жана экономикалык турмушунун өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган элдердин топтолушуп жашаган аймактарында түзүлөт. А. дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар.
Кененирээк окуу